Ислам дини » Орозо жана Рамазан » Календарлар менен таблицалардын арасындагы айырмачылык. Имсак убактысы




Календарлар менен таблицалардын арасындагы айырмачылык. Имсак убактысы


1-Суроо: Календарлар жана Орозо таблицаларынын убакыттарынын арасында айырмачылыктар кездешет. Эмне үчүн бардыгынын убактысы бирдей эмес?

ЖООП:

1983-жылдан мурунку бардык календарларда намаз убактысы бирдей эле. Бирок, 1983-жылы расмий түрдө намаз жана орозо убакыттары өзгөртүлдү. 1982 жана андан мурдагы жылдардагы календарлардын ар кайсынысында имсак убакыттары жана намаз убакыттары туура берилчү. Ал эми 1983-жылдан баштап туура убакыттарга таандык эрежелер менен методдор колдонулбай калды.

Календарлардын арасындагы айырмачылыктардын негизги себеби экөө:

Биринчиси: Илимий, астрономиялык жактан колдонулуусу зарыл, б.а., милдеттүү болуп эсептелген тамкин өлчөмүнүн кээ бир календарларда такыр алынып салынгандыгы же кемитилип колдонулуусу.

Экинчиси: Имсак убактысына тандык болгон күндүн горизонт астындагы бийиктик бурчунун -19 градустан -18 градуска өзгөртүлүшү жана натыйжада күндүн горизонтко жакындашы.

Төмөндөгү маалыматтар Түркия сыяктуу жылдын бардык күнү бар болгон, бардык намаз убакыттары толук кирген өлкөлөргө тийиштүү.

1982-жылга чейин Түркияда тамкин убактысын эч ким өзгөрткөн эмес. Бардык аалымдар, олуялар, шейхулисламдар, муфтилер, бардык мусулмандар кылымдардан бери намаздарын ошол шарий убакыттарда окуп, орозолорун ошол шарий убакыттарда башташкан. Бүгүн дагы бардык мусулмандар ошол Ижма-и муслиминден (мусулман уламалардын сөз бирдигинен) бөлүнбөөгө тийиш.

Дин иштеринде Ислам аалымдары менен Ислам астрономия адистери тарабынан бекитилген орозо жана намаз убакыттарын колдонуу керек.

Бекитилген ошол убакыттарга тийиштүү 1926-жылдагы "Таквими зия” аттуу календарда мындай деп жазылат: "Бул календар Дин иштери башкармасына караштуу илимий кеңеш тарабынан изилденип, түздөн-түз башкарманын колдоосу менен басып чыгарылган”.

Орозо менен намаз убакыттарын Османлы аалымдарынын эң жогорку мекемеси болгон "Машихати Исламийа” уюму даярдаган хижрий 1334 (м. 1916) жылкы "Илмийа жылнаамасы” аттуу календар менен Стамбул Университетинин курамындагы Кандилли обсерваториясынын "14” сандуу 1958-ж. жарыялаган "Түркияга арналган Авкати шариъийа” (шариат белгилеген убакыттар) китебиндеги методдор
боюнча эсептелип жарыяланчу туура календарларды колдонуу керек.

1982-жылы жана буга чейинки жылдардагы календарларда күндүн горизонт астындагы бийиктик бурчу -19 градус деп алынчу. Бул – чыгыш горизонтто таңкы ак шапактын (агаруунун) бир чекит абалында көрүнчү убактысы. 1983-жылдан баштап кээ бир календарларда европалыктар билдирген агаруунун горизонт боюна жайыла турган кездеги -18 градустагы бийиктик негиз кылып алына баштады. Натыйжада күндүн горизонт астындагы бийиктигин (-18)деп алуу жана тамкин өлчөмүн эсептен алып салуу аркылуу имсак убактысында болжол менен (Түркия сыяктуу координаттары 36-42 градус кеңдик арасындагы өлкөлөрдө) 15-20 мүнөткө чейин барчу айырмачылыктар пайда болду. Башкача айтканда, орозо Түркияда чыныгы ооз бекитүү убактысынан (имсактан) 15-20 мүнөт өткөндөн кийин башталууда жана орозо убактысы башталгандан кийин да 15-20 мүнөттөй жеп-ичүү улантылууда. Мунун натыйжасында кармалган орозолор фасид болгондуктан казасын кармоо зарыл болууда.

Ислам астрономиясынын аалымы Ахмед Зия бек (хижри 1355-ж кайтыш болгон). "Руб-и даира” аттуу китебинде мындай дейт: "Европалыктар фажри садыктын башталышы катары горизонт бетиндеги агаруунун (таңкы ак шапак) толук жайылган убактысын эсептешүүдө. Ошондуктан, фажр эсептеринде күндүн бийиктигин -18 градус деп алышууда. Ал эми биз горизонт бетиндеги агаруунун алгач көрүнгөн убактысын эсептөөдөбүз. Ошондуктан, күндүн бийиктиги -19 градуска көтөрүлгөн убактысын табабыз. Анткени, Ислам аалымдары имсак убактысынын таңкы агаруунун горизонт бетине жайылган убактысы эмес таңкы АГАРУУНУН ГОРИЗОНТ БЕТИНДЕ АЛГАЧ КӨРҮНГӨН УБАКТЫСЫ экенин билдиришкен”.

Башкача айтканда, Ислам аалымдары кылымдардан бери фажр (имсак) убактысында күндүн үстүнкү четинин бийиктиги горизонттун астында -19 градус боло турганын жана башка сандардын туура эместигин билдиришкен. Фатва да ушундай берилген. Мужтахид эмес адамдардын бул фатваны өзгөртүүгө акылары жок. Фатвага шайкеш болбогон ибадаттар сахих болбойт. Мусулмандардын диний иштерде христиандарга жана мазхабсыз жахилдерге эмес Ислам аалымдарына уйуулары керек.

Жаңылыш убакыт көрсөтүлгөн календарлар менен сайттарда жалгыз тамкин өлчөмү айырмачылыгы менен гана калбастан, имсак убактысынын эсебинде да күндүн горизонт астындагы бийиктик бурчу жогоруда билдирилгендей эч кандай негизсиз -19 градустан -18 градуска өзгөртүлүп, күн горизонтко жакын алынган.

Стамбул Университети Кандилли обсерваториясынын 08.07.1992 күнкү жана 1354-номурлуу маалыматында имсак менен куптан (шапак) убакыттарында күндүн горизонт астындагы градустарынын жана тамкин өлчөмүнүн 1400 жылдан бери колдонулуп келингендиги, башкача айтканда, куптан үчүн горизонт астында -17 градус, имсак (фажр) үчүн -19 градус болуусу жана тамкин өлчөмүнө байланыштуу: "Ишке ашырылган эсептер боюнча тамкин өлчөмү белгилүү бир жер үчүн ар түрдүү убакыттарда 8-10 мүнөт арасында өзгөрүүдө. Ушуга байланыштуу жалпылама тамкин өлчөмүнүн 10 мүнөт алынуусу жана мунун түштөн мурунку убакыттардан алынуусу, ал эми түштөн кийинки убакыттарга кошулуусу салтка айланган”, - деп билдирилүүдө.

Ислам астрономиясынын аалымы Ахмет Зия бектин 1926-жылкы камари 1344 жана шамси 1305-жылкы "Таквими зия” чөнтөк календарынын биринчи жана акыркы беттеринде "Дин иштери башкармасынын астрономия уюму тарабынан текшерилип, колдоосу менен жарыкка чыккан” деп жазылган. Диний иштерде Ислам аалымдары жана астрономия адистери тарабынан бекитилген намаз убакыттарын өзгөртпөө керек. Элмалылы Хамди Йазир "Сабил-ур-рашад” китебинин жыйырма экинчи томунда бул маселени кеңири ачып түшүндүрүп берген.

2-Суроо: Ибадаттардын кабыл болуусу үчүн туура убакыттарда орундалуусу шарт экендигин билебиз. Ар түрдүү календарлар менен таблицалар бар, булардын кайсы бирин колдонуу керек?

ЖООП:

Албетте туура болгон убакыттар боюнча орозо кармап, намазыбызды окууга тийишпиз. Анткени, тууралыгы эч күмөнсүз болгон убакыттан мурун, башкача айтканда, убактысы кире электе окулган намаз сахих болбойт. Жада калса, чоң күнөө болот. Ибн Нужайм Зайнул-Абидин "Кабаир ва сагаир” китебинде мындай деген: "Парз намаздарды (убакыттары жаңылыш берилген календарларга карап) убактысы кире электе окуу жана убактысы чыккандан кийин окуу  - чоң күнөө”.

Ысымдары жана эмгектери том-том китептерди ээлеп жаткан Ислам астрономия аалымдары Ислам аалымдарынын насс (Курани карим менен хадиси шарифтер) аркылуу билдирген, асман сферасындагы белгилерге шайкеш өтө көп астрономиялык эсептер аркылуу чыгарышкан маалыматтардын бардыгын баалуу эмгектери аркылуу бизге мурас жана аманат кылып калтырышкан. Бул баалуу китептеринде намаз жана орозо убакыттарынын аныкталышына байланыштуу методдор менен эрежелер билдирилген. Бул методдор менен эрежелер кылымдардан бери колдонулуп келинген. Күмөнгө түшө тургандай эч бир маселе калган эмес. Убакыттары туура берилген календарлар менен интернет сайттарда ошол билдирилген методдор менен эрежелер боюнча намаз жана орозо убакыттары эсептелип жарыяланууда.

Орозо жана намаз убакыттарында айырмачылыктар пайда болгон жагдайда ибадаттарды туура убакыттар боюнча орундоо зарылчылыгы өзгөрбөс эреже. Туура – бирөө гана. Анын өлчөмү болсо - Ислам аалымдары тарабынан билдирилген методдор менен эрежелер. Ошол методдор менен эрежелерге шайкеш эсептелген жагдайда бирдей натыйжалардын чыга тургандыгы илимий чындык. Буларга толук негизделип даярдалган убакыттардын туура боло тургандыгы, кээ бир туура маалыматтарды келтирип, бул билдирген нерселерине терс, карама-каршы жеке көз караш, божомолдоолор менен пикирлерге таянып даярдалган убакыттар болсо ката чыга тургандыгы айдан ачык.

Намаздын сахих болуусу үчүн өз убагында окуу, өз убагында окуганын билүү, шектенбөө зарыл жана бул парз. Ибн Абидин "Раддул-Мухтар” китебинин Матбаи амира хажри 1307-жылкы басмасынын 342-бетинде жана мунун Ахмед Давутуулунун котормосу 2-том, 40-бетинде жана "Фатхул-кадир” китебинде фикх эрежеси жазылган: "Намаз сахих болушу үчүн убактысы киргенден соң окуу жана убагында окулганын билүү шарт. Убактысынын киргенине шектенип окуп, кийин убагында окуганын билсе бул намаз сахих болбойт”. Ибн Абидин муну жазгандан кийин, "Нурул-изах”, Ал-Ашбах китебинде да ушундай делген”, - деп жазган. Ошондой эле Шафии "Ал-анвар” жана Малики "Алмукаддаматул-иззийа” түшүндүрмөсүндө жана "Мизанул-кубра” китебинде да ошондойчо жазылган.

Интернеттеги сайттарыбызда жана ар түрдүү тилдерде жарыяланып жаткан календарларыбызда берилген бардык намаз убакыттары төрт чыныгы мазхабдын тең намаз убакыттары болуп саналат.

а – Ханафи мазхабы менен калган үч мазхаб арасында жалгыз аср менен куптан намазынын убакыттарында айырмачылык бар. Бул айырмачылык жалгыз Имам Азам (рахметуллаху алейх) хазреттеринин ижтихадынан улам. Имам Азам хазреттери аср менен куптан намаздары үчүн экинчи убакыт болгон Асри сани жана Ишаи сани убактысында окууну ижтихад кылган. Бешим намазы Асри аввалга чейин, башкача айтканда, бардык нерсенин көлөкөсү чыныгы завал убагындагы узундугунан өзүнүн боюндай узарганга чейин же асри саниге чейин, башкача айтканда, каалаган кандайдыр бир нерсенин көлөкөсү өзүнүн боюнан эки эсе узарганга чейин уланат. Биринчиси эки имамдын жана калган үч мазхабдын өкүмү боюнча, ал эми экинчиси Имам Азамдын өкүмү боюнча. жарыялап жаткан убакыттарыбыз биринчи кавл боюнча, тактап айтканда, эки имам менен башка үч мазхабдын өкүмү боюнча болгондуктан төрт чыныгы мазхабга да шайкеш убакыттар.

b – Куптан намазынын убактысы эки имамдын (Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин) өкүмү боюнча ишаи аввал убактысында, башкача айтканда, батыштагы сырткы (көрүнгөн) горизонт сызыгынан күндүн кызгылтынын жоголуусу менен башталат. Калган үч мазхабда дагы ушундай. Имам Азамдын өкүмү боюнча Ишаи саниден, башкача айтканда, батыштагы сырткы (көрүнгөн) горизонт сызыгынын бетинде агаруунун жок болуусу менен башталат.  

c – Ханафи мазхабынын имамдары болгон Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммед хазреттери аср менен куптанды да башка үч мазхаб менен бирдей убакыттарда билдиришкендиктен, биз дагы бардык намаз убакыттары эсептерибизде ушул эки имамдын билдирген убакыттарына шайкеш кылып, ушул аркылуу төрт мазхабга тең шайкеш болгон убакыттарды жарыялоодобуз.

d – Тактап айтканда, интернеттеги www.namazvakti.com, www.turktakvim.com,www.namaztimes.com сайттарыбызда жана календарларыбызда жарыяланып жаткан убакыт эсептөө борборубуз тарабынан эсептелип даярдалган бардык намаз убакыттары төрт чыныгы мазхабдын намаз убакыттары болуп саналат. Бул намаз убакыттары Ханафи, Шафии, Малики жана Ханбали мазхабдарын карманган бардык мусулмандар колдонуулары керек.

Имсак жана намаз убакыттарын жарыялап жаткан ар түрдүү календар менен сайт өкүлдөрүнүн маалымат булактары эгер ахли сүннөт аалымдары менен Ислам астрономия адистеринин китептери болсо эч кандай орунсуздук болбойт жана баарынын келтирген намаз убакыттары бирдей болот. Ал эми намаз убакыттары бири-бирине шайкеш келбесе жана араларында айырмачылыктар бар болсо, булардын жалгыз бирөөсү гана туура экендиги такталат. Биз биздин убакыттардын туура экендигин тактап, Ислам аалымдары менен Ислам астрономдорунун ысымдарын, эмгектеринин аттары менен жана кээ бир бөлүмдөрдө томун, бетин көрсөтүп билдирүүдөбүз. Бул убакыттардын жеке ой-пикирибизден, жеке божомолдорубуздан, жеке акылыбыздан жасаган эсептер эмес экендигин, Пайгамбарыбыздын доорунан ушул күнгө чейин 1400 жылдан ашуун убакыт АХЛИ СҮННӨТ ААЛЫМДАРЫ кабар берген жана Ислам астроном аалымдарынын эмгектеринде билдирилген МЕТОД, ЭРЕЖЕЛЕРДИ кымындай да өзгөртпөстөн, оригинал калыбында колдонуудабыз. Бул аалымдарга моюн сунулган жагдайда айырмачылыктар жок болуп, ХАКТА БИРИМДИК орногон болот.  

3-Суроо: Элге кыйын болуусу, зарылдыктар эске алынып отуруп убакыттарды өзгөртүүгө болобу?

ЖООП:

Кээ бир календарларда "Аймактарда болуп жаткан кыйынчылыктарды жеңилдетүү жана адамдардын ибадаттарын жеңилдетүү максатында....(убакыт кирген кезде да) чечим кабыл кылынды” деп, Ислам аалымдарынын жана Ислам астрономдорунун эч бир китебинде кездешпеген, өздөрү ойлоп чыгарган инструкциялар аркылуу, жеңилдетүүнү шылтоо кылып, куптан менен имсак убакыттарын өзгөртүп, мусулмандардын намаз жана орозолорун фасид кылышууда.

Ибадаттар каада-салтка ылайыкташтырылбайт. Каада-салттарга карай өзгөртүлбөйт. Каада-салттар Ислам динине ылайыкташтырылат.

Арамдар жакшы ниет менен кылынса адал болот деп айтылбай тургандыгы сыяктуу, "... бул аймактарда жашаган жумушчу, окуучу, башчы, сатуучу жана башка коомдук топтор тап болгон кыйынчылыктар менен машакаттар, зарылдыктар эске алынып...” деп, адамдарга жеңилдик болсун деген ниет менен дагы чыныгы куптан намазы менен имсак деп аталган орозонун башталыш убактысын өзгөртүүгө болбойт.

Ибадаттардын сахих болушу алардын шарттарынын (парздарынын) орундалуусуна байланыштуу. Туура убакыттарда орундоо болсо орозонун да, намаздын да шарты, парзы болуп саналат. Бул насс (Курани карим жана хадиси шарифтер менен да) так өкүм. Намаздарды убактысынан мурун же кийин окуу күнөө. Убактысынан мурун же кийин орундалган мындай ибадаттар фасид болот.

Европа, АКШ жана башка өлкөлөрдө жарыяланып жаткан календарлардын башындагы"ТҮШҮНДҮРМӨ” бөлүмүндө: "Улуу Аллах "Сөзсүз намазды өз убагында окуу парз кылынды”, - делген (Ниса 4/103). Ушул себептен намаздарды убагынан мурун окууга болбой тургандыгы сыяктуу, убагынан кийинкиге калтыруу да жаиз эмес” деген сөздөргө орун бергенине карабастан өздөрүнүн жасаган иштери, киргизген өзгөрүштөрү насс (Курани карим менен хадиси шарифтерде) билдирилген бул өкүмдөргө кайчы келүүдө. Намаз жана орозо ибадаттарынын шарттарынын эң маанилүүсү "убакыт шарты” жасалган өзгөрүштөргө байланыштуу орундалбай тургандыктан сахих болбой жатат.

"Дарарул-хуккам” түшүндүрмөсүндө мындай делген: "Заман өзгөрүүсү менен каада-салттарга байланыштуу өкүмдөр, эрежелер өзгөрүшү мүмкүн. Насс (Курани карим менен хадиси шарифтерге), далилге таянган өкүмдөр замандын өзгөрүүсү менен өзгөрбөйт”. "Мажалланын” 39-томунда жана түшүндүрмөсүндө: "Өкүмдөр заман өзгөрүүсү менен өзгөрөт. Башкача айтканда, каада-салтка байланыштуу өкүмдөр өзгөрөт. Насс аркылуу бекитилген өкүмдөр заман өзгөрүүсү менен өзгөрбөйт”. Намаз убакыттар Насс (Курани карим менен хадиси шарифтер менен) орногон өкүм. Ошондуктан, өзгөртүлбөйт.

Динде кыйынчылык жок, жеңилдик бар деген сыяктуу сөздөр менен бурмалап жаткандар көп парздарды ташташууда. Бул сөздүн чыныгы мааниси - "Аллаху тааланын бардык буйруктарын орундоо оңой, Аллаху таала кыйын нерсени буйрук кылган эмес” деген сөз. Болбосо, ыйманы алсыз болгондор айткандай ыңгайлуу көрүнгөнүн кыла бер, напсиге оор келгендерин Аллаху таала кечирет, ар ким өзүнө жеңил болгонуна жараша амал кылуусу керек, Ал мээримдүү, баарын кабыл кылат деген сөз эмес. Убактысынын кирүүсүн күткөн жагдайда куптан убактысынын кеч кирүүсү, имсактын болсо эрте башталуусунан улам кыйынчылыктар пайда болгон кезде Ислам аалымдары тарабынан билдирилген өкүмдөр ибадаттардын оңоюна жана ыңгайына карай өзгөртүлүүсүн эмес, диндеги билдирилген жеңилдиктерди колдонуу үчүн. Динде кыйынчылык жок деген сөздүн мааниси мына ушул. Тактап айтканда, Аллаху таала оңой нерселерди буйрук кылган дегенди билдирет. Болбосо, ар ким оюна келгенин кылсын, өзүнө жакканын жасасын, напсине оор келген нерселерди кылбасын деген сөз эмес.

Адамдардын жумуштарынан улам ибадаттарын орундоодо пайда болчу кыйынчылыктар менен машакаттар ибадаттарынын мартабасын, даражасын көбөйтүүдө. Бул сыяктуу иштерде, жумуш, демалыш, уйку жана үй-бүлөнүн муктаждыктарын камсыз кылуу сыяктуу тиричилик иштерин бир тартипке, бир системага салуу керек. Бул тартипте намаз убакыттары эске алынууга тийиш. Муну орундоо оңой жана жогоруда аталгандай өтө баалуу болуп саналат. Мусулмандар ибадаттарын Ислам аалымдары билдиргендей кылып орундоолору зарыл.

Ислам өкүмдөрүнө моюн сунгандар өзгөчө асыл таштар менен алектенген зергерлер сыяктуу. Булардын жумушу аз, бирок, кирешелери өтө көп болот. Кээде бир сааттык эмгектери жүз миңдеген жылдардын табышын берет. Мунун себеби Ислам өкүмдөрүнө шайкеш болгон амал Аллаху таала кабыл кыла турчу, жактыра турчу амал.

ТҮРКИЯ КАЛЕНДАРЫ

УБАКЫТ ЭСЕПТӨӨ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИЛИГИ

Эл. Почтобуз: info@turktakvim.com

        

   

 

    

    

   

 

     

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш