Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Үйлөнүү жана тагдыр




Үйлөнүү жана тагдыр


Суроо: Мен кызымды динин билген жакшы мусулман адам менен үйлөндүргүм келет, бирок, бирөө мага: «Аллах анын маңдайына ичкилик ичкен жаман бирөөнү жазган болсо сен өзгөртө албайсың. Сенин айыңан кыз үйдө отуруп калат, күнөөгө кирбе, ким менен үйлөнсө үйлөнсүн, жөн кой! Кыздын үйлөнүүсүнө тоскоол болбо» - деди. Бул жерде тоскоол болуу күнөөбү же тоскоол болбоо күнөөбү?

ЖООП

Аны айткандар тагдыр тууралуу билбегендиктен жаңылыш сөз сүйлөөдө. Тагдыр ар кимдин өз ирадасы (каалоосу) менен эмне кыла тургандыгын, ким менен үйлөнө тургандыгын Аллаху тааланын эзели илими менен билүүсү дегенди билдирет. Биз ким менен үйлөнүүгө чечим чыгарган болсок ал биздин тагдырыбыз болот. Аллаху таала боло турчу бардык нерсени билгендиги үчүн биздин эмне кыла тургандыгыбызды дагы билет. Б.а., тагдыр Аллаху тааланын эзели илими менен өз ирадабыз менен кыла турган иштерибизди билүүсү болуп саналат, муну кыйнап кылдыруусу эмес. Аллах эч кимдин маңдайына «Жаман адам менен үйлөнсүн» деп жазбайт. Биз өз ирадабыз менен ичкилик ичкен адам менен үйлөнүүгө чечим чыгарган болсок муну жазат. Кызыбыздын жакшы адамга турмушка чыгуусуна аракет кылбасак, жаман адам менен үйлөнүүсүнө көз жума турган болсок күнөө болот. Кийин туруп «Тагдыры ушундай экен» деп айтуу жаңылыш болот. Ирадаи жузиййаны колдонуп жакшылык жаратылуусун каалаган адам соопко, жамандык жаратылуусун каалаган адам күнөөгө кирген болот. Күнөө иш кылган адам жазасын, сооп иш кылган адам анын сыйлыгын көрөт. Кызын жакшы адам менен үйлөндүргөн дагы соопко, жаман адам менен үйлөндүргөн болсо күнөөгө кирет.

«Төөңдү бекем байла, андан кийин тобокел кыл!» деген хадиси шариф көрсөткөндөй төөнү байлабастан бош коюп Аллахка аманат кылуу туура эмес. Биз дагы кызыбыздын жакшы бирөөнө турмушка чыгуусу үчүн алдын алуубуз керек. Ошондо гана акыретте жоопкер болбойбуз. Жаман адам менен үйлөнүүсүнө ыраазы болуп, күнөөнү тагдырга жүктөө туура эмес. Жаман менен үйлөнүүсүнө дагы, жакшы менен үйлөнүүсүнө дагы өзүбүз себеп болуудабыз. Мас абалда машина менен кырсыкка учурап, «тагдыр ушул экен» деп айтуусу туура эмес экендиги сыяктуу жаман адам менен үйлөнүп, күнөөнү тагдырга жүктөө туура эмес болот.

Суроо: Бир мусулман ата кызын үйлөндүрө турчу кезде эмнелерге көңүл буруусу керек, алдыңкы планга эмнени кармоосу керек?

ЖООП

Кызын ала турчу эркектин салих мусулман болуусуна, Ахли сүннөт ишениминде болуусуна, намаз окуусуна, ичкилик ичпөөсүнө, б.а., Исламиятка баш ийүүсүнө жана нафака таап келе ала тургандай иш ээси болгондугуна көңүл буруусу керек. Кызын мындай эркек менен үйлөндүрбөгөн адам аны жамандыкка түрткөн, Жаханнамга ыргыткан болот.

Хадиси шарифте айтылган:

«Кызын фасык эркек менен үйлөндүргөн адамга күн сайын миң лаанат түшөт, анын ибадаттары жана дубасы кабыл болбойт, фарз жана нафили кабыл кылынган болбойт.» [Шир’а шархы]

[Фасык – ачыктан ачык күнөө иш кылган адам дегенди билдирет. Мисалы, намаз окубаган, тасаттурга маани бербеген фасык болуп саналат.]

«Кызын же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирин ичкилик ичкен адамга берген адам аны отко ыргыткан болот.» [Дайлами]

«Күнөөкөр эркек менен үйлөнүүгө ыраазы болгон аял киши кабырынан туруп жатканда маңдайында «Аллахтын мээриминен үмүтүн үзгөн» деген жазуу болот.» . Жинан]

«Кызын үйлөнтүү аны колдон чыгаруу болуп саналат. Андай болсо, кызыңарды үйлөндүрүүдө каерге берип жаткандыгыңарга көнүл бөлгүлө!» [Байхаки]

«Кызын фасыкка берген адам Аллаху тааланын аманатына кыянат кылган болот. Аманатка кыянат кылган адамдын бара турчу жери - Жаханнам» [С.Абадиййа]
«Кызын фасыкка берген малун.» [С.Абадиййа]

«Шафаатыма жеткиси келген адам кызын фасыкка бербесин!» [Шир’а]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш