Суроо: Ифтар берүүнүн сообу кандай?
ЖООП
Ифтар берүү чоң сооп. Жолдо баратканда бир
орозолуу адамга бир хурма же бир зейтун берилсе дагы ифтар берүү сообуна ээ
болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Бир адам бул айда бир
орозолууга ифтар берсе күнөөлөрү кечирилет. Ошол орозолуунун сообунчалык ага да
сооп берилет”, - деп айтканда Асхабы кирамдан кээ бирлери бир орозолууга
ифтар жедире ала тургудай бай эмес экендиктерин айтышат. Аларга жообунда: "Бир
хурма менен ифтар бергенге да, бир гана суу менен ооз ачтырганга да, бираз сүт
бергенге дагы бул сооп берилет”, - деп айтты. (Байхаки)
Дагы бир хадиси шарифте: "Рамазанда
бир конокко орозо ачтырган адамга Сырат көпүрөсүн өтүү жеңилдейт”, -
деп айтылды. (В. Нажат)
Тамак жедирүү - өтө сооптуу иш. Айрыкча орозолуу
адамга тамак берүү андан да сооптуу. Орозо кармаган адамдын сообунчалык сооп
алат, орозолуунун сообу кемибейт.
Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Рамазан
айында бир орозолуу адамды суу менен ифтар кылдырган адам энесинен туулган
күндөгүдөй күнөөсүз болот”, - дегенде Асхабы кирам: "Суунун
баасы аз болсо дагыбы” – деп сурашты. Аларга жообунда: "Кааласа
дарыянын жээгинде берсин, окшош”, - деп айтты. (В. Нажат)
Тамак жедирүүнү нимат деп билүү керек! Хадиси
шарифтерде айтылган:
"Амалдардын эң фазилаттуусу бир
момундун айыбын жашыруу, курсагын тойгузуу жана бир муктаждыгын орундоо менен
аны кубантуу.” [Исфахани]
"Аллаху таала тамак жедирген жоомарт
адам менен периштелерине мактанат.” [Имам Газали]
"Конок дасторкондо отурган убакыт бою
периштелер үй ээсине дуба кылат.” [Таберани]
"Жаннатта ушундай сулуу сарайлар бар,
булар таттуу сүйлөгөн, тамак жедирген жана баары уктап жатканда намаз окугандар
үчүн.” [Тирмизи]
"Досуна сүйгөн тамагын тартуулаган
адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Беззар]
Достор менен тамактануу
Досторго тамак берүү садага берүүдөн жакшыраак.
Хазрети Али айткан:
"Досторго жедирген бир наным кедейлерге
берген беш нандан да баалуу. Достор менен желген тамак кул азат кылуудан да
жакшыраак!”
Тамакта күнөө кылынган чакырыктарга барууга
болбойт. Кедейлердин чакырыгына барбай байлардыкына баруу текеберликтен улам
болот. Өзүнөн төмөн болгондорду зыярат кылуу - карапайымдыктын белгиси.
Той тамагына чакырылганда баруу - сүннөт, башка
сый чакырыктарга баруу - мустахаб.
Кээ бир аалымдар: "Той тамагына баруу -
важиб, калган чакырыктарга баруу - сүннөт”, - дешкен.
Бир мусулмандын экинчи мусулмандан беш акысынын
бири анын чакырыгына баруу болуп саналат. Б.а., чакырыгын кабыл алып, баруу
болуп саналат. Хадиси шарифте: "Чакырыкка баргыла”, - деп
буюрулду. (Муслим)
Ашыкча убаракерчиликке кирген адамдын чакырыгына
баруу керек эмес. Сараң адамдын дагы чакырыгына барбоо керек! Пайгамбарыбыз бул
тууралуу: "Жоомарттын берген тамагы шифа, сараңдын берген тамагы
оору”, - деп айткан. (Дайлами, Хаким, Ибни Лал, Даре Кутни, Хатиб)
Чын көңүлдөн чакырган жерге баруу керек! Хадиси
шарифтерде айтылды:
"Мусулман тууганын сыйлаган адам
Аллаху тааланы сыйлаган болот.” [Исфахани]
"Эки киши бир убакта чакырса эшиги
жакын болгонуна бар! Себеби, эшиги жакын болгонунун акысы биринчи турат.” [Бухари]
"Чакырыкка барбаган адам Аллахка жана
Расулуна каршы келген болот.” [Бухари] (Динибиздин бул маселедеги буйругуна моюн сунбаган болот.)