Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Этика » Коноктун милдеттери




Коноктун милдеттери


Суроо: Конок үй ээси менен кандай мамиледе болуусу керек?

ЖООП

Конок адамдын сактоосу керек болгон адептердин кээ бирлери мына булар:

1- Чакырганда кеч калбоосу керек, эрте дагы барбоосу керек. Бара жатканда бираз тамак жеп баруусу сүннөт. Бир гана тамак үчүн эмес үй ээсинин ыраазылыгы үчүн баргандыгы белгилүү болушу керек!

2- Конок оңду-солду каранбоосу керек, ыңгайсыздык туудуруудан сактануусу керек. Үй ээсинин уруксатысыз башка конокко бир нерсе тартуулабашы керек! Үй ээси көрсөткөн жерге отуруп, уруксатсыз нафил орозо кармабоосу керек жана үй ээси сунуштабастан имам болбоосу керек! Хадиси шарифтерде мындайча буюрулган:

"Конок, үйдүн башкы төрүнө отурбасын!” [Муслим]

"Конок үй ээсинен уруксатсыз [нафил] орозо кармабасын жана көрсөтүлгөн жерге отурсун! Себеби, үй ээси үйүндөгү эрежени эң жакшы билген адам.” [Ибни Асакир]

"Конок болгон адам үй ээсине имам болбосун!” [Тирмизи]

3- Дасторконго адеп менен отуруп, бул адебин акырына чейин сактоого аракет кылуусу керек! Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам” жердеги дасторконго кээде тизелеп, кээде оң бутун бүгүп сол бутунун үстүнө отуруп мындай деп айтчу:

"Тамак жеп жатканда жатпайм! Мен Аллахтын кулумун, кул кандай жесе ошондой жеп, ошондой отурам.” [Бухари]

Тамак жеп жатканда жамбаштап жатуу күнөө эмес. Башка адамдардын жанында эч себепсиз жамбаштап жатуу адепке каршы болот.

4- Келген тамактан кемчилик издебөөсү керек. Бир кемчилиги болсо дагы аны айтпоосу керек. Мисалы, тамактын тузу көп же кем болсо, же болбосо, тамак жакпаган болсо бир нерсе дебеши керек, жактырбагандыгын эч билдирбөөсү керек! Хадиси шарифте айтылган:

"Коноктун келген тамакты жактырбоосу ага жамандык катары жеткиликтүү.” [Ибни Эбиддунйа]

5- Конок каалаган нерселерин сурабашы керек, келген нерсеге канааттануусу керек, "Тиги барбы, бу барбы” деп белгилүү бир тамакты сурабоосу керек! Эгер үй ээси бир нече тамактын атын атап "Кайсынысын бышырайын?” деп сураса кыйынчылыкка киргизип жиберүүдөн узак болуп дайыма жеңил, арзан, кыйынчылыксыз болгонун тандоосу керек! Пайгамбарыбыз тандоого коюлган эки нерседен дайыма жеңил болгонун тандачу. (Бухари)

Ата-бабабыз: "Конок күткөнүн эмес тапканын жейт”, - деп айтышкан. Нанга урмат кажет. Нанга урмат кылуу ага кошумча издебегендик болуп саналат. Адамды кармап турган, ибадат кылууга мүмкүнчүлүк берген тамак береке, аны жактырбоо туура болбойт. Бир гана нан менен уксус берилсе аны төмөн карабоо керек! Хадиси шарифте айтылды:

"Бир үйдө нанга кошумча катары уксус бар болсо бул үй жакыр болуп эсептелбейт.” [Тирмизи]

6- Үй ээсине же ошол жердеги адамдарга жакпай турчу кыймыл-аракет кылбоо керек, жийиркенте турчу сөз жана кыймыл-аракеттен алыс болуу керек.

7- Диний ишеними, саясый ой-пикири түрдүү болсо да үй-ээсин жана ошол жердегилерди таарынта турчу сөз сүйлөбөө керек.

8- Конок керектүү деңгээлде тамак бере албаган болсо да жакшы көңүл менен, ыраазылыгын билдирүү менен кетүүсү керек! Мисалы: "Абдан ыраазы болдук, Аллах ыраазы болсун, дасторконуңарга береке, үйүңөрдө орозо кармагандар ифтар жесин, тамагыңарды дайыма жакшы адамдар жесин!” – деген сыяктуу дуба кылуусу сүннөт. (Тирмизи)

Пайгамбарыбыз өзү үй ээсине эң жакшы дуба кылып, мусулмандарга да: "Үй ээсине береке менен дуба кылгыла”, - деп буюрчу. (Байхаки)

Ушундайча аз көрүнгөн бир жакшылыкты кичине көрбөө көркөм ахлактын белгиси болуп саналат. Хадиси шарифте айтылган:

"Момун көркөм ахлакы менен күндүзүн орозо менен, түндү ибадат менен өткөргөндөрдүн даражасына көтөрүлөт.” [Тирмизи]

9- Үй ээсинин уруксатысыз же кабарысыз үйдөн чыгып кетпөөсү керек! Пайгамбарыбыз минтип кабарсыз кетип калууну эч ылайык көрчү эмес. Кетип бара жатканда да үй ээсине дуба кылуу керек.

Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Аллахка тапшырдык дебестен үйдөн чыгып кеткен конок ууру болуп кирип, тоноочу болуп чыккан болот.” [И.Газали]

10- Түнөө менен барган конок үй ээсине оордук кылбаш үчүн зарылдык болбосо үч күндөн артык калбоого, жүк болбоого аракет кылуусу керек!

Эгер үй ээси чын көңүлдөн кал дей турган болсо андан артык калууга болот.

Хадиси шарифте мындайча айтылган:

"Конок үч күн. Артыгы садага. Коноктун үй ээсин кыстай турганчалык көпкө калуусу халал эмес.” [Бухари]

Суроо: Конок болгон үйдө жерге бир нерсе төгүлсө өзүбүз тазаласак орундуу болобу?

ЖООП

Үй ээси "үй тазалыгын жактырбады, үйүмдү тазалап жатат” деп жүрөгүнө жакын ала турган болуп ыңгайсыз абалда калышы мүмкүн. Эгер үй ээси таарынбай турган болсо, уялып калбай турган болсо андан уруксат алып тазалоого болот.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш