Ислам дини » Орозо » Орозо кармабоону мубах кылган кечиримдүү себептер




Орозо кармабоону мубах кылган кечиримдүү себептер


СурооОрозо кармабоону мубах кылган үзүр себептер эмнелер?

ЖООП
Орозо кармабай казага калтырууну мубах кылган себептер булар:

1-ОоруОоруган же орозо кармаганда оорусу күчөгөн адам орозо кармабайт, кармап жаткан болсо бузса болот. Оорулуу адамды караган адам орозо кармаганда оорулуу адамды кароо ишинде кыйнала турган болсо ал дагы орозо кармабаса болот. 

2- Сафар104 км алыс жерге барган адам 15 күндөн аз калчу жерде сафари болот. Жолчулукта кыйынчылык болуп, иш аксап же казага себеп боло турчу бир жагдай болсо орозону казага калтыруу жаиз болот. Хадиси шарифте: «Сапарда кыйынчылык ичинде орозо кармоо такыбаа саналбайт», - деп буюрулду. (Бухари)

3- Кош бойлуу жана бала эмизүүӨзүнө же баласына зыян келе турган болсо кош бойлуу жана бала эмизген аял орозо кармабайт. Хадиси шарифте: «Аллаху таала кош бойлуу жана бала эмизген аялга орозо кармабоосу үчүн уруксат берди, орозосун техир кылды», - деп айтылууда. (Абу Давуд, Тирмизи, Несаи)

Бала эмизген аял өз баласын же башка биринин баласын эмизип жаткан болсо да өкүм бирдейт.

4- Ачкалык жана суусуздукӨзүндө өтө кыйын ачкалык же суусуздук пайда болгон адам өлүм коркунучу бар болсо же акылы кете турган болсо же ооруп калып бир зыянга дуушар боло турган болсо орозосун буза алат. 

5- Карылык: Орозо кармай албаган жана сакайуу ыктымалы да болбогон кары оорулуу адам кармай албаган күндөрү үчүн фидйа берет. 30 күндүн фидйасы 53 кг ун. 53 кг ун ала турганчалык алтын да берсе болот. 

6- ИкрахОрозолуу адам «Орозоңду бузбасаң сени өлтүрүп же бир дене мүчөңдү кесебиз» делип коркутулган болсо, алардын айткандарын кылууга күчү жетсе жана муну сантырак сөз катары айтып жатпаган болсо орозону бузуу мубах болот. 

Ыйык Рамазан айында кечиримдүү үзүр себепсиз орозо кармабоо чоң күнөө. Хадиси шарифте: «Кечиримдүү себепсиз Рамазанда бир күн орозо кармабаган мунун ордуна жылды толугу менен орозо кармаса, Рамазандагы ошол бир күнкү соопко жете албайт», - делди. (Тирмизи)

Жумуш себеби менен орозо кармабоо жаизби?

СурооБиз иштеген жер өтө ысык. Орозолуу болуп туруп иштөө мүмкүн эмес. Уруксат дагы беришпейт. Иштебей турган болсом бала-чакам нафакасыз калышат. Орозо кармабай, муну кышында казасын кармасам жаизби?

ЖООП
Иштеп жатканда абдан чарчоодомун деп орозону казага калтырбоо керек. Бирок, чындап эле зарыл абал бар болсо анда жаиз болот.

Нафакага муктаж адам иштегенде ооруп кала тургандыгын түшүнсө орозосун бузат. Акысына иштөөгө убадалашкан болсо жана иш ээси Рамазанда уруксат бербесе өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн нафакасы белен бар болгон адам орозону бузбайт, себеби, мындай жагдайдагы адамдын тиленүүсү харам. Өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн нафакасына ээ эмес болсо орозого зыян бербей турчу башка жеңил иш табуу керек. Жеңил иш таба албаса мурунку ишинде иштеп орозосун бузуусу жаиз болот. Бул сыяктуу эгин оргон адамга Рамазан айынын орозосу зыян берсе, б.а., орозонун айынан эгинин жыйнай албай эгин кырыла турган болсо же уурдалса [же куруп жаткан там курулбай жамгырдан жыгылып калуу коркунучу сөзсүз бар болсо] жана буларды өзүнүн ордуна акчага кыла турчу бирөө табылбаса орозо кармабай бул иштерин кылуусу жаиз болот. Иш бүтөр замат орозосун кармайт жана Рамазандан кийин кармай албаган күндөрүнүн казасын кармайт. Күнөө болбойт. Суусуздуктан ооруп калуусу, өлүп калуусу сөзсүз белгилүү болгондун баары орозосун бузуп казасын кармаса болот. Мындай абалда кафарат талап кылынбайт. (Радд-ул-мухтар)

Орозону казага калтыруу

СурооРамазанда ысык күндөрү орозо кармабай, кышында казасы кармалса сообы аз болобу?

ЖООП

Диний бир себеби болбостон орозону казага калтыруу – харам, чоң күнөө. Орозо ибадаты диний бир себеп менен казага калтырылса казасын кармаганда ал киши бир гана жазасынан кутулган болот. Рамазанда бериле турчу соопко ээ боло албайт. Өмүр бою орозо кармаса Рамазанда калмалган бир күндүк орозо сообуна жете албайт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айткан:

«Аллаху таала менин үммөтүмө ыйык Рамазанда беш нерсе ихсан кылат, буларды эч бир пайгамбардын үммөтүнө берген эмес:

1- Рамазандын биринчи түнү орозо кармоого турганга Аллаху таала рахмет менен назар кылат. Рахмет менен назар кылган кул рахметке ээ болгон болот, эч бир коркунуч жок.

2- Ифтар маалы орозолуунун ооз жыты Аллаху таалага бардык жыттан дагы жакшы.

3- Периштелер Рамазандын ар күнү, күнү-түнү орозо кармагандардын кечирилүүлөрү үчүн дуба кылышат. Периштелер күнөөсүз болгондуктары үчүн дубалары кабыл болот.

4- Аллаху таала орозо кармагандарга тийиштүү Жаннатта бир сарай ихсан кылат.

5- Ыйык Рамазандын акыркы күнү орозо кармаган момундардын бардыгын кечирет.» [Байхаки]

«Аллаху таала Рамазандын ар түнү ифтар мезгилинде бир миллион кишини Жаханнамдан азат кылат.» [Дайлами]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш