Ислам дини » Олуялар » Олуя болуу үчүн




Олуя болуу үчүн


Суроо: Эмгектенүү менен олуя болуш мүмкүнбү? Эгер мүмкүн болгон болсо кандайча эмгектенүү керек?

ЖООП: Дин китептеринде мындайча билдирилет:

Олуя болуу үчүн Аллаху тааланын сүйүүсүнө жетүү жана масива делген нерселерди [б.а., Аллахтан башка нерселерди] көңүлдөн чыгаруу керек. Б.а., дүнүйөгө болгон сүйүүнү көңүлдөн чыгаруу керек. Аллаху тааланын сүйүүсүнө жетүү үчүн алгач Ахли сүннөт аалымдары билдиргендей ыйман келтирүү, кийин динибизде харам болгон нерселерден сактануу, буйрук кылынган ибадаттарды аткаруу жана момундарды сүйүү керек. Ыклас менен кылынбаган ибадаттын пайдасы болбойт, сообу болбойт. Ыклас – бул бардык нерсени Аллах ыраазылыгы үчүн кылуу. Ыклас Аллаху тааладан башка эч бир нерсени сүйбөө менен, бир гана Аны сүйүү менен өзүнөн өзү пайда болот.

Намаз окуган, харам нерселерди кылбаган Ахли сүннөт ишениминдеги адам салих [жакшы адам] деп аталат. Аллаху тааланын ыраазылыгына, сүйүүсүнө жетүү менен Олуя болот. Көңүлдө табият абалына айланбастан өзүн кыйноо менен күнөөлөрдөн сактануу да такыбаалык менен болот, бирок, олуя болуу үчүн күнөө кылбоо деген нерсе табият, мүнөз болуп орношуусу керек. Бул үчүн көңүлдүн тазалануусу керек. Көңүлдү тазалоо Исламиятка баш ийүү аркылуу ишке ашат.

Олуя болуу үчүн Исламият маалыматтарын үйрөнүү жана буларды кармануу шарт. "Такыбаа ээлерине Аллаху таала илим ихсан кылат” деген маанидеги аяти карима муну далилдөөдө. Сүннөттү, б.а., Исламиятты карманбаган, бидаттардан сактанбаган адамдын көңүлүнө илхам келбейт. Мунун айткан нерселери напсиден жана шайтандан келген бузук нерселер.

Олуялык жаман мүнөздөрдөн кутулуу болуп саналат. Олуя адам өзүнүн Олуя экендигин билүүсү керек эмес. Олуялык берилип, Олуя экендиги билдирилбесе эч бир кемчилик болбойт.

Олуя болуу үчүн Аллаху тааланын ахлагы менен ахлактануу керек. Б.а., Аллаху тааланын сыпаттарына ылайык сыпаттар олуяда пайда болот, бирок, бул окшоштук бир гана ысымда болуп эсептелет жана ылайыктык сыпаттардын жыйынтыгында. Ал эми сыпаттардын өзгөчөлүктөрүндө биргелик боло албайт. "Аллаху тааланын ахлагы менен ахлактангыла” деген буйрукту түшүндүрүүдө Хаже Мухаммед Париса хазреттери мындай деген:

"Аллаху тааланын бир ысымы Малик. Бул бардык нерсеге хаким, галиб дегенди билдирет. Шакирт тасаввуф жолунда илгерилөөдө напсине ээ болуп, галиб болуп жана башкалардын дагы көңүлдөрүнө таасир кылып баштаса мына ошол сыпат менен ахлактанган болот.

Аллаху тааланын бир ысымы Сами. Б.а., угуучу. Шакирт ким айтса айтсын туура сөздү кабылдап, жашыруун акыйкаттарды жан кулагы менен укса мына ушул сыпат менен мүнөздөнгөн болот.

Бир сыпаты болсо Басир. Б.а., Аллаху таала бардык нерсени көрөт. Шакирттин калб (көңүл) көзү ачылып жана фирасат нуру менен өз кемчиликтерин жана башкалардын жакшы мүнөздөрүн көрсө, б.а., башкаларды өзүнөн да жогору көрсө жана Аллаху тааланын ар убакта көрүп тургандыгын көз алдында кармап дайым Аллаху таала жактырган нерселерди аткарса мына ушул сыпат менен мүнөздөнгөн болот.

Бир сыпаты болсо Мухйи. Б.а., Аллаху таала тирилтүүчү. Шакирт унутулган сүннөттөрдү жандандырып, ортого чыгарып белгилүү кыла турган болсо мына ушул сыпат менен сыпаттанган болот.

Бир сыпаты Мумит, б.а., өлтүрүүчү дегенди билдирет. Шакирт сүннөттөрдүн ордуна орноп калган бидаттарды жок кыла турган болсо мына ушул сыпат менен сыпаттанган болот. Бардык сыпаттар мына ушулар сыяктуу болот.”

Муса алейхиссалам чөлдө бир чабанга кезигип: "Жеп-иче турчу бир нерсең барбы?” – дейт. Чабан: "Аллах карим”, – деп таягын жерге урат. Жерден эки булак атырылып чыгат. Биринен суу, экинчисинен сүт чыгат. Хазрети Муса чабандын жанынан кеткенден кийин Аллаху тааладан сурайт:

-Йа, Рабби, бул чабанга керемет бурүүңдүн себеби эмне?

-Йа, Муса, Анын көңүлүндө менден башка нерсе жок. Беш жакшы сапаты бар болгондугу үчүн ага бул кереметти бердим. Бул сапаттар мына булар:

1-Мени аз убакытка болсо да эсинен чыгарбайт.

2-Эч кимге хасед кылбайт.

3-Дайыма күнөөдөн качат.

4-Ырыскысы үчүн убайым болбойт, кайгырбайт.

5-Дайыма менден коркуунун ичинде.

Ар бир иште Аллаху тааланын ыраазылыгын ойлогон адам Хактын сүйүктүү кулу, б.а., олуя болот.

Ишенимине же амалына бидат аралаштырган адам олуя боло албайт. Бидат ээсинин ибадаттары кабыл болбойт. Кимде ким ыклас менен диндин буйруктарына баш ийсе, Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуса Аллаху таала ага билбеген илимдерин үйрөтөт. Мына ушундайча ыкластуу бир заттын, улуу олуялардын руханиятынан пайдалануу менен олуя болуусу жеңилдейт. (Хадика)

Мазхар Жаны Жанан хазреттери буюрган:

"Бардык фейздерге, бардык жакшылыктарга устаздарыма болгон сүйүүмдүн себеби менен жеттим. Кемчиликтүү ибадаттарыбыз бизди Аллаху таалага жакындатууга [олуя болууга] себепчи боло алабы?”

Ахли сүннөт ишенимине ээ болуу үчүн Аллаху тааланын сүйгөндөрүн сүйүү, душмандарын сүйбөө керек. Мисалы, Аллаху таала Асхаб-ы кирамдын бардыгын сүйөт. Булардан бирин жактырбаган адам Ахли сүннөт боло албайт. Ахли сүннөт болбогон адам болсо олуя боло албайт.

Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Бир адам момундар үчүн ар күнү 25 жолу истигфар окуса Аллаху таала мунун көңүлүнөн куулук жана хаседди чыгарат. Ысымы абдал деп аталган олуялардын арасына жазылат. Ага бардык мусулмандардын санынчалык сооп берилет. Кыяматта бардык момундар: "Йа, Рабби, биз үчүн истигфар окуган бул кулуңду кечир!” – дешет.” [Мифтах-ун-нажат]

Момундар үчүн окулган истигфар:

(Аллахуммагфир-ли веливалидаййа, вели устазиййа, валил-муминина вал-муминат, вал-муслимина вал-муслимат, ал-ахйа-и минхум вал-амват, бирахматика йа архамаррахимин.)

Хадиси шарифте билдирилген жакшылыктарга жете алуу үчүн, албетте, Ахли сүннөт ишениминде болуу жана динибиздин буйрук жана тыюуларына маани берүү шарт. Ишеними бузук болгон адамдын, бидат ээсинин окуусу пайда бербейт.

Фена жана бека

Суроо: Тасаввуф китептеринде фена, бека деген сөздөр жазылган. Булардын мааниси кандай?

ЖООПФена – фани болуу, жок болуу, б.а., жаман ахлактан кутулуу, диндин буйруктарын толугу менен кармануу. Бека - көркөм мүнөздүү болуу. Аллаху тааланы бардык нерседен, жанынан, малынан жана бала-чакасынан да артык сүйүү фенафиллах деп аталат. Бекабиллах болсо – Аллаху тааланын ал адамды сүйүүсү.

Илгерилөөнүн белгиси

Суроо: Ахли сүннөт ишенимин үйрөнүп, Ислам аымдарынын китептерин окуп жана Силсиле-и алийа улуктарын сүйүп баштаганымда менде кээ бир абалдар пайда болчу эле. Азыр дагы муну улантып жатканыма карабастан мындай абалдар пайда болбой жатат. Бул эмненин белгиси?

ЖООП: Жакшынын, илгерилөөнүн белгиси.

Улуу заттарды көрө албоо

Суроо: Мурда улуу заттарды түштө көрчү жана сүйүнчү элем. Азыр эч көрө албадым. Бул динде артка кетүүнүн белгиси болушу мүмкүнбү?

ЖООП: Жок. Дин китептеринде: "Жолдун башындагыларды таттуу түштөр менен байлашат. Байлануу кубаттангандан кийин мындай түштөргө зарылдык калбайт”, - делүүдө. Түштөрдөн кутулуп ойгоо кезде аларды сүйгөндөргө, алардын китептерин көп окуп, аларга бекем кармангандарга сүйүнчүлөр болсун!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш