Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Бала тарбиясында биринчи шарт




Бала тарбиясында биринчи шарт


Суроо: Эки балабыз бар. Бири кыз, бири эркек. Балакат жашка киришти. Бирок, акыркы эки жылда өтө өзгөрүштү, тез ачуулана турган болушту, насыят кабыл кылышпайт, жооп кайтарып, жада калса бизди опузалаганга чейин барышат. Күйөөм менен бирге бала тарбиясы тууралуу китептерди окудук, булар балакат жашта боло турчу кадимки көрүнүштөр экен, сүйүү мээрим менен балага жакындап, алар менен дос болуу керек экен. Муну дагы колдонуп көрдүк, бирок, өзгөргөн эч нерсе жок. Сиздин кеңешиңиз барбы?

ЖООП

Диагноз туура коюлбаса аны эмдөө жаңылыш болуу менен бирге натыйжа дагы бербейт. Бир бала балакатка киргенде мукаллаф болот, б.а., динибиздин буйруктарына жана тыюу салган нерселерине жоопкер болот. Ыймандын шарттарын, б.а., Амантуну мааниси менен билип айтуусу, Исламдын беш шартына ишенүүсү, керек болгон нерсени аткаруусу фарз болот. Гусул алуусу, даарат алуусу, намаз окуусу фарз болот. Эне-аталар жана жаштар буга көңүл бөлүшпөсө күнөөгө кирүү менен бирге тынчтык дагы таба алышпайт.

Балакат жаштагы жаштардын кыйын маселелеринин негизги себеби балким ыймандарынын жок болушу, бар болсо гусул албоолорунан жана намаз окубоолорунан келип чыгат. Бала балакатка киргенде буларды билбесе, ишенбесе, жактырбаса муртад болот. Буга себеп болгон эне-ата дагы муртад болот.

Жаңы мусулман болгон адам же акыл-балакатка жеткен баланын алгач Калимаи шахадат айтуусу жана мунун маанисин үйрөнүп, ишенүүсү керек. Мындан кийин Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде жазылган итикад (ишеним), б.а., ыйман келтирилиши керек болгон маалыматтарды үйрөнүп, буларга ынануусу керек.

Кийин Ахли сүннөттүн төрт мазхабынан биринин китептеринде жазылган фыкх маалыматтарын, б.а., Исламдын беш шартын жана халал, харам болгон нерселерди үйрөнүүсү жана буларга ишенип, буларга ылайык жашоосу керек. Буга ишенбеген, маани бербеген адам муртад болот. Б.а., калимаи шахадат келтирип мусулман болгондон кийин кайрадан капыр болот.

Никелүү мусулман кыз балакатка киргенде Мусулмандыкты билбесе никеси бузулат. Б.а., муртад болот. Аллаху тааланын сыпаттарын ага үйрөтүү керек. Ал болсо аны кайталап, "буларга ишендим” деши керек. (Дурр-ул-мухтар)

Ибни Абидин хазреттери муну түшүндүрүүдө мындай дейт:

Кыз кичине кезинде эне-атасына баш ийген абалда мусулман болуп саналат. Балакатка жеткенде эне-атасынын динине баш ийүүсү уланбайт. Исламиятты билбестен балакатка кирсе муртад болот. Ыйман келтирилиши зарыл болгон нерселерди укса дагы ынанбаган адам калимаи шахадат айтса, б.а., "Ла илаха иллаллах Мухаммадун расулуллах” десе мусулман болбойт. Амантуда болгон алты негизге ынанган жана "Аллаху тааланын буйруктарынын жана тыйууларынын бардыгын кабыл кылдым, жактырдым” деген адам мусулман болот.

Ар бир мусулман балдарына Амантуну жаттатып, маанисин жакшылап үйрөтүүсү керек! Бала бул алты негизди үйрөнбөсө жана ишенгендигин айтпаса балакатка киргенде мусулман болбойт, муртад болот.

Бир гана Аллахка ишендим деп айтуу жетиштүү эмес. Амантуда билдирилген алты негизден бирин, мисалы, тагдырды кабылдабаган адам капыр болот, бардык жакшы амалдары жок болот. (Радд-ул Мухтар)

Ар бир мусулмандын биринчи милдети - баласына Исламиятты жана Курани каримди үйрөтүүсү. Бала жакшылыгынын кадыры билинбесе колдон чыгат. Ошондуктан, педагогика [бала тарбиясы] динибизде өтө баалуу илим болуп саналат. Ислам динине каршы болгондор бул маанилүү жерди түшүнүшкөндүктөн "Биринчи максатыбыз жаштардын колго алынуусу жана алардын динсиз болуп жетилүүлөрү” дешүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш