Ислам дини » Олуялар » Кайра алынбаган ыйман жана сүйүү




Кайра алынбаган ыйман жана сүйүү


Суроо: Кээ бир олуянын ыйманы кайра алынбайт дешүүдө. Сахаба дагы ушундайбы? Ошондой эле, улуу заттар бир шакиртин сүйсө ал шакирттин сүйүүсү дайым уланат экен, кайра артка алынбайт экен, мындай нерселер барбы?

ЖООП

Санауллах Дехлеви хазреттери мындай деген:

«Тасаввуфта Фана макамына жеткен адам албетте ыйман менен өлөт. Бакара сүрөсүнүн «Аллах ыйманыңарды зайи кылбайт» деген маанидеги 143.аяты жана «Аллаху таала[Фана макамына жеткен олуя] кулдарынын ыймандарын кайра албайт» деген хадис чыныгы ыймандын кайра алынбай тургандыгын көрсөтүүдө.» (Иршад-уд-талибин)

Олуянын дагы ыйманы кетпей, муртад болбогон болсо, олуядан да бийик болгон сахаби эч качан муртад болбойт. Аллаху таала алардан ыраазымын, аларга Жаннатты сөз бердим буюрду. Аллах сөзүнөн кайтпайт. Курани каримде мындай мааниде буюрулууда:

«Баарына Жаннатты сөз бердим. Мен алардан ыраазымын», - деп буюрууда. (Хадид 10, Фатих 18, Тообо 100, Маида 119, Мужадала 22, Баййина 8)

Аллаху тааланын сыпаттары абадий, чексиз. Асхабы кирамдан ыраазы болуусу да чексиз. Эч сөзүнөн кайтпайт, дайым ыраазы. Эки аяти кариманын мааниси:

«Аллах эч сөзүнөн кайтпайт.» [Ал-и Имран 9, Зумар 20, Рад 31]

«Аллах убадасынан кайтпайт.» [Рум 6]

Аллаху таала сөзүнөн кайтпай тургандыгы үчүн Асхабы кирамдан эч бири кийин капыр болушкан эмес.

Имам Раббани хазреттери дагы: «Аллаху тааланы каалагандыгыңарды билдирген катыңар келди. Каалоо – жетүүнүн сүйүнчүсү. Улуулар: «Эгер берүүнү каалабаганда, калоо бермек эмес»,- деп буюрууда.

Камил жана мукаммил бир затты таануу насип болсо бардык арзууларды, каалоолорду анын колуна таштап, өлүк жуугучтун колундагы танаширдеги жаназа сыяктуу болуу керек. Алгач «Фана фишшейх». Бул Фана кийин «Филлах» абалына өзгөрөт. [Тасаввуф жолунун соңуна жеткен жана башкаларды дагы жеткирүү үчүн артка кайтып, башкалар сыяктуу көрүнгөн бир камил затты тапканда ага таслим болуу керек. Алгач өзүн анда жок кылуу керек, тагыраагы, өзүнө эмес ага уюу керек. Мындай адам акырындап Аллаху таалада жок болот. Өз арзуулары ортодон кетип, Аллаху тааланын ирадасы (каалоосу) менен кыймылдайт. Өз ирадасы калбайт.]

Мурад Мунзави хазреттери мындай деген: «Махабат эмгектенүү менен табылбайт. Аны улуулар берет. Эгер кимге махабат, сүйүү берилген болсо, аны кайра алышпайт.»

Дагы айтылган: «Кемеден кийин кайра түшүрүп сала турчуларды башынан эле кемеге отургузушпайт. Кеме жээкке чыкканда ичиндеги жакшы-жаман баары бирдей жээкке чыгышат, атүгүл, кемедеги чычкандар дагы!»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш