Ислам дини » Олуяны таануу » Олуянын белгилери




Олуянын белгилери


Олуянын белгилери.

Суроо: Олуяны кантип таанууга болот, өзгөчөлүктөрү кандай?

ЖООП:

Эмгектенип иштөө фарз болгондуктан пайгамбарлар жана олуялар дагы эмгек кылышат. Мисалы, Адам алейхиссалам дыйканчылык менен алектенчү. Нух алейхиссалам жыгач уста, Давуд алейхиссалам темирчи эле. Олуялар да түрдүү кесиптин ээси болчу. Аллаху таала: "Сүйгөндөрүмдү (олуямды) элдин ичине жашырам, ар ким тааный албайт”, - деп айтууда. Аларды тааныгандар аз болсо да бар.

Олуянын өзгөчөлүктөрүнөн кээ бири төмөндөгүдөй:

1 - Олуянын керемети болот. Кайыпты олуя гана эмес периштелер жана жада калса пайгамбарлар дагы биле албайт. Бирок, Аллаху таала тилесе каалаган бир кулуна билдирет. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) кайыпты билдирген алда канча мужизaлaры бар. Олуянын да кайыпты билдирген көп кереметтери көрүлгөн.

2 - Олуяны көргөн адамдын көңүлү ага тартылат. Олуянын ар бир сөзү ар бир кыймыл-аракети Исламга ылайык болот. Жанында болгон адамдардын көңүлдөрүндө Аллаху тааладан коркуу жана Аллаху таалага болгон махабат пайда болот. Башка нерселерден алыстайт. Олуя өлгөн көңүлдөрдү тирилтет. Көңүлдөрдөгү датты тазалайт. Анын жанында турган адамдын күнөө кылуу деген каалоосу жок боло баштайт.

3 - Туура эмес ишенимде болгон олуя болбойт. Амалда жана итикадда бидаттын караңгылыгы, олуялык нурунун көңүлгө кирүүсүнө тоскоол болот. Көңүл бидаттардан тазаланмайынча жана туура ишенимге ээ болмоюнча акыйкат күнүнүн нурлары ал жерге кире албайт.

4 - Олуя бардык жаман мүнөздөрдөн алыс. Жакшы мүнөздөр менен кооздонгон. Өзүнө зулумдук кылгандарды кечирет, таарынгандарга жакшылык жана ихсан кылат. Анда байлыкка, мансапка жана атак-даңкка деген кумар болбойт. Макталууну жактырбайт. Жамандалуудан коркпойт, кичи пейил болот. Өзүн эч кимден жогору көрбөйт. Эч кимди төмөнсүнтпөйт. Илимдүү жана ихлас менен амал кылат. Эч кимдин зыянын каалабайт. Бардыгына мээримдүүлүк кылат. Адамдардын бактылуу болуулары үчүн аракет кылышат. Сөзүндө турат. Эч кимге кыянат кылбайт. Су-и зандан (жаман ойдо болуудан), ушак жана фитнадан (бүлүк чыгаруудан) узак турат. Өзүнүкү туура болсо да талашып-тартышпайт. Кыйынчылыктарга, кырсыктарга сабыр кылат. Ниматтарга шүгүр кылат. Адистер менен кеңешип аракет кылат. Күнөө кылуудан жана өзгөчө ыймансыз кетүүдөн аябай коркот. Көп истигфар кылат.

Кыскасы олуя - эң жакшы адам. Мухаммед Салих хазреттеринен: "Бир адамдын олуя экенин кандай билүүгө болот?" - деп сурашканда: "Таттуу тилинен, жакшы мүнөзүнөн, жылуу жүзүнөн, жоомарттыгынан, тартышпоосунан, кечиримдүүлүгүнөн жана ар кимге мээримдүүлүгүнөн бир адамдын олуя экенин билүүгө болот.”

Мурда олуя көп эле

Мурда Абдулкадир Гейлани, Имам Раббани жана Ахмед Рыфаи хазреттери сыяктуу муршид-и камил болгон олуялар бар эле. Олуя экендиктери кээ бир өзгөчөлүктөрүнөн улам билинчү. Мындай заттардын өзгөчөлүктөрү китептерде билдирилген. Аллаху тааланын махабатына жеткен адам "Олуя" деп аталат. Башкалардын да жетүүсүнө ортомчу болгондор Муршид деп аталат. Муршид-и камилдин, б.а., жол көрсөтүүчү олуянын белгиси - ишениминин туура болуусу жана Ислам өкүмдөрүнө толук баш ийүүсү. Сөздөрү, жүрүм-туруму Ислам өкүмдөрүнө ылайык болбогон зат асманда учса да жол көрсөтүүчү боло албайт. Олуя менен сүйлөшүү, аны көрүү Аллаху тааланы эстөөгө себеп болот. Аллаху тааладан башка бардык нерсе көңүлгө муздак сезилет. Аллаху таала: "Олуяларым мына ушундай адамдар, мен эске алынганда, алар эске түшөт, алар эске алынганда мен эске түшөм”, -деп айтууда. Пайгамбарыбыздан (алейхиссалам) олуянын белгиси тууралуу суралганда: "Аларды көргөндө Аллах эске түшөт", - деп жооп берген. Бүгүн кылына турчу нерсе эски убактарда жазылган Ислам аалымдарынын китептерин окуу.

Муршиддин өзгөчөлүктөрү

Мурдагы муршиддердин өзгөчөлүктөрүнөн бир канчасы төмөндөгүдөй:

1 - Керектүү акаид жана фикх илимдеринен кабардар эле. Фикхти билбеген олуя боло албайт.

2 - Дайым жарык жүздүү болуп, бир энеде болгон мээрим менен шакирттерин тарбиялашчу.

3 - Эч бир шакиртинин акчасына көз тигишчү эмес. "Аллахтын олуясы жоомарт жана жакшы ахлактуу кылып жаратылган" деген хадиси шарифке ылайык сыпатта болуп, шакирттерине колунан келишинче жардам кылышчу.

4 - Шакирттеринин сырларын бекем сакташчу. "Тандалгандардын көңүлдөрү - сырлардын мазары" деп айтылчу.

5 - "Устазды да, шакиртти да урматтаңыз" деген хадиси шарифке ылайык мээримдүү жана кичи пейил болушчу.

6 - "Ар илим ээсинин үстүндө ошол илимди жакшыраак билгендер бар" деген маанидеги аят-и каримага ылайык илимдери менен бой көтөрүшчү эмес.

Илими менен текеберлик кылгандар - илими аз болгондор. Кичине бир нерсени үйрөнүп алып эле бүт нерсени үйрөндүм деп эсептешет. Илими көп болгондор илимдин чексиздигин жана аягына жетүүгө алсыздыктарын билгендиктен кичи пейил болушат. Ансыз деле, "аалым” – бул билбегендеринин билгендеринен көп экенин билген зат.

7 - Билбеген бир нерсеси болсо "Билбейбиз" деп айтуудан тартынышпаган. Пайгамбарыбыз да бардык жаратылгандардын эң жогорусу экенине карабастан: "Билбейм,  Жабраил алейхиссаламдан сурап көрүп, анан жооп берейин", -деп айткан эле. Хазрети Ибни Аббас да: "Билбейм деп айта албаган адамдын куруганы", - деп айткан.

8 - Малаяни, б.а., пайдасыз нерсени сүйлөшчү эмес.

9 - Шакирттери да бийик даражадагы заттар болгон. Ар бир шакирт Аллаху тааланын сүйүүсү менен жана Анын сүйүүсүнө жетсем деген арзуу менен күйүп-бышчу. Билбеген, түшүнө албаган бир ашыктык менен өздөрүн жоготкон. Уйкулары качып, көз жаштары тынчу эмес. Мурдагы күнөөлөрүнөн улам уялышып, башын көтөрө алышчу эмес, ар бир ишинде Аллахтан коркуп, титирешчү. Аллаху тааланын сүйүүсүнө алып баруучу иштерди орундоого умтулушчу. Ар бир ишинде сабырдуу жана кечиримдүү, ар бир тартыштыкта жана кыйынчылыкта күнөөнү өздөрүнөн көрүшчү. Ар убакытта Аллахты эстешип, гафлатта болбой, эч ким менен талашып-тартышчу эмес. Бир көңүлдү оорутуп коюудан коркчу жана көңүлдөрдү Аллахтын үйү деп билишчү. Сахабалардын бардыгын "радиаллаху таала анхум ажмаин" деп, аларды жакшы билип, бардыгынын жакшы экендиктерин айтышчу.

10 – Илими менен амал кылышчу. Б.а., билгендери менен амал кылышчу. Билгендери менен амал кылбаган, өзүнүн жеке көз караштарын дин деп айткан жана бөлүп-жаргандар жаман аалымдар болуп саналат. Жаман аалымдар Курани каримде Китеп жүктөлгөн эшекке окшотулган. (Жума 5)

Билгиле, олуяда үч белги болот:

Бири көргөндүн көңүлү дайым ага тартылат.

Экинчи белгиси сухбатынан түшүнүлөт,

Эмне десе, тыңдаган анын сөзүнө кайыл болот.

Үчүнчүсү ушундай, анын бардык мүчөсү,

Диндин адептери менен ар дайым аамил болот.

Олуяны сүйгөндөр ага көңүл бергендер,

Эсепсиз ниматтарга шексиз ээ болот.

Көңүл көзү ачылат, гафлаты болсо жоюлат.

Увайсилик деген эмне?

Суроо: Увайсилик деген эмне?

ЖООП:

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) жана олуянын рухтары тарабынан тарбия кылынган адам увайси деп аталат. Китептерде бул тууралуу жазылган маалыматтар төмөндөгүдөй:

Олуядан бирине увайси болуу үчүн ар күнү эч ким жок жерде эки рекет намаз окуп, бир Фатиха окуп, соопторун анын ыйык рухуна багыштоо керек жана бир канча убакыт анын рухун ойлоо керек. Бир нече күндөн кийин анын увайсиси болот. (Дурр-ул-маариф)

Олуяндан биринин увайсиси болуу үчүн эч ким жок жерде эки рекет намаз окуп, сообун ошол олуянын рухуна багыштап, рухун ойлоп күтүү керек. (Макамат-и Мазхария)

Увайси болуу үчүн ишенимдин туура болуусу жана динибиздин буйруктарына баш ийүү керек. Андан сырткары өтө сүйүү да шарт. Мындай адам каалаган олуянын увайсиси боло алат. Увайси болгон адам да ошол олуя тарабынан тарбияланып жогорулайт.

Имам Раббани хазреттери сыяктуу Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мурасчыларынан бирине увайси болгон киши ошол эле убакытта Расулуллахка да увайси болгон болуп эсептелет.

 

Олуянын айырмасы

Суроо: Олуя да адам болгондуктан башка адамдардан эмне айырмасы бар?

ЖООП:

Олуя да адам; бирок, бир олуя олуя болбогон миңдеген мусулмандан жогору. Хадиси шарифте айтылды:

"Эч бир нерсе өзүнүн теңинен миң эсе көп боло албайт. Бирок, чыныгы момун (олуя кул, ариф-и биллах) миң адамдан жакшыраак." (Табарани)

Курани каримде да бул момундардын, б.а., олуянын, арифтердин жогору экендиги билдирилүүдө:

"Сиз чындыгында момун болсоңуз өтө жогорусуз.) (Ал-и Имран 139)

Олуя жана муршид-и камил

Суроо: Ар бир олуя ошол эле убакытта муршид-и камилби?

ЖООП:

Ар бир муршид-и камил олуя; бирок, ар бир олуя муршид-и камил эмес, жада калса, муршид да боло албашы мүмкүн. Муршид-и камил - бардык иштери мусулманчылыкка ылайык болгон, тасаввуф илиминде устат ахли сүннөт аалымы. Терең аалым, б.а., мужтахид болбогон муршид-и камил боло албайт. Башка илимдердин усталары камил делбейт. Муршид-и камил ижтихад даражасында бийик аалым болгондуктан илим жана марифат ээси. Бул "Зул-жанахайн" деп аталат. Акыл аркылуу түшүнүлгөн маалыматтар "илим", көңүл менен түшүнүлгөн билимдер болсо "марифат" жана "ирфан" деп аталат.

Адам аракет кылып олуя боло алат; бирок, муршид-и камил башка. Муршид-и камилдин мужтахид болуусу жана марифатта "Вилаят-и хасса-и Мухаммадия" мартабасында болуусу керек. Имам Раббани хазреттери айтат: "Муршид-и камилдин көз караштары көңүл ооруларына шифаа болот. Анын таважжуху б.а., көңүлүн бир адамга буруусу жаман мүнөздөрдү адамдан өчүрүп, шыпырып салат."

Абдулхак Дехлеви хазреттери да айтат:

"Муршид-и камилдердин эң жогорулары төрт мазхабдын имамдары. Бул төрт имам Ислам дининин төрт негизги тиректери."

Улама жана олуя

Суроо: Алымдар жогорубу же тасаввуф жолунда көтөрүлгөн олуялар жогорубу?

ЖООП:

Имам Раббани хазреттери айтат:

Илим үйрөнгөн адам напсине уюп күнөө кылса өзүнө зыян келтирсе да анын илиминен пайдалангандар болот. Өзүн күйгүзсө да башкалардын кутулуусуна себепчи болот. Тасаввуф жолунда көтөрүлүүгө аракет кылган адам өзүн куткаруу менен алектенет. Башкаларга пайдасы болбойт. Динибиз адамдардын бакыты үчүн иштегендерди жеке өзүн куткарууга аракет кылгандардан жогору көрөт. Тасаввуф жолунда көтөрүлгөн бир адам тасаввуфта билдирилген мартабаларга жетет жана андан кийин ага адамдарды чакыруу милдети жүктөлсө Исламды билдиргендерден, ар кимди бактылуулукка жеткизүүчүлөрдөн болот. Ислам аалымдары сыяктуу жогору жана кадырлуу болот. Бул Аллаху тааланын ушундай бир нимати, каалаган тандалган кулдарына ихсан кылат. Анын ихсаны өтө улуу. (1/48)

Эски муршиддер

Суроо: Мурда муршид-и камил болгон заттар шакирттеринин абалынан кантип кабардар болушчу?

ЖООП:

Кээ бирлери Хазрети Умардын көргөнү сыяктуу, телевизордун экранындагыдай анык көрүшчү. Бул тайй-и мекан деп аталат. Кээ бирлери да тавил менен, б.а., белгилерин көрүп түшүнчү. Кээ бирлери болсо эч көрбөй туруп эле көңүлдөрүнө илхам кылынчу (билдирилчү).

Бидатчы олуя боло албайт

Суроо: Олуя заттардын бардыгы ахли сүннөт беле? Бидатчы олуя боло албайбы?

ЖООП:

Бидатчы адам олуя болмок мындай турсун чыныгы мусулман эмес го. Тасаввуф улууларынын бардыгы ахли сүннөт эле. Бидатчылардын эч бири Аллаху тааланын марифатына жакындай алган эмес. Олуялык нурлары алардын көңүлдөрүнө кирген эмес. Амалда жана ишенимде болгон бидаттын караңгылыгы олуялык нурдун көңүлгө кирүүсүнө тоскоол болот. Көңүл бидаттын кирлеринен тазаланмайынча жана ахли сүннөт ишеними менен кооздолмоюнча акыйкат күнүнүн жарыктары ал жерге кире албайт. Ал көңүл йакиин нуру менен жарык болбойт. (Мереж-ул-бахрейн)

Аллахты эске түшүргөн зат

Суроо: "Бир адам көрүнсө же анын сухбатына барганда эгер дүйнөгө болгон махабат унутулуп, акыретке болгон каалоо артса ал киши Аллах адамы", - деп айтылууда. Бул сөз туурабы?

ЖООП

Ооба туура. Бир канча хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Олуя көрүлгөндө Аллах эске түшөт." (Ибни Маже)

"Олуялар ушундай бир заттар, алар көрүлгөндө Аллах эске түшөт." (Ибни Аби ШейбеАбу Нуайм)

"Аллаху таала айтты: "Мен эскерилгенде Олуяларым эске түшөт, алар эскерилгенде мен эске түшөм." (И. Бегави - Месабих)

"Ушундай заттар бар, Аллахты эске түшүрүүнүн ачкычы болуп саналат. Алар көрүлгөндө Аллах эске түшөт." (Табарани)

"Ар аалымдын сухбатына барбагыла! Жалгыз гана ушул беш нерседен кайтарып, беш нерсеге чакырган аалымдын сухбатына баргыла!

1- Шектен йакиинге чакырган. (Шектүү ишеничтен кайтарып, чыныгы ыйманга багыттаган)

2- Кибирден алыстатып, кичи пейил болууга багыттаган.

3- Жаман көрүүдөн, кастыктан тыйып, жакшылыкка чакырган.

4- Риядан алыстатып, ихласка багыттаган.

5- Дүйнөдөн зухдка чакырган." (Асакир)

Көрүлгөндө Аллахты эстеткен заттардын сухбатына баруу керек жана мындай заттарды сүйгөндөр менен бирге болууга аракет кылуу керек. Мындай улуу заттар болбосо алардын китептерин окуу керек. Себеби "Китеп окуу - сухбаттын жарымы", - деп айтылган.

Олуяны эстөө

Суроо: Хадис душманы болгон бирөө: "Аллаху таала айтты: Мен зикр кылынганда Олуям эске түшөт. Алар зикир кылынганда мен эске түшөм" деген маанидеги хадиске карата: "Бул хадис Курандын таухид ишеничине туура келбейт", - деп айтууда. Бир хадис таухид ишеничине каршы болобу?

ЖООП:

Бул жерде хадиси шарифтин таухид ишеними менен Курани каримдин таухид ишеними эки башка нерсе сыяктуу көрсөтүлүүдө. Кээ бир мазхабсыздар да: "Бул хадис Курани каримдин рухуна туура келбейт", - деп айтышууда. Курандын руху хадистин рухунан башка имиш сыяктуу бөлөк жол чыгарышууда. Курани каримде Пайгамбарлардын жолу менен Аллаху тааланын жолун ажыраткандардын жаман абалы төмөндөгүдөй билдирилет:

"Аллах менен расулдарынын буйруктарын бири-биринен ажыратып, экөөнүн ортосунда бир жолду карманууну каалагандар - каапырлар." (Ниса 150, 151)

Эч бир хадиси шариф, албетте, таухид ишенимине каршы болбойт. Бул хадиси шарифти Абу Нуайм жана Имам Бегави сыяктуу улуу аалымдар билдирүүдө. Дагы ушул маселедеги эки хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Олуя көрүлгөндө Аллаху таала эске түшөт." (Ибни Маже, Хаким Тирмизи)

"Көргөнүңөрдө силерге Аллаху тааланы эстеткен, сүйлөөсү илимиңерди арттырганилими акыретти ойлооңорго көмөктөшкөн киши менен бирге болгула!" (Абу Йала)

Муршид-и камил жокпу?

Суроо: "Азыркы тапта олуя, муршид-и камил, даргах, тарикат жок. Ошондуктан, эмирдик системасы тууралуу айтууга болбойт. Андай болсо диний жактан эч ким эч кимдин амири эмес", - деп айтылууда. Дүйнөдө олуя заттар такыр калбадыбы? Кантип мындай сүйлөөгө болот? Олуя болбогондор олуяны тааный алабы?

ЖООП:

"Азыркы тапта олуя, муршид-и камил жок", - деп айтуу, жада калса муршид катары таанылган заттарды муршид эмес деп айтуу аябай жаңылыш. Дүйнө олуя заттардан куру эмес. Балким аз, жада калса өтө аз болушу мүмкүн, бирок, сөзсүз бар. Жок деп айтуу акылында же илиминдеги кемчиликтин белгиси. Дин китептеринде бирлер, үчтөр, жетилер, кырктар, беш жүздөр сыяктуу аталган Олуя заттар тууралуу айтылат. Эбдал деп аталган олуя ар убакытта болот. Үч хадис шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"40 киши болгон эбдалдардын берекети менен душманды жеңип, балээлерден кутуласыңар." (И. Асакир)

"Ар кылымда салих саттар бар. Алар 500 киши болуп, алардын кыркы эбдалдар." (Абу Нуайм)

"Жер бетинде ар дайым (эбдалдардан) кырк киши болот. Ар бири Ибрахим алейхиссалам сыяктуу берекелүү. Алардын берекеси менен жамгыр жаайт." (Таберани)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам ушундай деп билдирип турганда (Аллаху таала сактасын) кантип аны жалганга чыгарууга болот?

Бул олуя заттарды ар кимдин таанып-билүүсү, албетте, кыйын. Аалымдарыбыз: "Аллаху таала ыраазычылыгын таатта (ибадатта), гадабын (ачуусун, каарын) күнөөлөрдө, орто намазды беш маал намазда, олуясын элдин арасында, Кадыр түнүн Рамазан айынын ичинде жашырган", - деп билдирүүдө. Ошону менен катар, "мен олуямын" деген адам олуя эмес. Олуя заттар өздөрүн жашырат. Ошондуктан, олуяны таануу кыйын. Андан сырткары ар кылымда келген улуу мужаддид аалым олуя заттар да бар. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Аллаху таала ар кылымда динин жаңылай турган бир мужаддид жиберет." (Абу Давуд)

Мужаддид заттарга ишенбей четке кагуу баарынан жаман. Динди бидаттардан тазалаган заттардын келгенин кантип четке кагууга болот? Мужаддид заттар да муршид-и камил болуп саналат. Ар убакытта ахли сүннөт болгон, туура жолдогу бир топ да болот. Алардын башында муршид-и камил болот. Бул топ кыяматка чейин уланат. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Үммөтүмдөн бир тайпа (топ) Аллахтын буйругу менен хактын негизинде аракет кылууну улантат." (Бухари)

Хактын негизинде болуп, бирок, муршидсиз бир тайпанын, бир топтун болуусу мүмкүн эмес.

Мишкат-ул-масабихтеги: "Үммөтүмдүн арасында туура жолдо болгондор ар убакытта болот. Аларга каршы чыккандар туура жолдо болгон бул кишилерге зыян кыла албайт" деген хадиси шариф да көрсөтүп тургандай "Олуя жок, муршид-и камил жок, тарикат жок, амир силсилеси жок" дегендер муршид-и камилдин кыяматка чейин улана турган тобуна эч кандай зыян кыла алышпайт.

Динибиздин жайылуусу ар доордо ар түрдүү ыкмалар менен жүзөгө ашкан. Мурда текке, даргах болоор эле. (Текке, даргах - Шейхтин, олуянын кол астындагы шакирттер болгон ибадат имараты). Теккесиз деле бул иш орундалат. Текке жок, даргах жок деп муршид-и камил жок деп айтуу - бул акмактык. Муршид-и камил сөзсүз эле бир теккеде, даргахта отурган киши эмес.

Муршид-и камил бардык сөздөрү, бардык иштери Исламга ылайык болгон, Исламды жакшы билген, терең ахли сүннөт аалымы. (С. Абадиййа)

Адамдардын Аллаху тааланын ыраазычылыгына, сүйүүсүнө жетүүлөрүнө васыта (себепчи, ортомчу) болгон зат "муршид" деп аталат."(И. Ахлакы)

Дүйнөдө мындай адам жок деп айтуу илимий эмес, жекече бир көз караш болуп саналат. Напис эч кимге баш ийүүнү, багынууну каалабайт. Эмирсиз (жетекчисиз, башчысыз) жашоону каалайт. Ал эми динибизде эмирлик өтө маанилүү. 2-3 киши болсо да бирөө эмир дайындалат жана ал Эмирге баш ийилет. Ошондуктан, Хазрети Али: "Заалым же фасык болсо да башыңарга бир эмир дайындап алгыла! Эмирсиз болуу - шайтан менен бирге болуу."


 

      

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш