Ислам дини » Орозо » Орозолууга макрух болгон жана макрух болбогон нерселер




Орозолууга макрух болгон жана макрух болбогон нерселер


Суроо: Орозолууга макрух болгон жана болбогон нерселер эмнелер?

ЖООП

Макрух болгондор мына булар:

1- Тиштерди тиш пастасы менен щеткалоо макрух, тиш пастасы жок щеткаласа макрух болбойт.

2- Дары менен ооздуу чайкоо макрух. Эгер ооздогу жара намазда окууга тоскоол болсо дары менен чайкоо макрух болбойт, себеби, үзүр абалы бар.

3- Жунуп болуу ыктымалы болсо аялын өбүү.

4- Рамазан күнү укол алуу, өз каалоосу менен оозу толо кусуу сыяктуу бир себеп менен орозо бузулса, сапардагы жолчу адам шаарына келсе, аялдын хайзы токтосо шамга чейин орозолуу адам сыяктуу сактануулары керек, ичип-жеши макрух болот.

Макрух болбогондор:

1- Түнү ихтилам болуп (гусулу сынып) сахурга турганда имсак убактысына аз калган болсо алгач оозун жууп тамак жесе, имсак чыккандан кийин гусул алса, б.а., орозону жунуп кезде баштаган болсо сахих болот. Кийин гусул алуу жаиз.

2- Бузулса кафарат болбосун деп Рамазан орозосуна имсак убактысынан кийин ниет кылуу жаиз.

3- Рамазанда куптандан кийин аялы менен бирге болсо, кийин кеч маалда уктап бираздан кийин гусул алабыз десе, ойгонгон кездеринде күн чыгып кеткен болсо орозолоруна зыян келбейт, бирок, намаз окуу үчүн биринчи мүмкүнчүлүктө жуунуш керек.

4- Орозонун аксабоосу үчүн хайзды дары менен кечиктирүү жаиз.

Орозо кармоо үчүн жеңилдиктер

Суроо: Орозо кармоо үчүн төмөндөгү жеңилдиктерден пайдалануу жаизби?

1- Суусаганда чаңкоону азайтуу үчүн оозду суу менен чайкоо, сериндөө үчүн башка муздак суу төгүү, муздак суу менен жуунуу.

2- Тамекиге муктаждык сезген кезде тамеки пластырын жабыштыруу.

3- Оорута турган, ревматизм бар жерлерге спрей себүү же мазь сүртүү, жүрөк оорусунда көөдөнгө коюла турчу дары, пластырь колдонуу.

4- Ачкалык сезген кезде эмдөөдө колдонула турган ийнелерди батырып ачкалык сезимин кетирүү же ачкалык лентасын колдонуу (булар ачкалык сезимди дагы кетирет, ары салмак таштоого көмөктөшөт.)

5- Рамазанды аксатпоо, толук кандуу кармоо максаты менен хайзды кечиктирүү үчүн дары колдонуу.

ЖООП

Булардын бардыгы жаиз. Бирок, биринчи болуп саналган жагдай Имам азамдын өкүмүнө карата танзихан макрух, себеби, мындай аракет ибадаттын кыйнагандыгын көрсөтүшү мүмкүн. Имам Абу Юсуфка карата мунун зыяны жок, себеби, мындай кылуу менен ибадатка жардам кылынып, кыйынчылык бир өлчөмдө азайган болот. Имам Абу Юсуфтун кавлына уюлуп, жогорудагылардын бардыгын кылууга болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш