Ислам дини » Орозо » Орозону бузбаган нерселер




Орозону бузбаган нерселер


Орозону бузбай турган, бирок, сообун азайта турган нерселерден да сактануу керек. Орозо кармагандарга убада кылынган чоң соопко жетүү үчүн бул шарт.

Бир ибадатты орундаганда бул ибадаттын фарздарын, важибдерин, сүннөттөрүн, макрухтарын жана муфситтерин, башкача айтканда, ал ибадатты буза турган нерселерин да билүү керек. Буларды билбей орундалган ибадат толук болбойт. Атүгүл, ибадат кылдым деп ойлогон нерсе бузулуп, ибадат болуудан чыккан болуусу мүмкүн.

Мисалы, орозонун фарздарынын бири орозонун алгачкы убакытынан акыркы убакытына чейин (б.а., күн чыгып батканга чейин) орозону буза турган нерселерден тыйылуу. Алгачкы убакыты менен акыркы убактысынын арасында бир нерсе ичип-жей турган болсо орозо бузулат. Ошондуктан, орозонун фарздарын, макрухтарын жана муфситтерин, б.а., орозону буза турган жагдайларды жана бузбай турган жагдайларды жакшылап билип алуу керек.

Орозону бузбаган нерселердин айрымдары төмөндөгүлөр:

1- Орозо кармаганын унутуп жеп-ичүү.

2- Оозуна келген кусундукайра артка кетсе.

3- Кислород түтүгү менен жасалма дем алдыруу.

4- Орозону бузууга ниеттенип, бирок, бузбоо,

5- Өз эркинде болбой ооз толтура кусуу.

6- Тамагына чаң, түтүн ж.б., нерселердин кирүүсү.

7- Каалап, өзүн кыйнап аз да болсо кусуу.

8- Көзгө дары тамызуу, ным линза тагынуу.

9- Ушак айтса.

10- Түшүндө ихтилам болсо.

11- Тиштин тешигине дары коюу.

12- Гүлдү, одеколонду же атыр жыттоо, дезодарант колдонуу.

13- Морфинсиз, ийнесиз тишти жулдуруу.

14- Жутпастан тамактын даамын билүү.

15- Сактанганына карабастан чаңдын жана түтүндүн тамактан жана мурундан ичкери кирүүсү.

16- Тишти жулдурганда келген түкүрүктөн аз канды жутуу.

17- Оозун жуугандан кийин калган калдыгын түкүрүк менен жутуу.

18- Тиштеринин арасында калган нокоттон кичине болгон нерсени жутуу.

19- Хажамат болуу, кан алдыруу, акупунктура (ийне менен дарылоо) колдонуу.

20- Кулакка суу кирүү.

21- Ойгоо кезинде бир гана карап жунуп болуу.

22- Мисвак колдонуу, тиш пастасыз тишти щётка менен тазалоо, [Тиш пастасы менен дагы тазалоо орозону бузбайт, бирок, макрух болот. Тиш пастасы жутулса орозо бузулат, казасын орундоо керек.]

23- Гусул алуу, ваннага түшүү.

24- Заара жолуна кебез коюу, [Шафииде бузат]

25- Соо териге дары, крем, ар кандай сүртүлө турчу нерселер орозону бузбайт.

26- Жарага имсак убагынан мурда коюлган суюк дары имсак убагынан кийин териге сиңип кетсе орозону бузбайт.

27- Жарадан чыккан кан, ириң жана ушул сыяктуулардын кайра денеге кирүүсү.

28- Аары чакса.

29- Эриндеги нымды жутуу.

30- Ваннада пайда болгон суу буусун дем алуу.

31- Колго ийне кирип, сынган бөлүгү ичинде калса орозо бузулбайт.

32- Кулакка кебез оролгон чыбыкты тыгуу. [Шафииде бузат]

33- Канаган жерге кандын токтоосу үчүн кан ташын сүртүү.

34- Оозго келген тамакты, какырыкты, кусундуну жана баштан мурунга келген аккан нерсени жутуу.

35- Белди үшүтүү оорусунан улам суюктук келсе бузбайт.

36- Үйүн чымын-чиркейлерге каршы дары койгон адам каалап-каалабай дарыны жыттаса орозосу бузулган болбойт, себеби, сактануу кыйын.

37- Кулакка самындуу суунун кирүүсү.

38- Оозго суу алып чайкоо же оозду жуугандан кийин ооздо калган нымды түкүрүк менен жутуу.

39- Аялын өпкөн адамдын орозосу мези келсе дагы бузулбайт. Өпкөндө кумарланып жунуп болсо бузулат. [Жунуп болуу ыктымалы болсо аялын өбүү макрух болот. Орозону буза тургандай көп өпсө харам жасаган болот. Анткени, орозону эч бир себепсиз бузуу харам. Бирок, өөп жунуп болсо казасын орундоо керек, кафарат керек эмес.]

40- Акупунктура колдонуу орозону бузбайт. Акупунктуранын бир гана ийнеси кирүүдө, дененин ичине бир нерсе куюлбайт.

41- Жарылган эринге же колдогу жарага крем, иод, одеколон же кислород суу сүртүү. [Ачык жарага сүртүлгөн мазьдын ичкериге сиңгендиги жакшы билинмейинче орозону бузбай тургандыгы Сеадет-и Эбедиййе китебинде билдирилүүдө. Жакшы билүү болжолдоо менен болбойт. Анык билүү керек. Анык билинмейинче бузат деп айтылбайт.]

42- Ийнелүү эпиляция кылдыруу орозону бузбайт. Ичкериге дары сыяктуу бир нерсе кирмейинче денеге ийне сайуу орозону бузбайт.

43- Каш, мурут алуу, аврат тегерегин устара менен тазалоо жана эпиляция орозону бузбайт.

44- Орозолуу адамдын оозуна көз жашы же тер кирсе, бир эки тамчыдай аз болсо орозону бузбайт. Анткени, мындан сактануу кыйын. Көп болуп, тузун оозунун ар жеринде сезсе жана жутса орозо бузулат. Жутпай түкүрүп салса бузулбайт.

45- Кургак манжаны алды жана арка тарапка киргизүү орозону бузбайт. [Шафииде бузат.]

Унутуп жеп-ичүү

Суроо: Сахурга турдум, тамактан кийин орозо кармоого ниет кылып жаттым. Эртең менен турганда орозо экенимди унутуп кечке чейин жеп-ичтим. Ооз ачаарда эсиме келди. Кармаган орозом сахих болдубу?

ЖООП

Ооба, сахих болду. Анткени, унутуп калып жеп-ичүү орозону бузбайт.

Чачты боётуу

Суроо: Чачты боётуу, колтукту кыруу же салкындоо үчүн душка тушүү орозону бузабы?

ЖООП

Эч бири бузбайт.

Эстен тануу жана орозо

Суроо: Кандайдыр бир себеп менен эстен танган адамдын орозосу бузулабы?

ЖООП

Эстен тануу уктоо сыяктуу. Узак же кыска убакытка эстен тануу орозону бузбайт.

Көлгө түшүү

Суроо: Көлгө түшүү орозону бузабы?

ЖООП

Көлгө түшүп дароо чыгуу орозону бузбайт. Көлдүн ичинде туруп, сүзсө дененин ичине суу кирет жана орозо бузулат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш