Ислам дини » Орозо » Орозо жана ачкалык




Орозо жана ачкалык


Суроо: Кээ бирөөлөр суусуз жүрүүнүн эмне пайдасы бар дешүүдө. Орозо кармоонун максаты эмне?

ЖООП

Орозо бир гана ачка жана суусуз жүрүү эмес. Бир айбанды же ишенбеген бир кишини бир бөлмөгө камап ачка, суусуз таштоо менен орозо карматылган болбойт. Орозонун сабыр, шүгүр, напси тарбиясы сыяктуу калган ибадаттар менен да байланышы бар. Ошондуктан, хадиси шарифте: «Ар нерсенин бир эшиги бар. Ибадаттардын эшиги болсо - орозо», - делген. (Ибни Мубарек)

Нерв системабыздын денебиздеги орду өтө маанилүү. Тилинин нервдери иштебей калган адам сүйлөй албайт. Буттагы нервдер паралич болсо адам баласы басып жүрө албайт. Нервдерибиз канчалык бузулса ошончолук жашообуз аз же көп коркунуч ичинде. Нерви бузук киши тынчсыз болот, сабыр кыла албайт. Коомчулуктагы келишпестиктер, бири-бирине кол салуулардын көбү нервдүү болуудан, сабыр кыла албоодон улам пайда болууда. «Орозо сабырдын, сабыр болсо ыймандын жартысы» деген хадиси шариф орозо кармаган адамдын сабырдуу болгондугун билдирүүдө. (Абу Нуайм)

Ушундайча орозонун ыймандан болгондугу да көрүнүүдө. Ыймандуу болгон адам да ыйманынын кубатына жараша кылмыш жана күнөө кылбайт. Нервине ээ болот. Ар нерсенин бир зекети бар. Дененин зекети болсо – ачкалык. Орозо кармоо менен ачка турган адамдын арзуулары сынгандыктан сабыр кылуусу жеңил болот. Орозо кармаган адам ачка жүрөт. Ачка жүрүү – жакшы. Ачка жүргөн кишинин басирети ачылат. Түшүнүгү көбөйөт. Хадиси шарифтерде: «Ачка жүргөн адамдын туура ой жүгүртүү касиети көбөйөт, зээни ачылат» жана «Тафаккур – ибадаттын жартысы, аз тамактануу болсо - анын толугу», - деп буюрулду. (И.Газали)

Көп тамак жеген адам көп уктайт, көп уктаган адамдын өмүрү бошко өтөт. Көп тамак жеген адам мастай болот, денеси чарчайт. Зээни, түшүнүк касиети басаңдайт. Ачкалык болсо көңүлдү жукартат. Хадиси шарифте: «Аз жеген адамдын ичи нурга толот жана Аллаху таала аз жеп-ичкен жана денеси жеңил болгон момунду сүйөт» - деп буюрулду. (Дайлами)

Ачкалыктан арзуулар сынат, напсибиз тил алчаак боло баштайт. Көп жеш гафилдикти туудурат. Азоо атты бир жерде кармап туруу кыйын болгондой көп тамак берип кутурткан напсини да кармап туруу кыйын. Ачкалык менен тарбия жеңилдейт. Хадиси шарифте мындай делди: «Адамдын жүрөгү талаадагы эгин, тамак болсо жамгыр сыяктуу. Артыкча суу эгинди куруткандыгы сыяктуу артык тамак да жүрөктү (көңүлдү) өлтүрөт.» [И.Газали]

Дайым ток жүргөн адам мээримсиз жана ырайымсыз болот. Ток киши ач кишинин абалын түшүнбөйт. Көп жеген киши орой жана таш боор болот. Хадиси шарифте: «Көп жеп-ичүү менен көңүлүңөрдү өлтүрбөгүлө!» - деп буюрулду. (Имам Газали)

Нервине ээ болгон адам тынчтык ичинде болот. Ачкалык күнөө кылууга болгон арзууну сындырат, жамандык жасоого кедерги болот. Хадиси шарифте: «Ачкалык жана суусуздук жолу менен напси менен жихад кылуу Аллах жолунда жихад сыяктуу», - делген. (Имам Газали)

Көп жеген адам көп суу ичет. Көп суу ичкен адам көп уктайт. Көп уктаган адамдын өмүрү уйку менен өткөндүктөн дүнүйө жана акырет табышына тоскоолдук кылат. Демек, ачкалык нервдерди ойгоо жана сергек кармайт. Артыкча токтук акылсыздыкка жол ачат. Окуганын жаттоосу жана эсинде сактап калуусу кыйын болот.

Эки күндө үч жолу тамактануу нормалдуу боло тургандыгы билдирилген. (Тасхил-ул-манафи)

Аз жеген адамдын дени сак болот. Хадиси шарифте: «Орозо кармаган адам ден-соолуктуу болот», - деп буюрулду.

Көп жеген адамдын боор ооруу сезими азаят. Арзуулары көбөйөт, арамдарга умтулат. Мындай жаман каалоолорду козгогон жолдорду бүтөш керек. Ачкалык шайтандын жолун бүтөйт. Хадиси шарифте: «Шайтан тамырдагы кан сыяктуу денеде айланат, ачкалык менен жолун тарайткыла», - деп буюрулду. (Изйа)

Сынакка кире турчулар дагы ток жүрбөөгө аракет кылуулары керек. Ачкалык эс тутумду жакшыртат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш