Ислам дини » Олуяны таануу » Шакирттин адеби




Шакирттин адеби


Суроо: Эски шакирттер устаздарына, б.а., муршид-и камилге карата адепке кандай көңүл бөлүшкөн?

ЖООП
Ахмед Ясеви хазреттери буюрган:

Шакирттин устазына карата сактоосу керек нерселерден кээ бирлери мына булар:

1- Устаздын шакирттеринин бардыгынан жогору экендигин билүү жана ага толугу менен таби жана таслим болуу (б.а., баш ийүү). Ага уйуп ичип-жеш же уктоо ага уйбастан түнү бою намаз окуудан жана күнүгө нафил орозо кармоодон да пайдалуу. Себеби, биринчисинде уйуу жана таслим болуу, экинчисинде болсо өз акылына салып аракет кылуу бар.

2- Шакирт өтө сергек дана дыкаттуу болуусу керек, устазынын сөз жана ишараларын түшүнүүсү керек.

3- Устазынын бардык сөздөрүнөн жана иштеринен ыраазы болуп ага баш ийүүсү керек.

4- Устазынын жеке кызматында же буйрук кылган кызматын аткарууда абдан көңүл коюп, дыкаттык менен, оорбасырыктуу аракет кылуусу керек. Каалоосуздук, мажүрөөлүк абал устазынын ыраазысыздыгына себеп болуусу мүмкүн. Анын ыраазысыздыгы силсиле жолу менен Расулуллахка "саллаллаху алейхи ва саллам” чейин барат. Себеби, Ислам аалымдары Анын мурасчылары.

5- Сөзүндө бекем болуусу керек. Устазынын бийиктиги тууралуу эч бир убакыт шекке кирбөөсү керек. Шек саноо анын балээге кирүүсүнө себеп болушу мүмкүн.

6- Устазына баш ийүүдө жана таслим болууда өтө дыкат кыймыл аракет кылуусу керек.

7- Устазынын кенедей бир ишарасы менен бардык малын жана мүлкүн курман кылууга даяр болуусу керек, мында кенедей дагы арсарлык абалда болбоосу керек.

8- Устазына тийиштүү өзгөчө абал жана сырларды жашырууну билүүсү керек.

9- Устазынын бардык кыймыл аракет жана сөздөрүнө дыкаттык менен назар оодарып, буларга уйууда мажүрөөлүк кылбоо керек.

10- Аллаху таалага жетүү жолунда өзүн себеп кылган устазы үчүн ар кандай фадакарлыкка (ар нерсесин курман кылууга) даяр болуусу керек. Аны сүйгөндөргө дос болуусу керек, сүйбөгөндөргө жана душмандарына сүйүү көрсөтүүнү өлтүрүүчү уу деп билүүсү керек.

Шакирттик оңойбу?

Суроо: Эскиден аалым жана олуя заттарга шакирт болушчу экен. Ар ким шакирт болчу беле? Шакиртти сынашчу беле? Шакирт эмнелерге көңүл бурган?

ЖООП

Юнус Эмре кырк жыл отун ташыйт, жону жара болот, бир күнү өзү өзүнө: "Ушунча жыл эмгектендим, бирок, устазыбыз мага бир дагы даража бербеди”, - дейт.

Бул абал устазына маалым болот. Юнус Эмре дагы бир күнү тоодон отун алып келүүгө кетет. Отунду жонуна көтөрүп, кайтуу үчүн бийик тоонун чокусуна чыгат. Бул жерде шаарга түшүү үчүн демалып жатканда далылуу, бойлуу жигит жанына келет. Алтымыштык кары болгон Юнус Эмренин отунун алып кайра төмөнгө тоголотуп түртүп жиберет. Юнус Эмре бул отундарды жыйнаш үчүн бир нече саатын жумшаган эле. Себеби, ийри болгондорун албастан түз отундарды топтоо үчүн тоодон тоону кыдырчу. Юнус Эмренин ачуусу келет, бирок, жөн гана: "Балам, мен жаш болгонумда бул зулумдукту мага кыла албас элең”, - деп сүйлөнөт. Жаш жигит керемет менен дароо келбетин өзгөртөт, Юнус Эмре караса бул жаш жигит өзүнүн устазы. Кечирим сурап баштайт, бирок, устазы ага:

"Ооба, кырк жылдан бери отун ташып жүрдүң, бирок, менменсинүүдөн кутула албадың, мен жаш болгонумда дедиң, эгер МЕН дебегениңде сени өтө бийик макамдарга жеткизмекпиз.”

Жөнөкөйлүктү колдон таштабоо керек, бир нерсеге жетүү үчүн мен деп айтуудан алыс болуу керек. Тажрыйбалуу Юнус Эмре ырында мындай дейт:

Жөнөкөйлүк менен келсин кимде эрдик бар болсо.

Тепкичтен илгерилейт жогорудан карай турган болсо.

Ким жогоруда басса, эртедир кечтир жолдон таяр,

Тышына чыгат ичинде болгон нерсе.

Аксакалдуу бир кожо билбейт да абал канча,

Бошко барбасын Ажыга бир көңүл жыккан болсо.

Шакирттикке талапкер болуу кыйынчылыкка талапкер болуу дегенди билдирчү. Муну ар эр жигит кыла алчу эмес. Ошондуктан, шакирттик кыйын, отун ташытышат, боор саттырат, уу таттырат, бардыгына чыдаш керек.

Хазрети Муса Пайгамбар кезде Хызыр алейхиссаламга шакирттик кылган. Ошондуктан, аалымдар: "Шакирт бийлик мартабасы менен устазынан жогору болсо да устазына жөнөкөйлүк көрсөтүүсү керек. Илим шакирти, илимге жана илим үйрөткөн устазына урмат көрсөтмөйүнчө үйрөнгөн илиминин пайдасын көрө албайт”, - деп буюрушкан.

Жөнөкөйлүк, кичи пейилдиктин ашыкча жери темеллук деп аталат. Напсин тебелөө дегендик. Муну кылуу жаиз эмес. Темеллук бир гана устазга, аалымга карата жаиз. Хадиси шарифтерде буюрулду:

"Устаздан башкага темеллук кылуу момундун ахлагынан эмес.” [И. Маверди]

"Устазга урмат кылган адам Раббине урмат кылган болот.” [И. Маверди]

"Илим үйрөткөн затка карата кичи пейилдик көрсөткүлө.” [Таберани]

Эски замандарда өтө садык бир шакирт устазына урмат катары анын эшигин какпай устазынын сыртка чыгуусун күтүп турчу эле. Устазынын акысы эне-атасынын акысынан мурда келе тургандыгын билчү эле. Устазына урмат көрсөтмөйүнчө окуган илиминен пайда ала албастыгын билчү. Устазынын жанында уруксатсыз сүйлөшпөйт, сүйлөш керек болуп калган кезде керектүү болгон өлчөмдө сүйлөчү. Мажбур болмоюнча суроо сурашчу эмес. Устазы ага кайрылган кезде устазын карап, башка эч бир жерди карашчу эмес. Устазынан өзү жактырбаган бир ишти көргөн кезде жаман ойго барышчу эмес. Хазрети Муса менен Хазрети Хызырдын окуясын эстешчү.

Абдуллахи Ансари Хирави хазреттеринин "Йа Рабби! Досторуңду ушундай кылдың, аларды тааныган адам сага жетүүдө, сага жете албагандар аларды тааныбады”, - деп буюрганындай Хак тааланын ыраазылыгына жетүү үчүн устазынын ыраазылыгына жетүүнү шакирт өзүнө шарт деп билүүсү керек. Устазынын кадырын билип, ага толук таслим болуусу керек. Жанаб-ы Хактын ыраазылыгына жетүү үчүн устазынын сухбатын чоң жакшылык деп билүүсү керек.

Шакир адептерден бир нечесин аткара албаганы үчүн кайгырса жана адептерди орундай албаса, б.а., канча аракет кылса да орундай албаса кечиримге ээ боло тургандыгын билүүсү керек. Тескерисинче, адептерге көңүл бөлбөй жана бул үчүн кайгырбаса устазынын фейз жана берекеттерине жете албай куруй тургандыгын билүүсү керек. Устазынын ар иши өзүнө жакшы болуп көрүнмөйүнчө анын бийиктиктеринен эч бирине ээ боло албай тургандыгын билүүсү керек. Устазына сүйүү жана берилүү менен бирге ичинде ага карата кылдай дагы жактырбоо боло турган болсо муну коркунуч деп билүүсү керек. (Мектубат-ы Раббани)

Илим жана кесип үйрөткөндөрдүн акылары чоң. Устазына урмат кылган адам жокчулук бетин көрбөйт. Устазына урмат кылбаган адамдын тапканынын берекеси болбойт. Хадиси шарифте: "Аталар үчөө: Булардын эң жакшысы илим үйрөткөнү”, - деп буюрулууда. Илим үйрөткөн зат ата катары билдирилген. Илим үйрөткөн устаздын дубасын алууга аракет кылуу керек! Хадиси шарифте: "Атанын баласына кылган дубасы, Пайгамбардын үммөтүнө кылган дубасы кабыл болот”, - деп буюрулууда. Илим атасы болгон устаздын дубасы албетте дагы да кадырлуу. (Имад-ул ислам)

Хазрети Алинин: "Мага илимден бир тамга үйрөткөн адамдын кулумун”, - деп буюруусу устазга болгон урматтын маанисин көрсөтүүдө. Бул жердеги бир тамга деп айтылган нерсе илимден бир маселе дегенди билдирет.

Имам Шафии хазреттери бир чабанды көргөн кезде өйдө турат. Жанындагылар: "Бул чабанга урмат көрсөтүүңүздүн себеби эмне?” – деп сурашканда: "Бул зат мага китептен таба албаган илимден бир маселени үйрөткөндүктөн, б.а., менин устазым болгондугу үчүн урмат кылуудамын”, - деп айтчу эле.

Туура жолду табуубузга себеп болгондорго, бизге өтө зарыл болгон илимдерди үйрөткөн адамдарга көрсөтүлө турчу урматтын маанисин ойлонууга аракет кылуубуз керек! (Р. Насыхин)

Шихабуддин-и Сухреверди хазреттеринин васиятында (осуятында) жазылган хадиси шариф мындай:

"Устазына урмат кылбаган адам үч түрдүү балээге дуушар болот:

1- Өзүнө билим жукпайт.

2- Билгендерин да унутат.

3- Өмүрүнүн акырында кедейликке дуушар болот.”

Устаздын акысы эне-атанын акысынан да жогору. Себеби, эне-ата баланы чоңойтот, багат. Жамандыктан, харамдардан коргойт. Ибадатка үйрөтөт. Устаз болсо дүнүйөлүк да, акыреттик да өмүрүнө ээ кылат, динин, Ахли сүннөт итикадын, фарздарды, харамдарды үйрөтөт. Динин, ыйманын үйрөткөн эне-атанын акысы устаз акысынан да жогору болот.

Өзүнө боор оорутуу

Суроо: "Улуу заттарды өзүңөргө боо ооруткула”, - деп айтылууда. Өзүбүздү турган турпатыбыздан башкача кылып көрсөтүү рия эмеспи?

ЖООП

Өзүн жогору жана муктаж эмес деп билүү коркунучтуу. Өзүнө боор оорутуу, абалын, муктаждыгын айтуу дегенди билдирет. Ач адам абалын айтпаса, дарты бар адам дартын билдирбесе анын абалын ким билмек эле? Абалын билдирген адам, жалбарган адам өзүнө боо ооруткан болот. Дубага, химматка муктаждыгы болгон адам дагы жалбарып абалын арыз кылуусу керек. Дубага, фейзге ээ болуунун жолдорун издөөсү керек. Бар болгон шарттарды жакшылап колдонуу керек. Имам Раббани хазреттери буюрууда:

"Дин улуктарынын жанына толуп кайтуу үчүн бош бойдон келүү керек. Алардын боор ооруулары, ихсан кылуулары үчүн бош экендигин билдирүүсү керек. Мына ушундайча фейз, ихсан жолу ачылат. Толтура келүү, дагы көп толтурууну ойлоо жакшы эмес. Көп толуу, толгондон кийин дагы артык алуу оорудан башка нерсени бербейт. Муктажсыздык кутурууга себеп болот. Шах-ы Накшибенд хазреттери: "Алгач оорулуунун жалбаруусу керек. Кийин көңүлү сынык болгон аны таважжух кылат”, - деп буюрду. Көрүнүп тургандай таважжухка, ихсанга жетиш үчүн жалбаруу [өзүнө боор оорутуу] керек.” (Мектубат 1/157)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш