Ислам дини » Олуялар » Тасаввуф, олуя жана керемет




Тасаввуф, олуя жана керемет


Исламда вилайат (олуялык) жана тасаввуф илими бар. Адамда сырткы (захири) кемелдиктер (жетилгендик), жетилүү жагдайлары бар болгону сыяктуу, ички (батыни), жүрөккө таандык артыкчылыктар да болот.  Сыркы артыкчылыктар ахли сүннөт аалымдарынын Курани карим менен хадистерден түшүнүп чыгарган өкүмдөрүнө ылайык ишенүү жана фарздарды, важибдерди, сүннөттөрдү, мустахабдарды орундоо жана харам, макрух, шектүү, бидат нерселерден сактануу дегенди билдирет. Батыни б.а., жүрөккө таандык артыкчылыктар адам жүрөгүнүн, рухунун бийик даражаларга көтөрүлүүсү болуп саналат.

Бухари жана Муслимдин хадис китептеринде билдирилген бир хадисте: Хазрети Умар (радиаллаху анх) айтат: "Бир күнү Расулуллахтын жанында отурган элек. Биз тааныбаган бир адам келди да: "Ислам деген эмне?” - деп сурады. Расулуллах: "Калима-и шахадат айтуу, күнүнө беш маал намаз окуу, Рамазан айында орозо кармоо, зекет берүү жана алы жетсе, ажылыкка баруу”, - деп айтты. Ал киши: "Туура айттың”, - деди. Өзү сурап, өзү туура дегенине таң калдык. Анан: "Ыйман деген эмне?” - деп сурады. Расулуллах: "Ыйман – Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, кыямат күнүнө жана тагдырга ишенүү”, - деп жооп берди. Ал дагы: "Туура айтасың”, - деди. Анан: "Ихсан деген эмне?” - деп сурады. Расулуллах: "Аллаху таалага Аны көрүп тургандай кулчулук кылуу. Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени ар дайым көрүп турат”, - деп айтты. Андан кийин: "Кыямат күнү качан болот?” - деп сурады. "Ал тууралуу сенден артык билбейм”, - деп жооп берди Расулуллах. Андан кийин жанагы адам: "Кыяматтын белгилери кандай?”, - деп сурады. Пайгамбарыбыз кыяматтын белгилерин бирден санап айтып берди. Анан бизге карап: "Буларды сурап кеткен адам Жабраил алейхиссалам эле. Ал силерге диниңерди үйрөтүү үчүн келди”, - деп айтты. Бул хадис "Хадиси Жибрил” деген ат менен таанымал болду.

Бул хадиси Жибрилден ыйман менен ибадаттан башка да бир "ихсан” деп аталган даража, кемелдик бар экендиги түшүнүлөт. Биз бул үстөмдүктү "Вилайат” же "олуялык” деп атайбыз. Олуя Аллаху тааланын махабатына, сүйүүсүнө бөлөнгөн кезде анын жүрөгүндөгү дүнүйөлүк нерселерге деген байланыш жана куштардык жоголот. Бул абал "фана-и калб” (жүрөктө дүнүйөлүк нерселердин жок болуусу) деп аталат. Адамды Аллахтын махабаты каптаган бул жагдай – Аллаху тааланы көрүү деген сөз эмес. Аллаху таала бул дүйнөдө көрүнбөйт. Ал эми, олуя Аллаху тааланы көргөн сыяктуу жагдайды башынан өткөрөт. Бул жагдайга каалоо аркылуу кол жеткизүүгө болбойт. Мына, Расулуллах: "Аллаху тааланы көрүп тургандай ибадат кылуу”, - деп ошол жагдай тууралуу айтат.

Бир хадиси шарифте: "Адамда бир бөлүк эт бар. Ал салих, таза болсо, бүткүл дене салих, таза болот. Ал фасид, жаман болсо, бүткүл дене жаман болот. Бул бир бөлүк эт – жүрөк!” - деп билдирилген. Дененин таза, салих болуусу үчүн жүрөктүн таза болуусун сопулар "фана-и калб” деп атайт. Жүрөк Аллаху таалага деген сүйүүдө фани болот, б.а., өзүн жоготот. Аллахтын сүйгөндөрүн жүрөк да сүйөт. Бул жүрөк кошунасы болгон напсине да таасирин тийгизет. Напси дагы жамандыгынан кутула баштайт, "Хубб-и филлах” (бир гана Аллах үчүн сүйүү) жана "бугд-и филлах” ка (бир гана Аллах үчүн душман болуу) кол жеткизет. Б.а., Аллаху тааланын жактырган нерселерин жактырып, Анын жактырбагандарына да душман болот. Ага байланыштуу бүткүл дене Исламдын өкүмдөрүнө моюн сунууну каалайт.

Асхабы кирамдын сахаба эмес мусулмандардан жогору экендиги белгилүү. Ал эми, кыяматка чейин келе турган Ислам аалымдары арасында илими жана амалы кээ бир сахабалардын илими жана амалдарына барабар болгондору бар. Хадиси шарифте: "Башкалар Аллахтын ыраазычылыгы үчүн Ухуд тоосундай алтынды садага кылып берсе да, сахабаларымдын Аллах жолунда берген жарым саъ (1750 грам) арпасынын сообун алалбайт”, - деп кабар берилген. Сахабалардын ибадаттарынын ушундай кадырлуу болуусу алардын Расулуллахтын мажлисине катышуусу жана Пайгамбар менен сүйлөшкөндүктөрү натыйжасында жүрөктөрүндө пайда болгон "Батыний кемелдикке” (ички руханий жетилгендикке) байланыштуу. Алардын жүрөктөрү Расулуллахтын ыйык жүрөгүнөн нур алды. Жүрөктөрү нурданган эле. Хазрети Умар кайтыш болгондо уулу Абдуллах: "Илимдин ондон тогузу кетти”, - деген эле. Аны уккан жаштардын таң калганын көрүп: "Силер билген фикх жана калам илимдерин айтып жаткан жокмун. Расулуллахтын ыйык жүрөгүнөн аккан батыний, руханий илимдин, марифаттын ондон тогузу кетти демекчимин”, - деп айтат. Сахабалардан кийин келген мусулмандар арасында ошол батын илимдин нуруна ээ болгондор өздөрүнүн устаздары, пирлери болгон муршиддеринин (жол көрсөтүүчү) мажлистеринде ээ болушчу. Ошолор аркылуу Расулуллахтын жүрөгүнөн чыккан нурга ээ болушкан. Бирок, ал Расулуллахтын мажлисиндей болбойт. Сахабалардын (радиаллаху таала анхум ажмаин) артыкчылыгы мына ушул жерде. Демек, белгилүү болгон нерсе – мусулманчылыкта адамдын "захирий” (сырткы) кулчулугу, сырткы такыбаасы, сырткы жетилгендиги менен бирге анын "батыний” деп аталган ички жетилгендиги да бар. Бул жетилүүлөрдүн даражалары болот.  Буга мына бул хадиси кудси далил: "Кулум мага бираз жакындаса, Мен ага көп жакындайм. Кулум мага көп жакындаса, Мен ага андан да көп жакындайм. Кулум (фарздары менен кошо) көп напил ибадат кыла турган болсо, мага ушунчалык көп жакындайт, аны сүйөм. Аны сүйгөндөн кийин, анын дубаларын кабыл кылам. Анын көрүүсү, угуусу жана бир нерсеге күчү жетүүсү Мени менен ишке ашат”, - деп айтат. Аллаху тааланын ушундай сүйүүсүнө себеп болгон напил ибадаттар – сопулук жолундагы амалдар, милдеттер, аракеттер болуп саналат.

Миң жылдан ашуун убакыт ичинде ааламдын үч чоң тарабында дүйнөгө келген миллиондогон мусулмандар тасаввуф-сопулук жолдо эмгектенүү жана салих кишилердин мажлисине катышуу аркылуу жүрөктөрүндө өзгөчө бир абалдын пайда болгонун айткан жана жазган. Жалган нерсе үчүн ушунча көп адамдын тил бириктирип, кеңешип алып айтуулары акмактык болмок. Ушундай ааламдык бир добуштан биригүү менен айткандардын көпчүлүгүнүн өмүр баяндары китептерде жазылган. Бардыгынын илимдүү, такыбаалуу, салих, чынчыл адамдар болгондугу айкын. Мындай руханий жетилген салих адамдардын баарынын жалган айтуулары мүмкүн эмес. Мына, ошондой миллиондогон салих, такыбалуу адамдар өз муршиддеринин мажлисине катышуу аркылуу жүрөктөрүнүн Расулуллахтын мажлисинде тараган нурга толгонун бир добуштан маалымдап мындай деген: "Салихтердин мажлистеринде жүрөгүбүздө ыйман менен фикх илиминен башка өзгөчө бир абал пайда болду. Ушул абал пайда болгондон кийин, жүрөгүбүз Аллахка деген сүйүүгө, Аллахтын сүйгөндөрүнө болгон сүйүүгө жана Аллаху тааланын буюрган нерселерине болгон сүйүүгө толду. Жакшы амалдарды, ибадаттарды аткаруу лаззаттуу боло баштады. Ахли сүннөт аалымдары билдирген туура ишенимдер көңүлдөрүбүзгө орноду”. Жүрөктөрдө пайда болгон бул абал, арийне, жетилүү, жогорулоо эле.

Олуяда кереметтер болот. Керемет – Аллаху тааланын адаттагыдан тышкары, б.а., табият таануу жана табият илимдеринин сыртында жараткан нерселери. Ал эми, бир адамда табият таануу мыйзамынан сырткаркы жагдайлардын көрүлүүсү ал адамдын сөзсүз эле олуя экендигин билдирбейт. Аллаху таала жактырбаган адамдарда да, капырларда да ушул сыяктуу адаттагыдан сырткары, таң каларлык нерселер көрүнүүсү мүмкүн. Олуяда (рахметуллахи таала алейхим ажмаин) керемет менен бирге такыбаа да болот. Такыбаа – Аллаху тааладан коркуу, Анын буйруктарына, тыюу салгандарына баш ийүү дегенди билдирет.

Олуялык Аллаху таалага жакын болуу деген маанини билдирет. Бирок, адамдардын Аллаху таалага жакын болуусу эки түрдө жүзөгө ашат. Биринчи жакындык Аллаху тааланын бардык адамдарга жакын болуусу. "Кахф” сүрөсүнүн 16-аятында: "Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз” жана "Хадид” сүрөсүнүн 4-аятында: "Кайсы жерде болсоңор да Аллаху таала силер менен бирге”, - деп билдирген. Экинчи жакындык - Аллаху тааланын адамдардын бир гана улууларына жана периштелерге жакындыгы. "Алак” сүрөсүнүн соңку аятында: "Сажда кыл да, Аллаху таалага жакында!” - деп айтылган. Жогоруда келтирилген кудси хадисте: "Кулум мага напил ибадаттарды кылып ушунчалык жакындайт, аны жакшы көрөм...”, - деген. Ушул аят жана хадисте билдирилген жакындык бир гана тандалган, бийик даражадагы улуу адамдарда болот. Бул жакындык "Вилайат”, б.а., "олуялык” деп аталат. Ошол жакындыкка жетүү үчүн алгач ахли сүннөт ишенимине ылайык ыйманга ээ болуу керек. "Али Имран” сүрөсүнүн 68-аятында: "Аллаху таала ыйман келтиргендерди жакшы көрөт”, – деп айтылган. Ал эми, момундардын ичиндеги тандалгандарды өтө жакшы көрөт. Жараткандын бардык момундарды жакшы көрүүсү "вилайат-и амма” (жалпы олуялык) деп аталат. Тандалган момундарды жакшы көрүүсү "вилайат-и хасса” (өзгөчө олуялык) деп аталат. Жогорудагы аталган кудси хадисте айтылган сүйүү – мына ушул. Бул сүйүүнүн да даражалары бар.

Аллаху тааланын кулдарына деген ошол эки жакындыгы аяти карима жана хадиси шарифтер менен билдирилгендиктен экөөнө ишенүү важиб болот. Аллаху тааланын бизди көрүп тургандыгына ишенгенибиз сыяктуу эле, Анын бизге деген ошол эки жакындыгына да ишенүүбүз керек.          

Толук такыбаалык бир гана олуяда болот. Кызгануу, кек сактоо, текебердик, атак-даңкка болгон махабат сыяктуу напсинин жаман сыпаттары толугу менен жок болбой туруп толук такыбаалыкка ээ болуу мүмкүн эмес. Булардан толугу менен тазалануу үчүн напсинин фани (өз табигый сыпаттарынан тазаланып, өздүгүн жоготуу) болуусу шарт. Аллаху тааланы сүйүү, дүнүйөлүк бардык нерселерден артык болмоюнча толук ыйман жана толук такыбаалык болбойт. "Бухари” жана "Муслим” китептеринде айтылган хадиси шарифте: "Бир мусулман мени ата-энесинен жана балдарынан да көбүрөөк сүймөйүнчө, анын ыйманы толук болбойт”, - деп билдирилген. Дагы бир хадиси шарифте: "Үч түрдүү адам ыймандын даамын тартат; 1. Аллах менен Анын Расулун бардык нерседен артык сүйгөндөр. 2. Бир гана Аллах сүйгөн адамдарды сүйгөндөр. 3. Ыйманга ээ болгондон кийин капыр болуп калуудан отто күйүүдөн да катуураак корккондор”, - деп билдирилген.

Расулуллах: "Сахабаларымды урматтагыла!” - деп айтат. "Хужурат” сүрөсү, 13-аятта: "Урматка ылайыктуулар – Аллахтан көп корко турган такыбаалуулар”, - деп кабар берилген. Ошондуктан да, Ислам аалымдары бир добуштан сахабалардын бардыгы ушул үммөтүн эң улуулары жана такыбаалуулары экендигин билдиришет. Анткени, сахабалардын бардыгы Аллахтын Расулунун мажлистерине катышуу аркылуу олуялык даражасынын эң жогору тепкичине көтөрүлүшкөн. "Тообо” сүрөсүнүн 101-аятында: "Ыймандары алдыда болгондор жана хижрада (көчүү) алдыда болгондор”, - деп макталган сахабалар эле. "Вакиа” сүрөсүнүн 10-аятында: "Ыймандары алдыда болгондор – Аллаху таалага жакындыкта алдыда болгондор. Алардын бардыгы Аллахга жакын мукарраб (Аллахтын жакын достору)”, - деп айтылган.

Батындын (жүрөктүн, рухтун) кемелдикке жетүүсү үчүн тасаввуф жолунда илгерилөө - важиб. "Али Имран” сүрөсүнүн 102-аятында: "Эй, момундар! Аллаху тааланын тыюу салган нерселеринен толук сактангыла!” - деп буюрулган.

Такыбаага бир гана напил ибадаттарды жасоо аркылуу ээ болуу мүмкүн эмес. Такыбаа фарздар жана важибдерди орундоо, харам нерселерден сактануу дегенди билдирет. Ыкылассыз, туура ниетсиз кылынган фарз жана важибдердин эч кандай кадыры жок. "Зумар” сүрөсүнүн 2-аятында: "Аллахка ыкылас менен ибадат кыл, ибадат бир гана Ага кылынат”, - деп айтылган.

Такыбаанын даражалары чексиз, эсепсиз. Хадиси шарифте: "Ичиңерде Аллахты эң жакшы таануучу жана Андан эң көп коркуучу менмин”, - деп айтылган. Адам олуялык даражаларында көтөрүлгөн сайын, Аллаху тааладан коркууусу да арта берет. "Хужурат” сүрөсүнүн 13-аятында: "Аллаху тааланын жанында эң урматтууңар – Андан эң көп корко турганыңар”, - деп билдирилген. Такыбаанын даражалары чексиз болгондуктан олуялык даражаларында илгерилөө үчүн ар дайым эмгектенүү, умтулуу – важиб. Батын илимин арттырууну каалоо, талап кылуу – ар дайым фарз. "Таха” сүрөсүнүн 114-аятында: "Сүйүктүү Пайгамбарым! Сен ар дайым: "Эй, Раббим, менин илимимди арттыр”, - деген дубаны оку”, - деп айтылган. Бир олуянын ээ болгон даражада (рухани баскычтарда) калуусу, ары карай көтөрүлүүсүн калабоосу харам болот.

Батын (жүрөк, рух) маселесинде даражасын көтөрүүгө тырышуу важиб болгондуктан ушул рухани жолдо чебер жол көрсөтүүчү муршидди издөө да важиб болот. Ал эми, жалганчы жол көрсөтүүчүлөргө алданып калбоо керек.

"Муршиди камил” деп аталган кемел муршиддин белгилери бар. Биринчиси, ахли сүннөт ишениминде болуусу жана Ислам өкүмдөрүнө толук амал кылуусу. Экинчиси, хадиси шарифта кабар берилгендей, алар менен сүйлөшкөндө жана аларды көргөндө Аллаху тааланы эске түшүрүү. Ушундай чыныгы муршидди жолуктурган адамдын жүрөгүнө Аллаху тааладан башка бардык нерселер суук сезилет. Расулуллахтан олуялардын белгилери туралуу суралган кезде: "Аларды көргөн кезде Аллаху таала эске түшөт”, - деп жооп берген. Бир хадиси шарифте: "Аллаху таала: "Мен зикир кылынган кезде олуяларым, алар зикир кылынган кезде Мен эске түшөм”, - деген”, - деп билдирилген. Ал эми, Аллахты эстөө үчүн олуя менен байланышуу кажет. Олуялыгына ишенбеген, мойнуна албаган жана кабылдабаган адам ага байланган болбойт. Ишенбеген адам бул ниматка жете албайт.

Исмат – пайгамбарларга таандык болгон касиет, сыпат. Исмат – билип туруп же билбей чоң жана кичине эч кандай күнөө кылбоо деген сөз. Олуяда исмат сыпаты бар деп айтуу куфур болот.           

Бардык сахабалар (радиаллаху анхум) бардык олуялардан жогору турат. Табаи табиин болгон Абдуллах ибни Мубарек: "Хазрети Муавиянын (радиаллаху анх) Расулуллахтын алдында минген атынын мурдуна кирген чаң Вейсел Караниден жана Умар бин Абдулазизден алда канча кайырлуу”, - деген сөзү Пайгамбардын замандашы болуунун артыкчылыгын өтө жакшы түшүндүрөт.

Фарздарды, важибдерди орундап, харамдардан, шектүү нерселерден сактангандан кийин напил ибадаттардын эң таасирлүүсү зикир болуп саналат. Ар дайым Аллаху тааланы зикир кылуу керек. Хадиси шарифте: "Бейиштегилер эң көп дүйнөдө Аллаху тааланы зикир кылбастан өткөргөн убакыттарына катуу өкүнүшөт”, - деп айтылган. Напси фани болбой туруп, б.а., жаман сыпаттарынан тазаланбай туруп башка напил ибадаттар менен алектенүү жана Курани каримди окуу аркылуу Аллаху таалага жакындоо мүмкүн эмес. Батынды, б.а., ички дүйнөнү тазалабай туруп, булар аркылуу көтөрүлүү, илгерилөө жүзөгө ашпайт. Батынды тазалоо Аллахты зикир кылуу менен жүзөгө ашат. Хадиси шарифте: "Зикирдин эң жакшысы -  ла илаха иллаллах деп айтуу”, - деп билдирилген. Ошондуктан, бош убакыттарда ушул таухид калимасын окуп жүрүү керек. Андан калган убакыттарда салих адамдар менен, акырет адамдары менен бирге болуп, маектешүү кажет. Андай салих адам табылбаса, алардын китептерин издеп таап окуу керек. Муртаддар менен, бидатчылар менен, фасыктар менен дос, маектеш болбоо керек. Көз көрүнөө харам иш кылган адам "фасык” деп аталат. Динде илими аз сабатсыздар менен, дүйнөгө берилген адамдар менен, мазхабсыздар менен аралашпаш керек. Алар менен сүйлөшүү адамдын батынын (ички дүйнөсүн, рухун, жүрөгүн) бузат. Олуянын мажлисине катышуу – зикирден жана башка напил ибадаттардан да пайдалуу. Асхабы кирам "радиаллаху таала анхум” бири-бирин көргөн кезде: "Бираз мени менен бирге отурчу. Ыйманымды жаңылап алайын”, – дешчү эле.

Мухаммед Париса "Рисалаи кудсийа” китебинде айтат: "Хазрети Юсуфи Хамаданиден "камил устаз таба албасак эмне кылабыз?” - деп сурагандарга: "Күндө алардын китептерин окугула”, - деп жооп берген эле”. Бул доордо ыйман саламаттыгына жетүү үчүн Имам Раббанинин (рахметуллахи алейх) "Мектубат” китебин окуу керек.

Керемет – бул чындык. Керемет – Аллахка шерик кошуудан кутулуп, марифатка – Аллахты таануу илимине жетүү деген сөз. Керемет менен истидражды бири-бири менен чаташтырбаш керек. Керемет ээси болууну максат кылуу, каалоо – Аллахтан башканы сүйүү болуп саналат. Керемет – курб (жакын болуу) жана марифатты (Аллахты таануу) билдирет. Кереметтин бир салих кишиде көп көрүнүүсү тасаввуф (сопулук) жолунда даража-даража көтөрүлүү убагында өтө илгерилөөнү жана түшүүдө аз төмөндөөнү көрсөтөт. Керемет "йакин” деп аталган көз менен көрүп тургандай өтө бекем ишенүү сезимин күчөйтүү үчүн керек. Йакинге ээ болгон олуя кереметке муктаж болбойт. Жүрөктүн зикирге адаттануусунун жанында кереметтин эч кандай баркы жок. Бир олуянын кашифи (жүрөгүнө аян болгон илим), илхамы башкалар үчүн далил болбойт. Ал эми, бир мужтахиддин сөзү анын мазхабындагы адамдардын бардыгына далил болот. Кашиф, керемет ээси болуу даражанын жогору экенин билдирбейт. Андай руханий укмуштай өзгөчөлүктөр сопулук жолундагыларда пайда болот. Жолдун аягына жеткендер Аллахтын улуулугу алдында таң басып, ибадатка толук бойдон берилишет. Ошондуктан, олуянын алдына карапайым болуп, башын ийип баруу, алардан көп пайдаланууга себеп болот. Олуянын кийимин адеп менен, урматтап кийип жүргөн киши чоң пайдаларга жетет. Аллаху таала олуяларды чоң күнөөлөрдөн сактайт. Кээ бир олуялардын өзүнүн мекенинен алыс жерлерде көрүнгөндүгү белгилүү. Бул көрүнүш алардын рухтарынын өз денелеринин сүрөтүндө көрүнүүсүнөн башка нерсе эмес. Бул дагы Аллаху тааланын сүйүктүү кулдарына берген сыйлыгы. Олуялар кичинекей күнөөлөрдөн корголгон эмес. Бирок, ага дароо тообо кылып, жакшы иштерди жасап, кечирим сурашат. Олуялар адамдарды Исламда ачык билдирилген буйруктарды орундоого жана руханий, жашыруун илимдерди үйрөнүүгө чакырат. Олуялардын бир бөлүгү сопулук жолунда руханий бийик даражаларга көтөрүлгөндөн кийин кайра "себептер дүйнөсү” деп аталган биздин жашообузга рухтары менен кайтпайт. Ошондуктан, алар себептер ааламына толук түшкөн пайгамбардык артыкчылыктарынан кабарсыз калат да, элге пайдалары тийбет жана фейз бере алышпайт. Андайларды адамдар дервиш, мажнун, жинди деп ойлошот. Олуялардын көпчүлүгүндө олуялыктын эң жогорку касиеттери көрүнөт. "Кутубдар”, "автад” жана "абдалдар” (чилтен-кырктар) ушуларга жатат. Булардын жаштарды жетилдире алуулары Хазрети Алинин (радиаллаху таала анх) жардамы менен болот.

Олуялардын бийиктиктери арасындагы айырмачылыктар Аллаху тааланын аларды жакшы көрүү даражасына байланыштуу болот. Олуялык – жаман кулк-мүнөз, жаман адаттардан кутулуу дегенди билдирет. Олуя өзүнүн олуя экенин билүүгө милдеттүү эмес. Бир кулга олуялык берилсе, бирок, өзүнө билдирилбесе бул эч кандай кемчилик эмес. Олуя болуу үчүн дүйнө жана акырет махабатын көңүлдөн чыгаруу керек. Пайгамбардык даражаларында акыретке берилүү жакшы болуп саналат. Адамда рух ааламынан келген он латифа – он кубат бар. Олуялык жана пайгамбардык даражаларынын касиеттери мына ушул он латифада (күчтө, кубатта) көрүнөт. Олуялык – фена (жок боло тургандардан тазаруу) жана бэка (түбөлүккө байлануу) дан турат. Б.а., жүрөктү дүйнөгө берилүүдөн куткарып, Аллаху таалага ашык кылуу. Олуялыкты акыл-ой менен түшүнүүгө болбойт. Олуялык Аллаху таалага жакындык болуп, жаратылган нерселер тууралуу ойлонууну көңүлүнөн чыгара алган адамдарга гана берилет. Аллахтан башка бардык нерсени көңүлдөн өчүрүү "фена” деп аталат. Олуялыктын бардык даражалары бир гана Исламга моюн сунуу аркылуу жүзөгө ашат. Олуялык даражаларынын бардыгынан өтүп, чынына жеткендердин кашиф жана илхам менен жүрөктөрүндө пайда болгон илимдеринин бардыгы ахли сүннөт аалымдарынын китеп менен сүннөттөн чыгарып билдирген илимдерине ылайык болот. Олуялык даражаларынын аягы, чеги кулчулук мартабасы (даражасы) болуп саналат. Кулчулук мартабасынан жогорку мартаба болбойт.

Эч бир Ислам аалымы (рахимахумуллаху таала): "Мен керемет ээсимин, тилектериңерди орундай алам”, - деп айткан эмес. Тескерисинче, кереметтерин жашырууга аракет кылышкан. Алар Ислам динин, Курани карим жана хадиси шарифтердин маанилерин түшүндүрүү менен алектенишкен. Эч бир Ислам аалымы: "Лавхул махфузду, кайыпты билемин”, - деп айткан эмес. Аллаху таала каалаган, сүйгөн, тандаган кулуна кайыптан кээ бир нерселерди билдирет. Кереметтерди насип кылат. Бирок, алар бул кереметтерин эч кимге жарыя кылбайт, айтпайт. Аллахтын бул таң калыштуу сыйлыктары аларда өздөрүнүн каалоолорусуз эле пайда болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш