Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Эне-атага кызмат




Эне-атага кызмат


Суроо: Эне-атанын биздеги акылары, аларга кызмат кылуунун мааниси тууралуу маалымат бересизби? 

ЖООП

Ыймандан кийинки биринчи вазыйпабыз – эне-атанын көңүлүн оорутпоо. Алар канчалык жаман болсо дагы бардык нерсенин үстүндө акылары бар. Алардын көңүлүн ооруткан адамдын ибадаты кабыл болбойт. Мусулман болуп туулуубузга жана мусулман болуп чоңойуубузга себепчи болгон эне-атабыздын көңүлүн оорутсак Жаннатка кирүүнү ойлой алабызбы? Мусулман эне-атабыз бизден ыраазы болмоюнча Аллаху тааланын сүйүктүү кулу болуубуз өтө кыйын. Жакшылык кылып, алардын ыраазылыгын алууга аракет кылуу керек!

Аллаху таала: «Эне-атага жакшылык кылгыла», - деп буюрууда. (Ниса 36, Энам 151, Анкебут 8)

Хадиси шарифтерде дагы буюрулду: 

«Эне-атасына кызмат кылгандын өмүрү берекелүү жана узун болот. Аларга каршы чыккандын, аси болгондун өмүрү берекесиз жана кыска болот.» [Эййухел велед Илм.]

«Эне-атасы жанында карыса дагы [алардын ыраазылыгын алалбайЖаннатты таба албагандын мурду сүртүлсүн.» [Тирмизи]

"Жихад фисебилиллах [Аллах жолундабир гана кылыч шилтөө эмесЭне-атаны же балдарын кароо дагы жихад. Айрыкча, бирөөнө муктаж болбоо үчүн эмгектенүү дагы жихад.» [Дайлами]

Эне-атанын жүзүн кабакты бүркөп карабоо керек, мээрим жана сүйүү менен кароо керек!

Хадиси шарифтерде айтылууда:

«Эне-атанын жүзүн мээрим менен караганга кабыл болгон бир ажылык сообу жазылат.» [И.Рафии]

«Жанында алуучу менен сатуучунун арасында турган кулдай болуп турбаган адам атасынын акысын өтөй албайт.» [И. Газали]

Баланын эне-атасына сүйүү менен кароосу үчүн кабыл кылынган бир ажылык сообу билдирилгенде ошол жердегилер «Күндө миң жолу ушинтип караса дагы ушул соопко жетеби?» - деп сурашканда Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Күндө жүз миң жолу караса да», - деп буюрду. (Шир’а)

Олуялардын улууларынан бири нафил ажылыкка баруу үчүн жолго чыгат. Ортодо Багдадга кайрылат. Ал жерде Абу Хазым-ы Мекки хазреттерин зыярат кылууга барат. Ошол маалда уктап жаткан эле. Бираз күттү. Ойгонор замат мындай деп айтты:

- Азыр Расулуллах алейхиссаламды түшүмдө көрдүм. Мага сен тууралуу «Энесинин акысына көз салсын, бул ажылык кылуудан да жакшы» деген кабарын жеткирүүмдү буюрду. Ушундан кийин ажыга бараткан зат артка кайра кайтып, өмүрү боюнча энесине кызмат кылып, дубасына ээ болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш