Ислам дини » Олуялар » Тасаввуф ахли болуу үчүн




Тасаввуф ахли болуу үчүн


Суроо: Эски заманда динди туура үйрөнүү үчүн бир муршид-и камилге таби болуп, ал билдире турчу шекилде тасаввуф жолунда илгерилешчү экен. Азыр кантип илгерилөөгө болот?

ЖООП

Ар доордун шарттары башкача. Бүгүнкү күндө да улуу заттарга жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Бир канча мисал берели:

1- Адам Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен даярдалган жазууларды окуп, аларды сүйө баштайт. Кийин алардын китептерин табат. Ал китептерди окуп, амал кылган адам болсо максатына жеткен болот.

2- Радио жана ТВда Ислам аалымдарынан накыл негизинде бир дин устазын тыңдайт. Ал устаз билдирген улуу заттарга жана китептерине таби болуп, максатына жетет.

3- Бирөө өзүнө Ахли сүннөт аалымдарынын бир китебин белек кылат, ал болсо бул китепти окуп, андагы жазылган илимдер менен амал кылса, арзуу тилегине жеткен болот.

4- Интернетте дагы бул ниматка жеткендер болушу мүмкүн. Интернетте ар түрдүү туура эмес нерселер болсо дагы туура жолу билдирген басылмалар, жарялар көп. Ошол чыныгы Ахли сүннөт басылмаларын окуп же аудио-видео материалдары аркылуу үйрөнүп, бул ниматка жетиши мүмкүн.

5- Түшүндө эскертилиши мүмкүн. "Баланча жерге бар, баланчага таби бол, ушул китепти оку!” - делет.

6- Эне-атасы жана жакындары аркылуу туулгандан бул нимат ичинде болгондор да болушу мүмкүн.

7- Кимдир бирөөгө үйлөнгөн жары хак жолду табуусуна себепчи болушу мүмкүн.

Улуулардын китептерине жеткен адам китепти мүмкүн болсо бир канча достору менен бирге окуусу керек. Мүмкүнчүлүк табар замат бул достору менен көрүшүүгө, салих адамдар менен бирге болууга аракет кылуу керек. Китептер аркылуу пейздерге жетүүгө болот. Дүйнөдөн өткөн улуу заттардын жолунда жүрүү ушул аркылуу гана болот. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш