Илмихал китептеринде орозону буза турган жана
кафарат талап кыла турчу жагдайлар тууралуу жалпы эреже билдирилген. Азык же дары катары пайдалуу бир нерсени жеп-ичүү, лаззат бере турчу нерсени ооздон өткөрүү жана
жима (жыныстык катнаш) орозону бузат. Орозону буза турчу бул нерселер билип
туруп жасалса казасы дагы, кафараты дагы орундалышы керек болот.
Орозону бузуп казасын жана кафаратын талап
кылчу жагдайлардын бир нечеси мына булар:
1- Орозо экендигин билип туруп жеп-ичүү.
2- Кан алдыруу, гыйбат кылуу сыяктуу орозону
бузбай тургандыгы маалым нерселерден кийин орозом бузулду деп билип туруп
жеп-ичүү.
3- Тамакка кирген жамгырды, карды өз каалоосу
менен жутуу. Өз каалоосусуз тамакка кирип кете турган болсо бир гана казасын
орундашы керек болот.
4- Тамеки тартуу.
Рамазан
орозосун бузуп, бир гана казасын кылууну талап кылган нерселер булар:
1- Жаңылыштык
менен бузуу, мисалы, даарат алганда тамакка суу качса.
2- Тамагына
кар же жамгыр суусу кирсе.
3- Мурунга
суюк дары куйса.
4- Астманын
спрейин колдонуу.
5- Кыйнап
буздурулса.
6- Мурунга
адеколон тартса. [Жыттаса бузбайт]
7- Муким кезде
орозо кармап, сапарга чыккан кезде жеп-ичсе.
8- Башка адам
тарткан тамекинин түтүнүн өзү каалап жыттаса.
9- Кулактын
ичине дары тамчылатуу, кулакты дары суу менен жуу.
10- Теридеги
ачык жарага сүртүлгөн суюк дары ичке кирсе.
11- Денеге
ийне менен дары куйса.
12- Каалап,
кыйнап ооз толтура кусуу.
13- Тиши
канаган адам оозундагы канды жутса же түкүрүк өлчөмү менен барабар болгон
аралаш канды жутса.
14- Имсак
убактысынын бүткөндүгүн билбестен жеп-ичсе.
15- Күн батты
деп ойлоп орозосун бузса.
16- Тиштеринин
арасында калган нокот менен тең нерсени жутса.
17- Мурунга
тартылган суунун ооздон чыгуусу.
18- Даарат
алып жатканда тамакка суу жүгүрүп кетсе.
19- Кагаз,
таш, пахта, чөп, бышпаган күрүч сыяктуу дары жана азык болбогон нерсени жутса.
20- Арткы
тешиктен же аялдардын алды жагынан свеча колдонуулары.
21- Орозолуу
экендигин унутуп тамак жеп алса, орозо бузулду деп ойлоп кийин билип туруп
тамактанууну улантуу.
22- Имсак
убактысынан кийин ниет кылган адамдын күн ичинде орозосун атайын бузуусу.
23- Деңизге
киргенде же гусул алып жатканда арткы тешиктен суу кирсе. [Ханбалиде бузбайт.]
24- Тилдин алдына коюлган дарыны эмсе.
25- Арткы
тешикке коюлган пахта же башка нерсе толугу менен ичине кирсе.
26- Геморрой
этчелери тахараттанып тазалангандан кийин ным бойдон ичке кирсе.
27-
Мастурбация кылуу.
28- Денеге
кирген ультра же эндоскопиялык аппаратында дары, мазь бар болсо.
29- Клизма
кылдыруу. [Маликиде бузбайт].
30- Атайын суунун буусун мурунга тартуу.
31- Ным манжаны алды же арка тешикке
киргизүү, [Ханбалиде
бузбайт.]
32- Мурундан
мурун көндөйүнө кеткен канды жутуу.
33- Ачтыкка же
суусуздукка чыдай албай жеп-ичүү.
34- Эсинен
танган адамды ойготуу үчүн жана уктап жаткан адамдын оозуна суу агызуу.
35- Сапарда
жүргөн адам атайылап орозосун бузса кафарат керек эмес, бир гана казасын өтөөсү
керек. Себеби, сапарда орозо кармоо фарз эмес.
36- Атайылап
орозосун бузган адам кийин орозо кармоону мубах кыла турган бир абал башына
келе турган болсо, мисалы, аялдын хайзы башталса же орозо кармай албай
турганчалык ооруп калса бир гана казасы керек болот. Бирок, орозосун бузуп
сапарга чыкса кафарат керек болот. Себеби, сапарга чыгуу самавий үзүр (себеп)
болуп саналбайт.
37- Орозо
кармап жаткан адамдын оозуна кирген көз жаш же тер көп болуп, туздуулугу ооздун
бардык жагында сезилсе жана жутса орозосу бузулат. Жутпастан түкүрө турган
болсо бузулбайт.