Ислам дини » Олуялар » Дервиш деп кимдерди айтат




Дервиш деп кимдерди айтат


Суроо: Дервиш деген ким? Ал кандай болот?

ЖООП

Дервиш - тасаввуф шакирти. Аллаху тааладан башка ар нерсени көңүлдөн чыгарып, Исламиятка толук баш ийип, көңүлүн бир гана Аллаху таалага байлаган, көркөм мүнөздөр менен кооздонгон адам дегенди билдирет.

Кедейликте ырахаттык, байлыкта кыйынчылыктуу болот. Окуялардын өзгөрүүсү аны өзгөртпөйт. Башкалардын кемчиликтерин карабайт. Дайым өз кемчиликтерин көрөт. Өзүн эч кимден үстөм деп билбейт. Дос-душман ар кимди күлөр жүз жана таттуу тил менен каршылайт, эч ким менен талашпайт. Баарынын кечиримин кабылдайт. Дервиштик кийим, кебете-кешпир ищи эмес. 

Дервиштик - көңүл сындырбоо. Муну кыла алган адам Аллаху тааланын ыраазылыгына жетет. Дервиштик бир көңүл иши. Көңүлүн Аллах сүйүүсү менен толтурган жана ар түрддүү ишин бул сүйүүнүн талабына ылайык орундаган, Ислам улууларын сүйгөн, алардын тарбиясын кабыл кылган ар ким дервиш деп саналат.

Сөзүндө чынчыл бир дервиш дайыма Аллаху тааланын улуулугун, Ага карата кулдугун, кичинелигин ойлонот. Жүрөгү сынык болуп дайым Ага жалбарат. Жалгыз Ага сыйынып, жалгыз Андан жардам күтөт жана кулдук милдеттерин толук жасайт. Кулдук милдеттерин кылуу деген сөз - Ислам дининин буйруктарын жана тыюуларына толук уюу, ар качан Аллаху тааланын ыраазылыгына ылайык иш кылуу дегендик.

Дервиштер жылдар бою акыл жана накыл илимдерин үйрөнгөн, кубаттуу бир ыйман жана ахлак кемелдигине жеткен, тышкы көрүнүштөрү жөнөкөй, кичи пейил, азга канаат кылган, баарына жакшылык жана жардам үчүн чырпынган, сабырдуу, жакшылыктуу, бир кесип жана өнөр ээси, пазилет өрнөгү болгон адамдар эле.

Ислам аскерлери менен бирге согушка катышат, баатырдык өрнөктөрүн көрсөтүшчү. Анадолунун Ислам аскерлери тарабынан алынуу учурунда дервиш газилердин чоң кызматтары көрүлгөн. Булар Анадолунун түрдүү айылдарына келип отурукташып, көркөм ахлактары менен адамдардын көңүлдөрүнөн терең орун алып, жергиликтүү калктын Исламиятты кабыл кылуусунда маанилүү роль ойношкон.

Көчүп келген кара түспөл адамдар сый-урмат табуу үчүн өздөрүн Арап катары таанытышкандыктары сыяктуу, коомго жүк болгон иши жок күчү жок катмары болсо өздөрүн дервиш катары таанытышкан эле.

Дервиш болуу

Суроо: Олуя өмүр баяндарын окугандан кийин менде бир тасаввуф сүйүүсү пайда болду. Мен болсо бул жолдо бир дервиш, сопу болууну кааладым. Эмне кылышым керек?

ЖООП

Тасаввуф Исламияттан өзүнчө болгон бир жол эмес. Исламиятка толук уйган адам сопу болот. Исламиятка моюн суна алуу үчүн ахли сүннөт итикадын, фыкых билимдерин үйрөнүү керек. Бул заманда чыныгы тасаввуф ахли болгон адамды табуу кыйын, бирок, жасалмалары көп. Жасалмаларына алданбастан, чыныгы болгондордун китептерин окуп, алардан пайдаланууга аракет кылуу керек.

Тасаввуфта назик адептер бар. Ар ким бул адепти сактай албайт. Ошондуктан, чыныгы сопу, чыныгы дервиш аз. Даанышман заттар мындай дешкен:

Тасаввуф кыйынчылык чегүү, ырахаттыкта тасаввуф болбойт. Башкача айтканда, ашыктын машукту издөөгө аракет кылуусу машуктан башкасы менен ырхат боло албоосу керек. Машук - сүйүлгөн зат, башкача айтканда, Аллаху таала.

Дервиш Аллаху тааланын сүйүүсү менен жана Анын сүйүүсүнө жетүү арзуусу менен күйөт. Билбеген, түшүнө албаган бир ашык менен эс-мас абалда. Уйкулары качат, көз жаштары тынбайт. Өтмүш күнөөлөрүнөн уялып башын көтөрө албайт, ар ишинде Аллахтан коркот, титирейт. Аллаху тааланын сүйүүсүнө жеткире турчу иштерди кылуу үчүн чырпынат. Ар ишинде сабыр кылат жана кечирет, ар келишпестикте, кыйынчылыкта кемчиликти өзүндө көрөт. Ар демде Аллахты ойлонот, гафилдик менен жашабайт, эч ким менен талашпайт. Талашып-тартышуунун достордун достугун азайта тургандыгын, душмандардын душмандыктарын көбөйтө тургандыгын билет. Бир көңүлдү оорутуудан коркот, көңүлдөрдү Аллаху тааланын үйү деп билет. 

Дервиш болууну каалаган адам жанын, мал-мүлкүн ойлонбоосу керек, ар иште Аллаху тааланын ыраазылыгын издөөсү керек. Дервишке эмне иш берилсе текеберленбестен, арданбастан кылат. Даараткана тазала дешсе өмүр бою тазалайт. Анда ар, уялуу болбойт. Белгилүү тасаввуф шайыры Юнус Эмренин бул тууралуу ыр саптарынын мааниси мындай:

Дервишмин дегенге

Бул жолдо ар эч болбойт

Дервиш болгондун көңүлү

Өтө кең, тар болбойт


Дервиш көңүлсүз болот

Сөккөнгө тилсиз болот

Урганга колсуз болот

Эч кимден зарсыз болбойт


Дервиш кучагы таш керек

Көзү толо жаш керек

Койдон жоош керек

Эч кимге ачууланган болбойт


Дервиштик - мусулмандыкты эң жакшы түрдө жашоо дегендик. Мисалы, булардан бири - ар кимдин жүгүн тартуу жана эч кимге жүк болбоо. Башкаларга кандайдыр бир кыйынчылык берген киши дервиш боло албайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш