Ислам дини » Орозо » Ооз ачарда




Ооз ачарда


Суроо: Орозону эмне менен ачуу керек?

Жооп

Хурма менен, суу же сүт менен ачуу сүннөт. Булар жок болсо мөмө-жемиш же жашылчалар менен ачууга болот. Мисалы, зайтун менен ачылат. Отто бышкан нерсе менен, мисалы, нан, чай, шорпо менен ачпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Ифтарды хурма менен ачкыла, анткени, ал - береке. Эгер хурма табылбаса суу менен ифтар кылгыла, анткени, ал - тазалоочу.” [И. Маже]

Бул темага байланыштуу башка хадиси шарифтер төмөндөгүдөй:

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам жаңы бышкан хурма менен ифтар кылчу. Жаңы хурма жок болсо кургатылган хурма менен, ал да жок болсо суу менен ифтар кылчу.” [Тирмизи]

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам ифтарын сүт менен дагы аччу.” [Даре Кутни]

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч хурма менен же от тийбеген бир нерсе менен ифтар кылчу.” [Абу Йа’ла]

Ифтар дубалары

Суроо: Орозобузду ачып жатканда же ачкандан кийин кандай дуба кылышыбыз керек?

Жооп

Орозо кармаган адамдын өзгөчө ифтарга жакын кылган дубасы кабыл болот. Үч хадиси шариф:

"Орозо кармаган адамдын ифтар убактысында кайтарылбай турган бир дубасы бар.” [Ибни Маже]

"Орозо кармаган адамдын дубасы кайтарылбайт.” [Тирмизи]

"Орозо кармаган адамдын ифтар убактысында кылган дубасын Аллаху таала артка кайтарбайт.” [Бейхеки]

Ифтардан мурда Аузу жана Бисмиллах окуп "Аллахумма йа васи’ал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумулхисаб” деп окулат. Мааниси:

"Эй, кечирими кенен болгон Аллахым! Кыямат күнү суракка тартылып жатканда мени, эне-атамды, устазымды, эркек-аял бардык момундарды кечире көр!”

Бираз жеп-ичкенден кийин: "Захабаззама’ вабталлатил урук ва саба-тал-ажр иншааллаху таала” – деп окулат жана тамак башталат. Кыскача мааниси: "Ачкалык, суусоо бүттү. Иншааллах сообуна да жеттик.” [Ибни Маже]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам да төмөндөгүдөй дуба кылчу:

"Аллахумма лака сумту ва бика аманту ва алайка таваккалту ва ала рызкыка афтарту, фа такаббал минна. Иннака антас-самиул алим.” [Мааниси: "Эй, Рабби, ыраазылыгың үчүн орозо кармадым. Сага ыйман келтирдим, сага ишенип, таяндым. Ырыскың менен ифтар кылдым, ибадатымы кабыл кыл! Албетте,сен бардык нерсени Угуучу жан Билүүчү затсың.”] (Абу Давуд)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир жамааттын ичинде ифтар кылганда да мындай дуба кылчу:

"Дасторконуңарда орозо кармагандар ифтар кылсын, тамагыңарды такыбаа ээлери жесин жана периштелер силер үчүн истигфар кылсын!” [И. Ахмед]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш