Ислам дини » Орозо » Рамазан жана орозо




Рамазан жана орозо


Исламдын беш шартынын төртүнчүсү ыйык Рамазан айында күн сайын орозо кармоо болуп эсептелетОрозо кармоо «савм» деп аталат. Бул сөздүн сөздүктөгү мааниси бир нерсени бир нерседен коргоо дегенди билдирет. Ал эми Исламда шарттарына ылайык Рамазан айында Аллаху таала буюргандыктан күн сайын өзүн үч нерседен коргоо болуп саналат. Бул үч нерсе: тамак жеш, ичиш жана жыныстык катнашта болуу.

Рамазан айына урмат кылуу керек. Орозо кармаганына карабастан гыйбат кылган, жалган сүйлөгөн, көңүл ооруткан, харамдардан сактанбаган адам Рамазан айына урмат кылбаган болот.

Хадиси шарифтерде айтылган:

"Көңүл бургула! Рамазан айындагы сооп жана күнөөлөр кат-кат болуп жазылат. Рамазанда көп намаз окугула! Көп Курани карим окугула!”

"Рамазан айынын келүүсүнө кубанганды Аллаху таала кыямат күнүнүн коркуусунан коргойт.”

"Рамазанды өтө урматтоо керек. Анын ырайымы момундарды кубантуучу. Ал ошондой бир ай, алгачкы күндөрү ырайым, ортосу кечирим жана акыры Жаханнам отунан кутулуу.”

"Эгер пенделер Рамазан-ы шариф айындагы фазилат жана ихсандарды билишкенде жылдын толугу менен Рамазан болуусун каалашмак. Себеби, мында көп сооп бар.”

"Рамазан айында бир күнөө кылуудан баш тарткан адамдын он бир айлык күнөөсүн кечирет.”

"Рамазан Айт күнү периштелер жолдордун четтерине турушуп, Айт намазына бара жаткандарга мына бул сүйүнчүнү беришет: Эй момундар жамияты, силерге сыйлык, жакшылык жана мол-мол ниматтарды бере турчу керем жана ихсан ээси Раббиңерден тилегиле! Себеби, Ал силерге түндү ибадат менен өткөрүүнү буйрук кылды, силер орундадыңар. Ал силерге күндүз орозо кармоону буйрук кылды, силер кармадыңар. Ал силерге Раббиңерге моюн сунууну буйрук кылды, силер болсо моюн сундуңар. Андай болсо сыйлыгыңарды алгыла! Намаздан кийин бир периште мындай деп нида кылат (үн салат): Эй, момундар, билгиле, бүгүн шексиз сыйлык күнү, күнөөлөрдөн кутулуу күнү жана айыптардан тазалануу күнү.”

Орозонун фарздары

Орозонун үч фарзы бар:

1- Ниет кылуу

2- Ниетти алгачкы жана соңку убакыт аралыгында кылуу.

3- Имсак убактысынан күн батканга (шамга) чейинки аралыкта орозону буза турчу нерселерден тыйылуу.

Орозого ниет

Рамазан жана нафил орозого ниеттин алгачкы убактысы күн баткандан (шамдан) кийин башталат. Соңку убактысы эртеси күнкү түшкү намазга бир саат калганга чейин болот. Ал эми каза жана кафарат орозолорунун ниети шамдан имсак убактысына чейин уланат.

Рамазандагы орозого ниет кылганда шамдан имсак убактысына чейин "Аллах ыраазылыгы үчүнэртең орозо кармоого ниет кылдым”, имсактан кийин "Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүн орозо кармоого ниет кылдым”, - деп айтылат. Жаңылышып ката айтылса да орозо кармай турган күн маалым болгондуктан зыяны жок. Рамазанда бир айлык орозосу үчүн жалпылап бир жолу ниет кылууга болбойт, ар күн үчүн бөлөк-бөлөк ниет кылуу фарз болуп саналат.

Түндө жатарда тамактанып же тамактанбастан ниет кылса кийин түндө ойгонгондо, сахурга турганда тамактануунун зыяны жок. Жада калса кечки тамактануу маалында эртеңки орозого ниет кылып кою жакшы болот. Ниеттен кийин имсак убактысына чейин ичип-жештин зыяны жок. Рамазанда "эртең тишим оорубаса орозо кармайм, ооруса кармабайм” деген сыяктуу күмөндүү ниет менен орозо кармоо сахих болбойт.

Ооз ачарда

Күн батканы анык болгондон кийин алгач аузу-бисмиллах айтып:

"Аллахумма йа васиал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумул хисаб” дубасы окулат. "Эй, кечирими мол Аллахым! Кыямат күнү эсепке тартканда мени, эне-атамды, устазымды, аял-эркек бардык мусулмандарды гафу кыл” деген маанини билдирет. Артынан "Йа Раббим, Сен үчүн орозо кармадым жана Сенин берген ниматтарың менен орозомду ачканы турам. Мени эне-атамды жана бардык мусулмандарды кечире көр” деп айтып, мүмкүн болсо хурма менен же болбосо сүт же суу менен ооз ачкан жакшы.

Бир-эки жутум нерсе жегенден кийин "Захабаззама вабталлатил урук ва сабатал ажр иншаллаху таала” дубасын окуп, тамактанууну баштайт. Бул ооз ачар (ифтар) дубасынын мааниси:

"Ачкалык бүттү. Тамырларыбыздын суу менен кезигүү маалы келди. Иншаллах сооп жазылат.”

Өз шаарыңыздын орозо календарын мына бул шилтеме аркылуу көрө аласыз. Принтер аркылуу чыгарып алсаңыз болот.

"Орозо календары”

Бул календарда көрсөтүлгөн "имсак” убактысы оозду жабуу убактысы болуп саналат. Б.а., орозо кармай турган адам "имсак” убактысына чейин оозун бекитүүсү керек. Жана "шам” убактысы – оор ачар убактысы. Б.а., календардагы "Имсак” менен "Шам” деген убакыттардын арасында орозо кармалат.

Орозону буза турчу жана бузбай турчу, б.а., орозо кармаган адам кыла алчу жана кыла албай турчу нерселерди мына бул шилтемеден көрө аласыз.

"Орозону буза турган нерселер”

"Орозону бузбай турган нерселер”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш