Суроо: Коомдо этика катары эмнелерге көңүл
бурушубуз керек?
ЖООП
Мусулман адам адептүү, этикалуу, назик, жумшак,
жарык жүздүү болуусу керек, сылык мамилесиз сүйлөбөө керек! Адеп – жакшы
тарбия, жакшы мамиле, жакшы мүнөз, уяттуулук, назиктик дегенди билдирет. Адеп –
бул эч бир ууру уурдай албай турчу керемет кооздук болуп эсептелет. Адеп – бул
адам менен айбанды айырмалап турган өзгөчөлүк болуп саналат.
Хазрети Умар: "Адеп илимден мурда
келет”, - деп айтты. Ибни Мубарек хазреттери болсо: "Ар
илимди билген бир аалымдын адебинде кемчилик болсо аны менен көрүшпөө жоготуу
болбойт. Бирок, адептүү бир адам менен көрүшпөй кала турган болсом кайгырамын”, -
деп айткан.
Адептүү адамдардын этикаларынын кээ
бирлери мына булар:
Көчөдө:
Көчөгө түкүрүү, таштанды ыргытуу, өткөн-кеткенге
кедерги болуу, жийиркеничтүү нерселерди таштоо этикасыздык болот. Кары адам,
аял киши жана оорулуу адамдарга дайыма орун берүү керек. Жардамга муктаждыктары
болсо жардамчы болуу керек.
Басып бара жатканда:
Өтө жай же өтө тез жана текеберленип баспоо керек!
Курани каримде: "Мактанып баспа”,- деп буюрулду. (Локман 18)
Жолдо улуу бир зат же бир аалым менен бирге баскан
адам анын алдынан же сол жагынан эмес оң жагынан басат.
Коомдук ташуучу унааларда:
Унаага кирип жатканда же түшүп жатканда жөөлөшүү,
кезек болгон жерде кезекти күтпөө өтө жаман көрүнүш. Жаштар карыларга жана
оорулууларга орун берет. Пайгамбарыбыз: "Улууларын урматтабаган
бизден эмес”, - деп буюрууда. (Тирмизи)
Бүгүнкү күндө кээ бир жаштар орун бербөө үчүн калп
эле уктап калгансып көрүнүшөт же кулагына наушник тыгып алып тескери карап кете
берет. Ата-бабаларга татыктуу урпак болууга аракет кылуу керек.
Соода кылганы барганда:
Уруксат албастан сатуучунун товарына тийүүгө
болбойт. Товардын көрүнүшү, сапатын буза тургандай кылып кармалаган болбойт.
Баасы тууралуу көп ашыкча тырышуунун кереги жок. Алса да албаса да рахмат айтуу
керек. Сатуучу өз кардарынын ыраазы боло турганындай кыймыл аракет, мамиле
көрсөтөт. Товарын албагандарга ачууланбайт, таарынбайт, алардын артынан жаман
сөз айтпайт. Соода-сатыкта эки тарап тең бири-бирин алдоодон узак турат.
Адам көп болгон жерлерде:
Той, жаназа жана майрамдарда дагы да кичи пейил
жана жумшак болуу керек. Жерге жана мезгилге карата ылайык кыймыл аракет кылуу
керек. Жаназада жаназа ээсинин кайгысын тең бөлүшөт, материалдык же моралдык
жардам көрсөтүлөт, сабыр айтып, көңүлүн соорото турчу мамиле көрсөтүлөт.
Жакындарын жоготкондорго андан да жакын мамиле кылынат.
Той жана майрамдарда кадимкиден дагы көбүрөөк
жарык маанайлуу болуп, көңүлдүү, назик, сыйчыл мамиле кылуу, улуу-кичүүлөргө
ылайык белек берүү, көңүлүн алуу бул этикалардын арасына кирет. Этикада колу
жана тили менен башкаларды таарынтпоо негиз болуп саналат.
Кошуналыкта:
Ынтымактуу мамиле, жардамдашуу, дарт жана
кубанычтарына орток болуу, ар көргөн сайын саламдашуу, ал-ахвалын суроо,
бири-биринен өтүнүч болсо мүмкүнчүлүк барынча камсыз кылуу маанилүү этикалык
эрежелерден болот. Ызы-чуу, таштанды, кир, жийиркенте турчу жыт жана буга
окшогон нерселер менен кошунанын тынчын алуу эч качан жагымдуу боло албайт.
Кошуна аял жана бала-чакаларга өзгөчө урмат жана мээрим көрсөтүү керек.
Конокто:
Конокко даам таттыруу керек! Пайгамбарыбыз: "Аллахка
жана кыямат күнүнө ишенген адам коногуна даам таттырсын”, - деп
буюрду. (Бухари)
Конокко даам таттырып, ага карата жарык маанай
жана таттуу тилде сүйлөшүү керек. Тамак үчүн ашыкча бушайманчылыкка кирбөө
керек, колдо даяр эмне бар болсо ошону тартуулоо керек. Пайгамбарыбыз: "Конок
үчүн бушаймандыкка кирбегиле, конок буга ыңгайсызданат. Коногун таарынткан адам
Аллаху тааланы таарынткан болот”, - деп буюрду. (Ибни Лал)
Хазрети Али: "Достордун жаманы сен үчүн
ашыкча бушаймандыкка кирген, сени кечирим суроого мажбур кылган адам”, - деп
айтууда.
Конок адамдан кызмат күтпөө керек!
Пайгамбарыбыз: "Коноктон кызмат күтүү акылдын кемдигинин белгиси”, -
деген. (Дайлами)
Достордон бири айтып берген: "Бир апта бою
үйүбүздө конок болгон жакын досума: "Аялым бир жумуш менен сыртка чыккан
эле. Мен намазымды окуп алганга чейин сиздин аялыңыз дасторкон даярдап жиберсе
өтө жакшы болор эле”, - дедим. Кийин бул айткан сөзүмө өтө таарынгандыгын билип
калдым. Бул алсыз тажрыйбам коноктон кызмат күтүүнүн туура болбой тургандыгын
көрсөтүүдө.”
Конок үй ээси көрсөткөн жерге отурушу керек, ага
каршы чыкпашы керек. Пайгамбарыбыз: "Бир достун жанына барганда ал
жерден кеткенге чейин ал дос сенин амириң болот”, - деп айткан. (Ибни
Адий)
Оорулууну зыярат кылганда:
Зыяратка жаңы кийим менен эмес дайыма кийип жүргөн
кийим менен баруу керек! Баратканда жемиш же гүл сыяктуу белек ала баруу жакшы
болот. Оорулууну карабай оңду-солду кароо же алды жакты кароо орунсуз болуу
менен бирге бир гана оорулуу адамдын бетине карап отуруу дагы орунсуз. Оорулуу
адамдын жанында кабакты асып турбоо керек, жакшы нерселер тууралуу кеп кылып,
сакайып кетүүсү үчүн дуба кылуу керек!
Окуу жайда:
Илимге өтө маани берген мусулман адам илим бешиги
болгон мектеп университеттердеги этика тууралуу өтө дыкат болушкан. Өтө баалуу
адам болгон мугалимдин сөзү көңүл коюп угулат жана бир суранычы болсо
"Жарайт агай же эжей” деп сөздөрүнө жооп берилет. Окуучулар арасында
бири-бирине урматсыздык кылынбайт. Орой мамиле кылынбайт. Доска, парта, карта
сыяктуу окуу материалдарына зыян келтирилбейт. Эч бир адамдын дене жана рухий
кемчиликтерин мазактабайт, кемсинтилбейт. Сабактан сырткары жана сабак маалында
мугалим менен сүйлөшүүдө урмат мамиле сакталат. Динибизде мугалим [устаз] акысы эне-атанын акысынан мурда келет.
Телефондо:
Телефон чалган адам каршы тараптагы адам телефонду
көтөргөндө алгач өзүн таанытуусу керек, сөздү минуттар бою создуктурбастан
кыска жана нуска бүтүрүү керек! Назиктик менен сүйлөп, жаргондорду сөзгө
аралаштырып жагымсыз сүйлөбөөсү керек. Кээ бир жерге чалып "баланча адам
менен байланыштыра аласызбы” деген кезде ал жердеги кызматчы "трубканы
койбоңуз” деп буйрук иретинде жооп кайтаргандын ордуна "жарайт, күтө
турууңузду өтүнөм” ж.б., деген сыяктуу назик жооп кайтарса жакшы болмок.
Сүйлөшүп жатканда:
Сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүү адепсиздик
болот. Хадиси шарифте: "Досу сүйлөп жатканда унчукпоо адамкерчиликтен”, -
деп буюрулду.
Кат жазууда:
Кат кыска жана нуска болуусу керек. Улууларга жана
илим ээси болгон адамдарга кат жазууда дагы да адептүү болуу керек.
Үйгө кирип жатканда:
Үйүбүзгө Бисмиллах айтып, Ихлас сүрөөсүн окуу
менен киришибиз керек! Оң бут менен ичкери кирип салам берүүбүз керек! Ар бир
ишти Бисмиллах менен баштоону көнүмүш адатка айлантуу керек!
Башка бир адамдын үйүнө кирип жатканда уруксат
суроо керек. Эшиктин коңгуроосун басып же тыкылдатып же үн катып уруксат суроо
керек! Уруксат үч жолу болот. Биринчисинде үн чыкпаса бир мүнөтчөлүк, экинчи
жолу үн чыкпаса үчүнчү жолу коңгуроону басуу керек. Дагы эле үн чыкпаса төрт
рекет намаз окуй турганчалык убакыт күткөндөн кийин кетүү керек! Эшиктин
артынан жооп келгенде алгач өзүн таанытуу керек.