Ислам дини » Орозо » Орозо кармоо пайдалуу




Орозо кармоо пайдалуу


Суроо: Орозо кармоо денеге зыян береби?

ЖООП

Жок, себеби, Аллаху таала зыяндуу болгон нерсени буйрук кылбайт. Медицина адистери айтышат:

Орозолуу адамдарда адреналин жана кортизон гармондору канга жеңил аралашат. Бул гармондор рак клеткаларына таасирин тийгизет. Ушундайча бул гармондор ракка каршы калкан ролун ойноп, рак клеткаларынын көбөйүүсүнө тоскоол болууда. Орозо кармаган дене өзгөчө кароого алынган сыяктуу болуп, ички органдарды орогон майлар ээрийт, дененин сергектиги артат, иммунитет күчтөнөт, ашказан, бөйрөк, шекер, жүрөк жана боор ооруларына каршы туруштугу көбөйөт.

Боор орозо кармаган кезде 3-5 саат демалат, азык бириктирүү ишин бир мөөнөткө токтоткон болот. Бул учурда коргонуу системасын күчтөндүрүүчү глобулиндерди даярдайт. Ашказан булчуңдары жана секрет бөлүп чыгаруучу клеткалар бир канча саат демалат. Кан басымы азайгандыктан жүрөк дагы демалат.

Азык калдыктары жакшы ээримейинче тамырларды бузат. Ээрибеген майлар тамырларды тарайтат, атеросклероз деген ооруга себеп болот. Кечке карай денеде тамак калбайт. Б.а., бардык азыктар ээрип сиңген болот. Бул жагынан алып караганда кээ бир ооруларга, өзгөчө атеросклерозу бар адамдарга орозо кармоо пайдалуу болууда. Орозолуу маалда дененин калган органдары дагы демалган болот. Аз тамак жеш жана орозо кармоо ден-соолук үчүн маанилүү. Зекет мал-мүлктүн кири болот. Зекетин берген адам мал-мүлкүн коргогондой эле орозо кармаган адам дагы дененин зекетин берген болот, оорулардан аны коргогон болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Бардык нерсенин зекети бар, дененин зекети болсо – орозо. Орозо кармагыла, ден-соолук тапкыла!” – деп буюрган. (Ибни Мажа, Табарани)

Орозонун пайдалары көп. Эки хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Орозо этти ээритет жана Жаханнам отунан алыстатат. Көз көрбөгөн, кулак укпаган жана эч кимдин оюна келбеген ниматтар бир гана орозо кармаганга насип болот.” [Табарани]

"Аллах ыраазылыгы үчүн бир күн орозо кармаган адамды Аллаху таала бул бир күндүк орозосу себеби менен Жаханнам отунан 70 жыл узак кармайт.” [Бухари]

Орозонун сообу калган ибадаттарга караганда дагы да көбүрөөк. Хадиси кудсиде:

"Ар бир жакшылыкка 10 эседен 700 эсесине чейин сооп берилет, бирок, орозо мага тийиштүү, анын сыйлыгын мен берем, себеби, кулум мен үчүн шахватын жана жеп-ичүүсүн таштады”, - деп айтылган. (Бухари)

Ар жакшылыктын сообун Аллаху таала берген болсо да орозонун сообу тууралуу "Мен берем” деп буюруусунун хикмат сыры бар. Жер жүзү толугу менен Аллаху тааланын мүлкү болсо да Каабаны "Байтуллах” дегени, б.а., "Аллахтын үйү” дегени ага өзгөчө кадыр бергендиги үчүн. "Орозо мага тийиштүү” деп билдирүү менен ага өзгөчө кадыр берген. Орозо кармаган адамга бериле турчу сооптун белгилүү бир өлчөмү жок. Орозолуунун абалына карата көп сооп берилет. Башкалар тамак жеп жүрүшкөн кезде орозо кармоо өтө сооптуу. Хадиси шарифте: "Орозолуу адамдын жанында орозосуздар тамак жешкен кезде периштелер орозолууга дуба кылышат”, - деп айтылды. (Тирмизи)

Кандайдыр бир себеп менен нафил орозо кармай албаган адам шүгүр кылуусу керек, конокторго, кедейлерге тамак берүү керек. Хадиси шарифте: "Шүгүр кылып тамак жегизген адам сабыр кылып орозо кармаган адам сыякуу”, - деп айтылган. (Тирмизи)

Шүгүр кылгандарга көп сыйлык берилет. Шүгүр Исламиятка моюн сунуу дегенди билдирет.

Имам Раббани хазреттери: "Рамазанда нафил ибадаттарга берилген сооп башка айларда кылынган фарздар сыяктуу. Бул айда кылынган бир фарз башка айларда кылынган жетимиш фарз сыяктуу. Бул айга урматсыздык кылган адамдын, бул айда күнөө кылган адамдын жылы толугу менен күнөө кылуу менен өтөт”, - деп айтууда.

Ошондуктан, айрыкча, Рамазан айында күнөө кылуудан ого бетер сактануу керек. Мубарек жерлерде кылынган ибадаттарга дагы көп сооп берилет. Хадиси шарифте: "Меккеде бир Рамазан орозо кармоо башка жерде кармалган миң Рамазан орозосунан жакшыраак”, - деп айтылды. (Беззар)

Жума күнү кылынган ибадаттарга да эсе-эсе көп сооп берилет. Жума күнү кылынган күнөөлөр да эки эсе болуп жазылат. Баалуу күндөрдүн кадырын билүү жана керек болгон нерселерди орундоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш