Ислам дини » Олуялар » Фани болуу




Фани болуу


Суроо: Фани болуу деген эмне?

ЖООП

Фана – фани болуу, жок болуу дегендик. Өзүндө эч бир барлык көрбөөсү, жок болгон заттын буйругун, каалоосун өзүнө тандоосу дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, «Мен жокму, бир гана ал бар» дей алуу жана ушуга карата жашай алуу.

Фана-фил-ихван: Туура жолдогу момун боордошторунда фани болуу. Аларды өтө сүйөт. Ар нерседе аларды өзүнө тандайт, малын-жанын андан аябайт. Материалдык муктаждыгы болгондо өз муктаждыгын эч ойлонбостон жардам кылат. Кечирим тилегенде өзүнүкү туура болсо да кечиримин кабыл кылат. Аларга карата опаалуу болот, кемчилиги бар деп таштап кетпейт, эч кандай бир пайда же кызмат күтпөйт, тескерисинче, аларга кызмат кылуу үчүн достук курат. Дин боордошторунда фани болбостон фана-фиш-шейхке жете албайт.

Фана-фиш-шейх: Адамдын динин үйрөнгөн устазын сүйүп, анда фани болуусу. Бул үчүн ар нерседе арзуу жана каалоолоруна моюн сунуусу, ирадасын, каалоосун анын колуна таштоосу, өлүк жууган адамдын колундагы өлүү сыяктуу болуусу, акылына кайчы келсе дагы ага каршылык кылбоосу керек. Бул болбостон фана-фир-расулга жете албайт.

Фана-фир-расул: Расулуллахты өтө сүйүү жана анда фани болуу. Малынан жана жанынан да көп сүйүүсү керек. Бул сүйүүнүн белгиси – сүннөттөрдү орундап, макрухтардан сактануу. Бир момун булардын баарына моюн сунгандан кийин мубахтарда дагы Ага канчалык баш ийсе ошончолук даражада камил жана жетик мусулман болот. Аллаху таалага ошончолук жакын, башкача айтканда, сүйүктүү болот. Бул болбостон фана-филлах макамына жетүүгө болбойт.

Фана-филлах: Аллаху тааланы бардык нерседен, жанынан, малынан көп сүйүү, көңүлдөн масиваны, башкача айтканда, Аллаху тааладан башка бардык нерсени чыгаруу, арзуусу бир гана Аллаху тааланын ыраазылыгын табуу болуусу. Көңүлдөн масива чыкканда ал жерге марифатуллах кирет, өмүр бою көңүлү Аллаху тааладан башка нерселерди эстөөнү кааласа дагы эстей албайт.

Бака-биллах: Аллаху тааланын кулун сүйүүсү.

Фана-йы калб: Жаратылгандардын барлыгын, сүйүүсүн көңүлдөн чыгаруу, көңүлдүн Аллаху тааладан башка эч бир нерсени билбөөсү жана сүйбөөсү, унутуусу.

Фана-йы нафс: Адамдын өзүнө жана башкаларына байлануусунун калбоосу, мендигин унутуп, таштоосу, башкача айтканда, Аллаху тааладан башка эч бир нерсени сүйбөөсү.

Имам Раббани хазреттери мындай деп буюрган:

Камил жана мукаммил [жетилген жана жетилдире алган] бир зат колго тийсе бүткүл арзууларды, каалоолорду анын колуна таштоо керек, өлүк жууган кишинин колундагы, танашир тактайынын үстүндө жаткан өлүү сыяктуу болуу керек. Алгач фана-фиш-шейх. Бул кийин фана-филлах абалына айланат. [Башкача айтканда, тасаввуф жолунун акырына жеткен жана башкаларды да жеткирүү үчүн атка кайтып, ар ким сыяктуу көрүнгөн камил затка таслим болуу керек. Алгач өзүн анда жок кылуу керек, башкача айтканда, өзүнө эмес ага уйуусу керек. Мындай адам жай-жай Аллаху таалада жок болот. Башкача айтканда, өз арзуулары ортодон чыгып, Аллаху тааланын ирадасы менен кыймылдайт. Өз ирадасы калбайт.] (1\61)

Бирөөнү сүйөм дегенде ага карата мажазий (кыйыр) сүйүү болгондугу түшүнүлөт. Жахил жана бидат ээси, салих жана садык ар мусулман Расулуллахты ушундай сүйүүдө. Мусулман болуу үчүн болсо ушунчалык сүйүү жетиштүү. Пейз алып келген чыныгы сүйүүнүн пайда болуусу үчүн анын сөздөрүн, иштерин, абалдарын жана ахлагын үйрөнүүсү жана буларды сүйүүсү керек. Сүйүлгөнгө баш ийилет. Бардык нерседе ага моюн сунат. Чыныгы сүйүү көп болсо сүйгөнүнөн башка бардык нерсени унутат. Бул унутуу фана-йы калб деп аталат. Атүгүл өзүн дагы унутат. Өзүн дагы унутуу болсо фана-йы нафс деп аталат. Ушундайча фана пайда болгондо, б.а., бир ариф ушундайча көп сүйүлгөндө анын көңүлүнө Расулуллах алейхиссаламдан келген пейздер, илахий марифаттар, нурлар сүйгөндүн көңүлөнө агып, чыныгы ихласка жетет. Ушундайча чыныгы ибадат кылуу насип болуп, Аллаху тааланын ыраазылыгына, сүйүүсүнө жетет. Мындан кийин фана-фир-расул пайда болот. Башкача айтканда, Расулуллахты чыныгы мухаббат менен сүйүп, пейздериди түздөн түз Анын мубарек көңүлүнөн алат. Андан ары себепчиге муктаждык калбайт. (С.Абадиййа)

Фана-йы калб пайда болгондо көңүлдө макулуктарга тийиштүү ой калбайт; бирок, мээден кетпейт. Фана-йы нафс болгондо мээден дагы кетет. Муну бир гана тасаввуф улуулары түшүнөт. (Макатиб-и шарифа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш