Ислам дини » Орозо » Нафил орозо жана пайдалары




Нафил орозо жана пайдалары


Суроо: Нафил орозонун да сообу болобу?

Жооп

Орозо казасы болбогон адамдын нафил орозо кармоосү өтө сооптуу. Хадиси шарифтерде мындай деп билдирилди:

"Бир күн нафил орозо кармаган адамга жер бетиндеги алтындардын баары берилсе, ал орозонун сообуна жетпейт.” [Ибни Нажжар]

"Эч кимге билдирбей бир күн нафил орозо кармаган адамга Аллаху таала Бейишин ихсан кылат.” [Хатиб]

Суроо: Рамазан айынан кийин ар айда орозо кармагысы келген адам кайсыл күндөрдө кармоого тийиш?

Жооп

"Ар [камари] айда үч күн орозо кармоо бир жылды орозолуу болуп өткөрүү сыяктуу сооп болот.” [Бухари]

"Ибрахим алейхиссалам ар айда 3 күн орозо кармады. Аллаху таала ага өмүр бою орозо кармаган сыяктуу сооп берди жана өмүр бою жеп-ичкен сыяктуу кубат жана ден-соолук берди.” [Байхаки]

"Ар айда үч күн орозо кармаган адам жыл бою орозо кармаган сыяктуу болот.” [Муслим]

"Ар айда 3 күн орозо кармаган адамдын жүрөгүндө кин (көралбастык, душмандык) жок болот.” [Баззар]

"Ар айда 3 күн орозо кармаган адамдын жүрөгүнүн даты тазаланат.” [Насаи]

"Аййам-ы бийд” деп аталган камари айлардын 13, 14 жана 15чи күндөрүндө да орозо кармоо жакшы болот. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Айда 3 күн орозо кармаган адам айдын 13, 14 жана 15чи күндөрү кармасын!” [Насаи]

"Ар айда аййам-ы бийдда орозо кармаган адам жыл бою орозо кармаган сыяктуу сооп алат.” [Насаи]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш