Ислам дини » Олуялар » Дүнүйөдө олуя бар




Дүнүйөдө олуя бар


Суроо: Саадат-и абадиййа китебинде хижри 14.кылымдын жарымынан кийин дүнүйөнүн эч бир жеринде Олуя көрүлбөгөндүгү билдирилип, "Эч бир Ислам өлкөсүндө тасаввуф аалымы жок сыяктуу” деп жазылууда. Башкача айтканда, азыркы күндө дүнүйөдө Олуя жок делүүдөбү?

ЖООП

Жок, олуя жок делген жок, жок сыяктуу делүүдө. Абдулгани Наблуси хазреттери мындай деп буюрууда: 

Олуяны инкар кылуу - диндин кандайдыр бир өкүмүн инкар кыллуу сыяктуу күфүр. Аллаху таала Анбиясын жана Олуясын башкалардан үстөм кармаган, башкаларга бербеген керемет жана мужиза сыяктуу таң ажайып нерселерди бул заттарга ихсан кылган. (Хадика)

Дүнүйөдө албетте олуя бар болот. Дин китептеринде бирлер, үчтөр, жетилер, кырктар, беш жүздөр сыяктуу аталган Олуялар бар. Абдал делген олуя ар качан бар болот. Үч хадиси шарифтин мааниси мындай:

"40 киши болгон абдалдардын берекеси менен душманды жеңип, балээден кутуласыңар.” [И.Асакир]

"Ар кылымда салихтер бар болот. Булар беш жүз киши болуп, кыркы абдал.” [Абу Нуайм]

"Жер жүзүндө ар заман [абдалдардан] кырк киши бар болот. Ар бири Ибрахим алейхиссалам сыяктуу берекелүү. Булардын берекеси менен жамгыр жаайт.” [Табарани]

Бул олуя заттарды ар ким таанып билүүсү албетте кыйын. Ансыз да мен олуямын деген адам олуя эмес. Олуя өзүн жашырат. Ошондуктан, олуяны таануу кыйын. Бүгүнкү күндө ачыктан ачык мен олуямын деген жасалма адамдар көп. Атүгүл, кээ бирөөлөр "Биздин устазыбы хатам-ул аулия, соңку олуя. Мындан ары олуя келбейт”, - дешүүдө. Булардыкы дагы жаңылыш.

Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери мындай деп буюрду:

"Бул заманда беш убакыт намазын окуган, харамдардан сактанган жалпы олуя тобуна кошулат. Ошону менен бирге өзгөчө олуялык бар. Бул тасаввуф жолунда илгерилеген адамга Раббибиз ихсан кылган даражалар. Мына, бул заманда мындай олуя жок сыяктуу.”

Чыныгы муршид болгон олуялар кыяматка чейин бар болот. Илим жана Ихлас ээси болгон шакирттерге (талиптерге) өзүн таанытат. Душмандардан, акмактардан сактанат. Жаман адамдар баалуу нерселердин жасалмаларын, туурамалдарын базарга чыгарып, адамдарды алдашат. Ушундайча жаман жолдон дүнүйөлүк пайда көрүшөт. Бул адамдар жалгандар менен, истидраж (сыйкыр, көз боёмочулук) көрсөтүп, керемет деп жахилдерди алдашат. Мусулмандар үчүн эң чоң балээ - булардын тузактарына түшүү. Өздөрүнүн динден, ыймандан, Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен кабарлары жок. Сөздөрү менен күфүр жайышат. Иштери менен харам жасашат. Жахилдерди аңдоо менен күн көрүшөт. (Х.С.Далилдери)

Асхабы кирам жана Табиини изам замандарында Олуялар көп эле. Ар ким буларды зыярат кылып берекеленип, дубаларын алышчу. Акыр заман жакындаганда күфүр белгилери, бидаттар көбөйдү. Аалымдар жана олуялар азайды. Соңку замандарда эч көрүнбөс болду. (П.Маалыматтар)

"Көрүнбөс болушту” деген сөз жок дегендик эмес, ар ким көрө албайт, аз сандагы киши билет деген сөз. Тилекке каршы, "Көрүнбөөдө, жок сыяктуу” деген сөздөрдү көрсөтүшүп, "Карагыла, тасаввуф жана олуя душманыгы жасалууда” дегендер да чыгууда. Була жаңылыш жана жалаа. С.Абадиййа толугу менен тасаввуф улууларынын, Ахли сүннөт аалымдарынын жана Олуялардын китептеринен которулган болуп, алардын сөздөрү. Баары ал мубарек адамдардын китептеринен накыл. Тасаввуфка жана Олуяларга душмандык деген пикир өтө жаман.

Бир нерсенин жасалмасынан сактангыла деген сөз анын жакшысынан да качкыла дегенди түшүндүрбөйт. "Чыныгы каймак майын алгыла, жасалма, аралашма болгонун албагыла” деген сөз чыныгы каймак майына акаарат болуп эсептелеби? Тескерисинче, каймак майынын мааниси билдирилген болот. Ар нерсенин жасалмасы да бар, нагызы да бар.

Соңку олуя барбы?

Суроо: Кээ бирлери: "Биздин устазыбыз соңку олуя эле, эми мындан кийин олуя да, муршид да келбейт”, - дешүүдө. Мындай деп айтуу олуяны түп ордунан жокко чыгаруу дегендик эмеспи?

ЖООП

Бүткүл дүнүйөдө башка эч бир олуя болбогондугун айтуу жаңылыш. Кыямат боло турчу кезде олуя эмес бир момун да калбайт. Бүгүнкү күндө олуя заттар азайды, көрүнбөй турган болушту, бирок, эч калган жок делбейт. Ар кылымда үчтөр, жетилер, кырктар сыяктуу олуя заттар бар болот.

Айрыкча ар кылымда бир динди кубаттандырган, бидаттарды жок кылган мужаддид заттар келет. Миң жылда бир келген мужаддиддер да бар. Эки хадиси шариф мындай:

"Ар жүз жылда бир мужаддид келет, динди кубаттандырат.” [Бухари]

"Дүнүйө абдалдар аркылуу бутунда турат. Аллаху тааланын жардамы алардын берекеси менен келет.” [Табарани]

Бул хадиси шарифтерди инкар этүү кооптуу. Тавилге берилүү да жаиз эмес.

Хазрети Махди дагы олуя зат. Ал да келет. Келди-кетти дегендерге этибар этпөө керек.

Имам Раббани хазреттери мындай деп буюрууда:

Кутб-и абдал же кутб-и мадар ар заманда бар болот. Азыр да бар. Расулуллах алейхиссалам заманында да бар эле. Булар кутб-ул-актаб деп да аталат, буларды эч ким тааныбайт. Атүгүл, кээде өздөрү да өздөрүн билишпейт. Кутб-и иршад болсо - каййум-и аалам. Ар кимге рущд жана ыйман ал аркылуу керек. Исламиятты коргойт. Ислам дини эч кимисиз калбайт. Дин душмандары ашынуу менен динди жыгуу, өзгөртүү үчүн ага кол сала алышпайт. (3/3)

Кутб-и абдал, башкача айтканда, кутб-и мадар ааламда, дүнүйөдө бардык нерсенин бар болуусу жана барлыкта тура алуусу үчүн пейз келүүсүнө себепчи болот. Кутб-и иршад болсо ааламдын иршады жана хидаяты үчүн пейздердин келүүсүнө себепчи болот. Бардык нерсенин жаратылуусу, ырыскылардын жиберилүүсү, дарттардын, балээлердин кетирилүүсү, ооругандардын сакаюусу, денелердин афиятта болуусу кутб-и абдалдын пейздери менен болот. Ыйман ээси болуу, хидаятка жетүү, ибадат кыла алуу, күнөөлөргө тообо кылуу болсо кутб-и иршаддын пейздери менен болот. Ар заманда, ар кылымда кутб-и абдал бар болот. Эч бир заман мунсуз боло албайт, себебе, аалам муну менен низам табат. Булардан бири өлгөндө анын ордуна башкасы дайындалат; бирок, Кутб-и иршаддын ар заманда бар болуусу зарыл эмес. Ошондой замандар болот, аалам ыймандан жана хидаяттан бүтүндөй куру калат. (Маариф-и ладуниййа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш