Ислам дини » Олуялар » Олуя сүйүүсү




Олуя сүйүүсү


Суроо: Олуялар тууралуу баяндарга көп орун берүү туурабы?

ЖООП

Бул баяндар жомок эмес. Булагы бар тарыхый окуялар болуп саналат. Канчалык көп орун берилсе ошончолук жакшы, себеби, олуя заттар ар ишинде Исламиятка уюп, Аллаху тааланын ыраазылыгын тапкан заттар. Алардын жашоосу - биз үчүн эң жакшы өрнөк. Исламиятка кантип баш ийип жашоо керек экендигин түшүндүрүү үчүн алар тууралуу окуяларды накыл кылуу керек. Асхабы кирамдын жана олуя заттардын өмүр баяндарын окуунун жакшы мүнөздүү болууга себепчи болгондугу Барика китебинде билдирилген. Ахли сүннөт китептеринде жетиштүү даражада дин улуктары тууралуу баяндар бар. Шавахид жана Манакиб китептеринде Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын, Асхабы кирамдын жана олуя заттардын баяндары бар.

Зарылдыгынан артык фыкых билимин үйрөнүүдө олуя заттардын сөздөрүн жана өмүр баяндарын дагы үйрөнүү мустахаб болот. Буларды окуу көңүлдө ихласты көбөйтөт. (Хадика)

Дене чарчаганда салих заттардын өмүр баяндарын окуу менен денени ырахаттатуу керек. Напсини тазкия олуя бир заттын сукбаты менен жана китептерин, өмүр баяндарын окуу менен болот. (Ислам Ахлагы)

Сыбгатуллах Арваси хазреттери мындай деген: «Олуянын өмүр баяндарын окуу, угуу Аллах сүйүүсүн көбөйтөт. Асхабы кирамдын өмүр баяндары ыйманды кубаттандырат, күнөөлөрдү кетирет.» (Олуялар Энцикл.)

Олуя заттардын өмүр баяндарын окуганда алар эске келет жана күнөөлөргө кафарат болот. Алардын эскерилүүсү Аллаху тааланын эскерилүүсүнө себеп болот. Төрт хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Салихтерди (олуя заттарды)эскерүү күнөөлөргө кафарат.» [Дайлами]

«Олуя көрүнгөндө Аллах эскерилет.» [Ибни Мажа]

«Ошондой заттар бар, Аллахты эскерүүнүн ачкычы. Алар көрүнгөндө Аллах эскерилет.» [Табарани]

«Аллаху таала буюрду: «Мен эскерилгенде олуя эскерилет. Алар эскерилгенде да мен эскерилем.» [И.Бегави-Масбих]

Имам Раббани хазреттери мындай деп буюрууда: «Зикир – эскерүү дегендик. Аллаху тааланы эскерүү Анын ысымын айтуу менен же абдан сүйгөн олуя бир затты көрүү менен болот. Олуяны сүйүү менен, ынануу менен көргөндө сөзсүз эскериле тургандыгы сүйүнчүлөндү. Көрүү көз менен болгондугу сыяктуу олуя заттын шекилин, келбетин кыялына келтирүү менен дагы көргөн сыяктуу болуп, Аллаху тааланы эскерүүгө себеп болот.»(2/46)

Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери мындай деп буюрууда: «Ооруган адамдын жанында олуя, аалым жана салих заттардын өмүр баяндары жана сөздөрү айтылуусу керек, буларга сүйүүсүн арттыруу керек. Олуялар тууралуу баяндоо рахматка себепчи болот.» (Сафар-и ахират рисаласы)

Дагы бир нерсе, ыймандын негизи – Аллаху тааланын досторун сүйүү жана сүйбөгөндөрүн сүйбөө. Башкача айтканда, чыныгы ыйманга жетүү үчүн бул улуу заттарды сүйүү шарт. Адам тааныбаган адамдарды сүйө албайт. Олуялардын өмүр баяндарын окуп, Аллах досторун эскерүү жана сүйүү керек. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Ыймандын негизи – Аллах досторун сүйүү жана капырларды, Аллахтын душмандарын, дин душмандары сүйбөө.» [И.Ахмед]

Фыкых аалымы Мухаммед бин Хусейин Бажли дагы Расулуллахты түшүндө көрдү. Эң жакшы амал эмне деп сурады. «Олуянын жанында болуу», - деп буюрду. Көзү тирүү Олуя таба албасакчы дегенде: «Көзү тирүү кезде да, өлгөнүндө да сүйүү – эң жакшы амал»,- деп буюрду. (Сафинат-ул Ыракыййа)

Олуя заттардын өздөрүнө таандык кээ бир абалдары бар. Өздөрү жашаган замандык муктаждыктарына карай, ошол адамдардын жагдайларына карай айткан сөздөрү да болот. Бул жагынан алып караганда алардын өмүр баяндарынан өкүм чыгаруу жаңылыш болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш