Ислам дини » Олуялар » Муршиддин зарылдыгы




Муршиддин зарылдыгы


Суроо: Хазрети Али: «Эң чыныгы муршид илим» дегенине караганда илимден башка муршид издөө жаңылыш. Себеби, муршид икая. Бир гана илимге этибар берүү керек эмеспи?

ЖООП

Муршиддик өтө жаңылыш түшүнүлгөн экен. Илим – иршад, муршидден тышкары нерсе эмес. Иршад – туура жолду көрсөтүү деген сөз. Муну орундаган зат муршид деп аталат. Илим туура жолду көрсөтөт. Бирок, илим үйрөнүү үчүн ал илимди туура түшүнүү үчүн бир устазга, бир жол көрсөтүүчүгө зарылдык бар. Мына бул устаз муршид деп аталат. Адам өз алдынча илим үйрөнө албайт. Себеби, хадиси шарифте: «Илим устаздан үйрөнүлөт»,- делген. (Бухари)

Дүнүйөлүк илимдер дагы мугалимсиз, устазсыз үйрөнүлбөйт. Бир адам устазсыз эле доктур, химик боло алабы? Бул илимдерди бизге үйрөткөн мугалимге, устазга каршы чыгуу жеке илимге каршы чыккандык болот. Туура жол илим менен табылат. Бирок, илимди үйрөткөн адам мугалим, устаз болуп саналат.

Аллаху таала дагы, Расулуллах дагы муршид. Имам Азам, Имам Шафии сыяктуу Ахли сүннөт аалымдарынын ар бири муршид болгондугу сыяктуу Абдулкадир Гейлани жана Шах Накшибанд хазреттери сыяктуу олуя заттар дагы муршид. Муршидге душмандык – илимге, диге душмандык.

Курани каримде «Билбеген Куранга жана хадистерге карасын» делген жок, «Билбесеңер билгендерден сурагыла!» - деп буюрулууда. (Нахл 43)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам дагы: «Аалымдарга таби болгула, алар жол көрсөтүүчү!» - деп буюруп, билген бирөөнө, бир муршидге таби болууну буюрууда. Имам Раббани хазреттери мындай деген: «Диний өкүмдөрдү рахбарсыз (жол көрсөтүүчүсүз), устазсыз өз акылы менен түшүнүүгө аракет кылууну каалаган адам пайгамбарлыкка ишенбеген болот.» (1/214)

Муршид өтө кадырлуу, эгер бул зат камил муршад болсо дагы да кадырлуу. Муршид-и камил - бүткүл сөздөрү дана бүткүл иштери Исламиятка ылайык болгон, Исламиятты жакшы билген, терең Ахли сүннөт аалымы. (С.Абадиййа)

Муршид-и камил софи заттар сыяктуу эмес, ижтихад даражасындагы бийик аалым болгондуктан илим ээси болуу менен бирге марифат ээси дагы. Имам Раббани, Мавлана Халид Багдади, Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери сыяктуу муршид-и камил болгон заттар ушундай. Мындай заттар аалым дагы, олуя дагы. Аалым жана олуя заттарды муршид деп жамандаганчалык жаңылыш нерсе жок.

Муршид болуунун салтанат менен дагы эч бир байланышы жок. Бул жахилче күнөөлөгөндүк болуп саналат.

Периште болсо да

Суроо: Мектубат-ы Раббаниде мындай мааниде бир бейит бар:

Хактын жана хак адамдарынын жардамы болбостон,

Периште болсо да кутула албайт жүз каралыгынан.

Периште күнөөсүз го, эмне үчүн жүзү кара болсун?

ЖООП

«Периште» жана «Периште сыяктуу» деген сөз күнөөсүз, масум дегенди билдирет. Мисалы, «Бул бала периште» деп айтуу чыныгы периште дегендик эмес, «Периште сыяктуу күнөөсүз» дегенди билдирет. Башкача айтканда, адам периште сыяктуу күнөөсүз болсо да Хактын жардамы жана Хак адамдарынын, тагыраагы, муршиди камилдердин химматы болбосо напсинин жана шайтандын кол салуусунан кутула албайт. Бул жерде туура жолду көрсөткөн бир рахбардын мааниси баса белгиленүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш