Ислам дини » Олуялар » Тасаввуф (сопулук) деген эмне?




Тасаввуф (сопулук) деген эмне?


Суроо: Тасаввуф деген эмне?

ЖООП

Тасаввуф көңүлдү тазартуу, жаман мүнөздөрдөн тазалоо жана жакшы мүнөздөр менен толтуруу дегенди билдирет. Тасаввуф ал-ахвал иши болгондуктан аны башынан өткөргөн адам билет, айтуу менен түшүнүлбөйт.

Тасаввуф илими көңүл менен кылынуусу жана сактануусу керек болгон нерселерди жана көңүлдү, рухту тазалоонун жолдорун үйрөтөт. Бул "Ахлак илими” деп аталат.

Тасаввуф адамдары өз даражасына жараша тасаввуфту түшүндүрүшкөн. Бир канчасы мындай:

Тасаввуф – диндин буйруктарына моюн сунуп, тыюу салгандарынан сактанып, көңүлдү жаман мүнөздөрдөн тазалап, жакшы мүнөздөр менен толтуруу.

Тасаввуф – сүннөткө жармашуу жана бидаттардан сактануу.

Тасаввуф – напсинин ыйман келтирүүсү жана баш ийүүсү, бардык ибадаттардын жана бардык кайырлуу иштердин чыныгы жана кемчиликсиз болуусу. Аллаху тааланын лутуф жана ихсаны менен дагы да бийиктиктерге чыккандар болот.

Тасаввуф – өткүнчү болгон бир нерседен бетин буруп, түбөлүк болгон нерсеге байлануу.

Тасаввуф – Ислам ахлагы менен кооздонуу.

Тасаввуф – өлүүдөн мурда өлүү.

Тасаввуф – баштан аяк адеп, толугу менен адептен турат.

Тасаввуф – тагдырга ыраазылык.

Тасаввуф – Аллаху таалага эч шартсыз өзүн тапшыруу.

Тасаввуф – эмелди таштап амалды улантуу.

Тасаввуф – көңүлдү жаман мүнөздөрдөн тазалоо жана жакшы мүнөздөр менен толтуруу.

Тасаввуф – намаз, орозо жана түнү ибадат кылуу дегендик эмес. Буларды орундоо - ар бир адамдын кулдук вазыйпасы. Тасаввуф – адамдардын көңүлүн оорутпоо. Муну кылган адам максатка жеткен болот.

Тасаввуф – адамды ибадаттарда керек болгон ыкласка жана адамдарга карата мамиледе керек болгон көркөм ахлакка жеткире турчу жол. Адамга бул жолду муршиди камил үйрөтөт.

Тасаввуф – ар сөзүндө, ар ишинде динге кармануу.

Тасаввуф – ыздырап чегүү. Ырахаттык менен тасаввуф болбойт. Б.а., ашыктын машукту (сүйүктүүнү) издөөгө аракет кылуусу, машуктан башка бири менен ырахат болбоосу керек.

Тасаввуф – Расулуллахтын мубарек көңүлүнөн чыгып, олуялардын көңүлдөрүнө келген маалыматтар.

Тасаввуф – өз напсинин айыптарын, кемчиликтерин издөө жана динге моюн сунууда жеңилдик жана лаззат пайда болуу, жашыруун ширктен, куфурдан кутулуу.

Тасаввуф – ар кимге мээримдүү болуу жана уруксат болгон амалды таштоо.

Тасаввуф – Аллаху тааланы көрүп тургандай ибадат кылуу. Хадиси шарифте буюрулду:

"Аллаху тааланы көрүп тургандай ибадат кыл! Аны көрбөсөң Ал сени көрүүдө.” [Бухари]

Аллаху тааланын көргөндүгүнө ишенген адам Ал жактырбаган бир нерсени кыла алабы? Жанындагы эки периштенин күнөө жана соопторун жазуу менен милдеттүү экендигин билген адам жаман иштерди кыла алабы?

Тасаввуфтун жети жуздөн көп түшүндүрмөсү айтылган. Бардыгынын өзөгү өтө маанилүү ишти маанилүү иштен мурда орундоо болуп эсептелет.

Ыйлаган бир адамды көрсөк ал адамды ыйлаткан нерсенин эмне экендигин биле албайбыз. Эгер бутуна тикен киргендиги үчүн ыйлап жаткан болсо тикен бизге кирбегендиктен анын тартып жаткан ыздырабын түшүнө албайбыз. Бир жиндинин эмне үчүн күлүп жаткандыгын да биле албайбыз. "Мобул нерсе үчүн күлүп жатам” дегени менен ал окуя жиндиге таасир эткен сыяктуу бизге таасир этпейт. Ашыктын абалы башка. Тасаввуф дагы мына ушундай ички абал иши болгондуктан биз биле албайбыз.

Тасаввуфта макамдар (даражалар)

Тасаввуф адамдарынан болгон Мавлана Абдуррахман Жами хазреттери айтат:

Тасаввуфта макамдардын соңуна барган тасаввуф адамдары эки түрдүү:

Биринчиси: Пайгамбарыбыздын "алейхиссалам” изи менен жүрүп, кемелдикке жеткенден кийин адамдарды иршад кылуу (тарбиялоо) үчүн калк даражасына түшүрүлгөн иршад ахли болгондор.

Экинчиси – көтөрүлгөн даражаларында калтырылып, адамдарды жетилдирүү менен милдеттүү болбогондор. Булар олуя деп аталат.

Тасаввуф жолунда болгондор дагы эки бөлүктөн турат:

Биринчиси – Аллаху тааладан башка бардык нерсени унутуп, бир гана Аны каалашат.

Экинчиси – Жаннатты тилеген талапкерлер.

Имам Раббани хазреттери айткан:

"Тасаввуф адамдарындагы абалдар жана марифаттар махабаттын көп болуусунан пайда болот. Аллаху тааланын сүйүүсү бул улууларды ушунчалык каптагандыктан башка нерселердин аты-заты ойлоруна келбейт. Башка нерсе көрүшпөйт. Кааласа да каалабаса да сүйүү мастыгы жана үстүлөрүн бул абалдын каптоосу менен башка нерселерди жок деп билишет. Аллаху тааладан башка эч нерсе көрүшпөйт. [Халлаж Мансурдун "Энел-хак” дегени сыяктуу.] Бул абалдардын жана марифаттардын өтө тарабында башка кемелдиктер жана бийиктиктер бар, ал кемелдиктин жанында бул абалдар жана марифаттар океандын жанында бир тамчы сыяктуу.”

Тасаввуф– Яхуди же Грек философторунун ойдон чыгарган нерсеси эмес. Тасаввуф маалыматтарынын бардыгы Расулуллахтан "саллаллаху алейхи ва саллам” келүүдө. Булардын аттары кийин коюлган. Расулуллахтын Пайгамбар болгондугу билдирилүүдөн мурда көңүл менен зикир кылгандыгы абройлуу эмгектерде жазылган.

Зикир жана напси эсеби Расулуллах жана Асхабы кирам мезгилинде бар эле. Хижри 2.кылымдын акырларында Ахли сүннөттөн көңүлдөрүн гафлеттен (Аллахты унутуудан) коргогондордун жана напсилерин Аллахка баш ийүүгө ээ кылгандардын бул абалдарына Тасаввуф, ал эми өздөрүнө Софи (Сопу) деген ат берилген. Өзүнө эң алгач болуп софи деген ат берилген зат – Абу Хашим Софи.

Тасаввуф– ислам ахлагы менен ахлактануу үчүн керек болгон маалыматтарды үйрөткөн илим. Медицина илими ден-соолукка байланыштуу маалыматтарды үйрөткөн сыяктуу тасаввуф илими дагы көңүлдүн, рухтун жаман мүнөздөрдөн кутулуусун үйрөтүп, көңүл ооруларынын белгилери болгон жаман иштерден алыстатат, Аллах ыраазылыгы үчүн жакшы иш жана ибадат кылууну камсыздайт. Динибиз алгач илим үйрөнүүнү, кийин буга ылайык иш жана ибадаттын Аллах ыраазылыгы үчүн аткарылуусун буйрук кылууда. Кыскасы, дин "илим”, "амал” жана "ыкластан” турат.

Имам Малик хазреттери айткан:

Фыкыхты үйрөнбөстөн тасаввуф менен алектенген адам динден чыгат, зындык болот. Фыкыхты үйрөнүп тасаввуфтан кабары болбогон адам бидат ээси, жолдон адашкан болот. Экөөнү тең үйрөнгөн адам акыйкатка жетет. (Мереж-ул бахрейн)

Көңүлдүн жаман мүнөздөрдөн тазалануусу үчүн Аллах үчүн болбогон бардык нерсеге карата болгон сүйүүнү көңүлдөн чыгаруу керек. Бул жолдо алга карай илгерилөө Пайгамбарлардын ахлагынан болуп саналат.

Жаман сапаттар - жахилдик (дин сабатсыздыгы), ачуулануу, рия, кек, көралбастык, текеберлик, ужуб (өз ибадаттарын жактыруу), сараңдык, байлык жана бийликти жактыруу, макталууну жактыруу, айыпталуудан коркуу, суизан, мактануу сыяктуу нерселер.

Жакшы мүнөздөр – илим, тафаккур, ыраазылык, уяттуулук, карапайымдык, мээрим, мурувват, жоомарттык сыяктуу жакшы иштер. Жаман сапаттардан кутулуу жана жакшы мүнөздөр менен кооздонуу менен адамдын көңүлү тазаланган болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш