Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Унутчаактык жана чарасы




Унутчаактык жана чарасы


Суроо: Унутчаактыкка эмнелер себеп болот?

Жооп

Унутчаактыкка себеп болгон көп нерсе бар. Айрымдары төмөндөгүдөй:

Күнөө кылуу. "Күнөөсү көп болгон адамдын унутчаактыгы көп болот”, - деп билдирилген. Багымдат намазынын убактысында уктап жатуу, дүнүйөлүк нерселерге көп кайгылануу, дүнүйөлүк нерселер менен көп алектенүү, туздуу эт жеш, тамакты ысык жеп-ичүү, көп тамашалашуу, көрүстөндө күлүү, мазар таштарын окуу, туалетте даарат алуу, көп убакытка жунуп бойдон жүрүү, колдорун кийимине аарчуу, мечитке сол буту менен кирүү, аврат жерлерин кароо, көп ачка болуп жүрүү, көп ток болуп жүрүү, иштеринин тартипсиз болуусу, жаман жыттуу нерселерди жеш, баңгизат колдонуу, кычкыл алма жеш унутчаактыкка себеп болот.

Зээнди ача турган жана унутчаактыкты кетире турган нерселер:

Сельдерей, мейиз, зире жеш, койдун сүтүн ичүү, башты розанын майы менен майлоо, бадам жеш, миск менен гвоздика колдонуу, зире унун жыттоо, бал жеш.

Хаиси шарифтерде айтылды:

"Хажамат акылды арттырат, эсти күчтүү кубаттандырат.” [Хаким]

"Эсти кубаттандыруу үчүн бал жегиле!” [М. Насихат]

"Ашкабак мээни азыктандырат, акылды арттырат.” [Дайлами, И. Мунави]

Унутчаак болбоо үчүн күнөө кылбоо керек. Дайыма Аллаху тааланы эстеп жүрүү керек, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга салават айтуу керек. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылды:

"Айта турган нерсесин унутуп койгон адам аны эстөө үчүн мага салат-у салам келтирсин!” [Ибни Сунни]

Унутуп койбоо үчүн

Суроо: Бир нерсени унутуп койбой эстөө үчүн саатты оң колго такса эч нерсе болбойбу?

Жооп

Эч нерсе болбойт, тескерисинче, жакшы болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам дагы бир нерсени унутуп койбоо үчүн бармак же шакегине жип байлап алганы тууралуу хадиси шарифтерде билдирилген. (Хаким)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш