Ислам дини » Олуялар » Кутб-и иршад жана кутб-и мадар




Кутб-и иршад жана кутб-и мадар


Суроо: Кутб-и иршад жана кутб-и мадар деп кимдерди айтат?

ЖООП

Имам Раббани хазреттери мындай деп буюрууда:

Кутб-и абдал [кутб-и мадар] ааламда, дүнүйөдө бардык нерсенин бар болуусуна жана барлыкта тура алуусу үчүн пейз келүүсүнө себепчи болгон зат. Бардык нерсенин жаратылуусу, ырыскылардын жиберилүүсү, дарттардын, балээлердин кетирилүүсү, оорулуулардын жакшы болуусу, денелердин афиятта болуусу кутб-и абдалдын пейздери менен болот.

Кутб-и иршад болсо ааламдын иршады жана хидаяты үчүн пейздердин келүүсүнө себепчи болот. Ыйман келтирүү, хидаятка жетүү, ибадат кыла алуу, күнөөлөргө тообо кылуу кутб-и иршаддын пейздери менен болот. Кутб-и иршад менен бүткүл адамдарга ыйман жана хидаят келүүдө. Көңүлү бузук болгон адамдарга келген пейздер адашкандык, жамандык абалына айланат. Шекер менен ооруган адамга берилген таттуулардын анын канында ууга айлануусуна окшойт. Же ооз даамы бузук болгон адамга таттуунун ачуу сезилүүсүнө окшойт.

Ар качан кутб-и абдал бар болот, себеби, аалам аны менен низам табат. Булардан  бири өлгөндө мунун ордуна башкасы дайындалат. Кутб-и иршад болсо өтө аз болот. Кылымдардан кийин мындай асыл гаухар келет. Караңгыга баткан аалам анын келүүсү менен жарыкка жетет. Анын иршадынын нурлары бүткүл дүнүйөгө жайылат. Жерден Аршка чейин баарына рушд, хидаят, ыйман жана марифат анын жолу менен келет. Баары андан пейз алат. Ортодо ал болбостон эч ким бул нематка жете албайт. Ал улуу затты тааныган жана сүйгөн бир адам аны ойлонсо же ал бирөөнү сүйүп, анын дарадасынын бийиктөөсүн тилесе, ал адамдын көңүлүндө бир терезе ачылгандай болот. Сүйүүсү жана ихласына карай ал дарыядан көңүлү пейз алат.

Ушул сыяктуу бир адам Аллаху тааланы зикир кылса жана бул затты эч ойлонбосо, мисалы, аны тааныбаса, баары бир андан пейз алат, бирок, биринчи пейз мындан көп болот. Бир адам ал улуу затты инкар кылып, жактырбаса же ал улуу зат бул адамга капаланган болсо, бул адам Аллаху тааланы зикир кылса да рушд жана хидаятка жете албайт. Ага ишенбөөсү же аны капаланткан болуусу пейз жолун жабат. Ал зат бул адамдын зыянын каалабаса да хидаятка жете албайт. Рушд жана хидаят бар болуп көрүнсө да жок. Пайдасы өтө аз. Ал затка ынанган жана сүйгөндөр аны ойлонушпаса да жана Аллаху тааланы зикир кылышпаса да бир гана сүйгөндүктөрү үчүн рушд жана хидаят нуруна жетишет. (1/260)

Кутб-и иршад делген Ахли сүннөт аалымы ар качан жана ар жерде болбойт. Ар кычыктагы жахил тарикатчыларды шейх деп ойлобоо керек, тузактарына түшүп соңсуз саадаттан куру калбоо керек. 

Гавс жана кутуб

Суроо: Гавс жана кутуб деген эмнени түшүндүрөт?

ЖООП

Гавс сөздүк маанисинде жардам дегенди түшүндүрөт. Олуя арасында кулдарга жардам менен милдеттүү болгон заттар. Аллаху тааланын уруксаты менен адамдардын жардамына жетүүсү себеби менен гавс делген. Имам Раббани хазреттери мындай деп буюрууда:

Гавс кутб-и мадардан бийик. Кутб-и мадар бир канча иштеринде андан жардам күтөт. Абдал делген макамдарга алып келине турчу олуяны тандоодо мунун ролу бар. (1/256)

Кутуб - иштердин орундалуусуна же адамдардын туура жолду табуусуна себепчи кылынган улуу зат. Дүнүйө иштери жана мадде (материя) ааламындагы кубулуштарга алакалуу болгону кутб-и мадар же кутб-и актаб [кутублар кутубу], дин жана иршад иши менен милдеттүү болгону кутб-и иршад деп аталат. Дагы Имам Раббани хазреттери мындай деп буюрду:

Кутб-и адбал, башкача айтканда, кутб-и мадар ааламда, дүнүйөдө бардык нерсенин бар болуусу жана барлыкта тура алуусу үчүн пейз келүүсүнө себепчи болгон зат. Бардык нерсенин жаратылуусу, ырыскылардын жиберилүүсү, дарттардын, балээлердин кетирилүүсү, ооругандардын сакаюусу, денелердин афиятта болуусу кутб-и абдалдын пейздери менен болот.

Ыйман ээси болуу, хидаятка жетүү, ибадат кыла алуу, күнөөлөргө тообо кылуу болсо кутб-и иршаддын пейздери менен болот. Ар заманда, ар кылымда кутб-и абдалдын болуусу зарыл. Эч качан мунсуз болуу мүмкүн эмес; себеби, аалам муну менен низам табат. Булардан бири өлгөндө мунун ордуна башкасы дайындалат, бирок, кутб-и иршаддын ар качан болуусу зарыл эмес. Ошондой бир замандар болот, аалам ыймандан жана хидаяттан бүтүндөй куру калат.

Расулуллах алейхиссалам ал замандын кутб-и иршады эле. Ал замандын кутб-и абдалы болсо Хазрети Омар жана Вейсел Карани хазреттери эле. Кутб-и иршад менен бүткүл адамдарга ыйман жана хидаят келет. Көңүлү бузук болгондорго келген пейздер адашкандык, жамандык абалына айланат. Шекер менен ооруган адамга берилген таттуулардын анын канында ууга айлануусуна окшойт. Же ооз даамы бузук болгон адамга таттуунун ачуу сезилүүсүнө окшойт. (Маариф-и ладуниййа)

Бүгүнкү күндө устазына гавс, кутуб дегендер же башка рутба бергендер көп. Мындайларга этибар бербөө керек.

Бир доордо эки муршид-и камил

Суроо: "Бүгүнкү күндө муршид-и камил жок” дегендер болгондой эле "Бир доордо эки муршид-и камил болбойт” дегендер да бар. Силсиле-и алиййа улууларынын баары муршид-и камил эмес беле?

ЖООП

Бир доордо эки эмес андан да көп муршид-и камил болуусу мүмкүн. Силсиле-и алиййа улууларынын баары муршид-и камил эле. Көбү бир доордо жашашты. Мисалы, Шах Накшибанд Сеййид Бахааддин хазреттери менен Алауддин Аттар жана Якуб-и Чархи хазреттери бир доордо өмүр сүрүшкөн. Ошондой эле, ар тарикаттын өзүнчө муршид-и камили бар. Кадирилердин муршид-и камилдери болор эле, Накшилердики болор эле.

Мухаммед Бакибиллах менен Имам Раббани хазреттери тең куракта эле. Устаз шакирт тең куракта эле.

Мухаммед Масум Фаруки хазреттери атасы Имам Раббани хазреттери менен бир доордо жашагандай эле Мавлана Халид Багдади хазреттери Сеййид Абдуллах Шемдини хазреттери менен, Сеййид Таха-йы Хаккари хазреттери болсо Сеййид Мухаммед Салих хазреттери менен бир доордо жашашкан. Сеййид Фехим Арваси хазреттери тирүү кезде Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери муршид-и камил эле.

Ар кылымда келген мужаддид аалымдардын дагы көп болгон доорлор өткөн. Кээ бирөөлөр устаздары өлгөндө "Эми муршид-и камил бүттү” дешүүдө. Бирок, "Хак Сөздүн Далилдери” китебинде Кыяматка чейин ар качан чыныгы муршиддин бар боло тургандыгы билдирилүүдө, чыныгы муршид тууралуу "Халис болгон талиптерге өзүн таанытат. Душмандардан, акмактардан жашырынат” деп буюрулууда. Демек, "Азыркы күндө муршид-и камил жок” деп айтуу душмандыктан же акмактыктан улам болууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш