Орозо кафараты


Суроо: Рамазан күнү орозону бузуп, кафарат талап кылган жагдайлар кайсылар?

ЖООП

Булар: 1- Билип туруп жеп-ичүү. 2- Жыныстык катнашта болуу. 3 – Рамазанда каза талап кылчу бир нерсе кылып орозосу бузулган адамдын ошол эле Рамазандын башка күнү ушул нерсени "баары бир кафарат талап кылбайт деп» атайылап кайрадан кылса. 4- Тамеки тартуу. 5- Гыйбат, сүрмө сүртүү жана кан алдыруу сыяктуу орозону бузбай тургандыгы жакшы билинген нерседен кийин орозом бузулду деп ойлоп жеп-ичүү.

Суроо: Орозонун кафараты барбы?

ЖООП

Албетте, бар. Түндөн ниет кылган орозосун атайылап бузууга кафарат керек экендиги дин китептеринин бардыгында бар. Кутуб-и ситта аттуу белгилүү алты хадис китебинен Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи жана Несаиде бар. Эң баалуу болгон бул беш хадис китебине ишенбеген адам эгер миссионер болбосо жахил же болбосо кыянат адам. Хазрети Абу Хурайра рываят кылган хадиси шариф мындай:

"Бир адам Пайгамбарыбызга келип: "Курудум, йа Расулаллах”, - деди. Пайгамбарыбыз эмне болгондугун сурады. Ал болсо Рамазан орозосун атайылап бузгандыгын айтты. Пайгамбарыбыз бир кулду азат кылуусун билдирди. Кулу жок экендигин айтканда аралыксыз эки ай орозо кармоосун буйрук кылды. Муну дагы кыла албай тургандыгын билдиргенде кедей адамды тойгузуусун билдирди.”

Ислам аалымдары дагы түндөн ниеттүү орозосун бир себепсиз, үзүрсүз атайылап бузган адамдын кафарат катары эгер бар болсо бир кулун азат кылуусун, болбосо арты-артынан 60 күн орозо кармоосун, орозо дагы кармай албаса 60 кедейди тойгузуусу керек экендигин билдиришкен. (Радд-ул Мухтар)

Пайгамбарыбыз "алейхиссалам” билдирген өкүмдү кылбаган адам Аллаху тааланын буйругун кабыл кылбаган болот. Себеби, Курани каримде мындай мааниде буюрулган:

"Расулга моюн сунган Аллахка моюн сунган болот.” [Ниса 80]

Суроо: Орозо кафараты кандай кармалат?

ЖООП

Орозо кафараты үчүн арты-артынан 60 күн орозо кармайт. 60 күндөн кийин кармабаган ар күн үчүн бир күндөн кошумча орозо кармайт. Бир нече Рамазанда кафараты бар болгон же бир Рамазанда 2 күн кафараты бар адам биринчи кафаратты кылбаган болсо экөө үчүн тең бир кафарат кылат. Биринчи кафаратты кылган болсо экинчи кафаратты дагы өзүнчө кылат.

Кафарат орозосу жолчулук сыяктуу бир себеп менен же Айт күндөрүнө туш келүү себеби менен бузула турган болсо же Рамазанга дал келип калса жаңыдан 60 күн кармоо керек. Айт күндөрү бузбаса кайра эле жаңыдан баштоосу керек. Хайз жана нифас себеби менен бузганда жаңыдан баштабайт. Тазаланган кезде калган күндөрдү толуктайт.

Рамазанда себепсиз орозо кармабоо - харам, өтө чоң күнөө. Алгач кармалбаган орозо үчүн тообо кылынат. Кийин күнүнө күн, б.а., канча күн кармалбаган болсо ошончолук күн каза орозосу кармалат. Бир адам Рамазан айында 30 күн орозо кармай албаса, кармай албаган күндөрдүн санынчалык каза орозосун кармайт. Бул орозолорго кафарат керек эмес. Кафарат – бул орозо кармабоонун эмес, орозосун атайылап бузуунун жазасы. Өтө картайып, өлгөнгө чейин Рамазан орозосун же каза орозолорун кармай албай турганчалык карылыктан улам же сакайып кетүүсүнөн үмүт үзүлгөн оорулуу адам жашыруун жеп-ичет! Хадиси шарифте:

"Орозо кармай албай турганчалык карыган же сакайуусунан үмүт үзүлгөн оорулуу адам фидйа берет”, - деп айтылган. Өтө карыган болуп, орозо кармай албаган адам бай болсо ар күнкү орозо үчүн фидйа берет. Кедей болгон адам фидйа бербейт, дуба кылат.

Фидйа катары ар күн үчүн бир фытра өлчөмүндө ун, хурма же жүзүм мейизи берилет. Мисалы, 30 күн орозо үчүн 53 кг ун же 105 кг хурма же жүзүм мейизин берүүсү жеткиликтүү. Же болбосо, ушунчалык ундун баасынчалык алтын же күмүш акча кармала албай калган отуз күн орозонун фидйасы катары бир же бир канча кедейге Рамазан айынын башында же акырында берүүгө болот. Кедей алган фидйаны өзү колдонгондой эле башка бирине да бере алат. Фидйа бергенден кийин орозо кармай ала тургандай абалга келген адам кармай албаган орозолорунун казасын өтөйт. (Нехр-ул-фаик)

Оору, карылык сыяктуу үзүрдөн улам Рамазан орозосун кармай албаган бай адамдын бул абалы өлгөнгө чейин уланса кедейлерге тамак берилүүсүн осуят кылат. Велиси (осуятты орундачу адам) анын кармай албаган ар бир орозосу үчүн кедейге бир фытра же анын кунун берет. (Бедайи)

Суроо: Дайыма оорулуу болуп же өтө карып, кафарат орозосун кармай албаган адам кантет?

ЖООП

Дайыма оорулуу болуп же өтө карып, кафарат орозосун кармай албаган адам 60 кедейди эртең менен-кечинде же түштө-кечинде кылып бир күндө эки жолу тойгузат. Бардыгынын ошол эле күндө жеши шарт эмес. Бир кедейди ар күн эки жолу тойгузуу менен 60 күн же болбосо күн сайын бир жолу тойгузуу менен 120 күн жегизсе да болот. Же болбосо 60 кедейдин ар бирине бир фытра өлчөмүндө фытра катары берилчү продуктылардан бирин берет. Же болбосо булардын баасынчалык нан, башка товар же алтын берсе да жаиз. Өзүн тойгузуш үчүн кедейге кагаз акча да берүүгө болот. Фытра өлчөмүндө продукты же товар бир кедейге 60 күн бою берилет. 60 күндүгү бир кедейге бир күндө толугу менен берилсе бир күндүк берилген болот. Буга көңүл буруу керек. Мисалы, эртең менен кечинде 2 нан жесе күн сайын 2 нан бериш керек. 120 нан бир бергенде толугу менен берилсе бир күндүк берилген болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш