Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Үйлөнө турчу кыздарга кеңештер




Үйлөнө турчу кыздарга кеңештер


Экектер үчүн да, аялдар үчүн да өмүр бою ынтымакта жашоо үчүн чыдамдуу жана сабырдуу болуу керек. Ата-бабаларыбыз бекеринен "Мээнетсиз жакшылык болбойт” деп айтышкан эмес.

Ынтымакта, жакшы карым-катнашта жашоо үчүн кыйынчылыктарга чыдап, "меники туура” дебеш керек, бул ынтымаксыздыкка жол ачат.

Тажрыйбалуу мусулман бир эненин кылымдар мурда кызына айткан мындай насааты бар:

«Кызым, туулуп өскөн, жылдар бою ичинде жашаган бир уядан чыгып, чоочун жерге барасың, сен али табият-мүнөзүн жакшы биле элек бир адам менен жашайсың.

Сен ага жер бол, ал сага асман болсун.

Сен ага үй бол, ал үйдүн тиреги болсун.

Сен ага күң бол, ал сага кул болсун.

Сүйүүсүн азайтпооң үчүн ага кыйынчылык тарттырба.

Сени унутпоосу үчүн андан узак калба!

Сенден башкасын көрбөөсү үчүн, сенден башканын жытын албоосу үчүн анын көзүн, кулагын, мурдун жакшы коргооң керек, сенден дайыма жакшы нерселерди уксун.

Үйүңдө отур, үй жана кол ишмердигиң менен алек бол!

Тамак-аш, кийим-кечеден эмне алып келип берсе ага канаат кыл, тиги-муну алалбайбыз деп эч качан даттанба!

Күйөө акысын өз акыңан мурда көр!

Күйөөңдүн туугандарынын акысын да алдыда карма!

Тартип жана тазалыкка дыкат бол!

Коңшулар менен ынтымактуу мамиледе бол, алардан келе турчу кыйынчылыктарга сабыр кыл!

Айрыкча, кошуналар арасында сөз ташыба! Ушак-айыңдан алыс бол! Намаздарыңды маалы кирер замат оку!»

Суроо: Жаңы күйөөгө чыккан кызыма кандай насаат айтсам болот?

Жооп: Төмөндөгү кат тажрыйбалуу бир эненин кызына жазган насыятынан алынды:

«Кызым: Азыр сага кырк жылдык үй-бүлөлүк тажрыйбама таянып кээ бир насааттарымды айтамын. Буларды сактай турган болсоң дүнүйөдө бактылуу өмүр сүргөндөй эле акыретте дагы түбөлүк бакытка жетесиң.

1- Канаатчыл бол! Күйөөң алып келген тамак-аш, кийим-кече, бардык нерсени ыраазычылык менен кабылда! Себеби, канаат көңүлдү тынчтыкка бөлөйт.

2- Сага айтылган нерселерди дайыма жакшы тыңдап, күйөөңө баш ий!

3- Үйүң жана бардык нерсең таза, тартиптүү, иреттүү болсун!

4- Жолдошуңдун тамактануу жана уйку саатына дыкат болууң керек! Себеби, ачкалык кишинин мүнөзүн бузат, уйкусуздук болсо ачуулантат.

5- Үйүңдүн мал-оокатын жакшы корго! Кылган ишиңди, жакшылыктарыңды колко кылба! Жакшылыкка карата кылынган жакшылык тез унутулат, бирок, жамандыкка карата кылынган жакшылык унутулбайт.

6- Күйөөңдүн жакындарына карата жакшы мамиледе бол! Күйөөңдүн каталарын ал жалгыз кезде жумшак түрдө айт!

7- Күйөөңдүн сырларын эч кимге айтпа! Аял менен күйөөнүн сырлары кабырга бирге көмүлүүсү керек.

8- Жолдошуңдун кайгы-кубанычын тең бөлүш! Ага бардык жагынан жакшы өмүрлүк дос бол! Жалгандык – уяны ичтен бузган курт.

9- Ортоңордогу маселелерди өзүңөр чечкиле! Буларды бизге жана башкаларга ташып баруудан сактан! Эч кимден медет күтпө.

10- Күйөөңөн алууда кыйналып кала турчу, күчү жетпей турчу нерселерди талап кылба!

11- Аялдын жакшы мүнөздүүсү – жолдошуна Бейиш ниматы. Сен күйөөңө Бейиш бол. Азап тарттырба!

12- Буларды орундай алууң анын каалоолорун өз каалоолоруңа, анын ыраазылыгын өз арзууңа тандооң менен мүмкүн болмокчу. Дайыма өз каалоолоруңду алдыңкы планга чыгара турган болсоң бул насааттарымды сактооң мүмкүн болбойт.

13- Беш маал намазыңды шарттарына ылайык түрдө окубай турган болсоң бул ансыз деле жамандык катары күйөөңө да, балдарыңа да жетет. Беш маал намаздын туура болуусу үчүн гусул-даарат дагы туура алынуусу керек. Булардын дагы пайдасын көрүүң үчүн итикадың (ишенимиң) туура болуусу керек. Туура ишеним – ахли сүннөт ишеними. Баарынан мурда буларды үйрөнгүлө жана орундагыла. Эгер булар силерде бар болсо калган бардык нерсе убагы менен түзөлөт.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш