Ислам дини » Орозо » Шаввал айында орозо




Шаввал айында орозо


Суроо: Рамазан айынан кийин Шаввал айында орозо кармоонун кандай мааниси бар?

ЖООП

Орозо кармоо дайыма сооптуу. Хадиси шарифте: «Орозо Жаханнам отунан коргой турчу калкан», - делген. (Бухари)

Шаввал айында орозо кармоонун да сообу көп. Хадиси шарифте мындай делинет:

«Рамазандан кийин Шаввал айында да 6 күн орозо кармаган адам энесинен туулган күндөгүдөй күнөөсүз болот.» (Табарани)

«Рамазан орозосу менен Шаввал айында да 6 күн орозо кармаган адам бир жыл орозо кармаган болуп саналат.» (Ибни Маже)

«Рамазан айынын орозосу он айга, Рамазандан кийин кармалган 6 күн орозо болсо эки айга барабар болот, ушундайча бир жыл орозо кармоо сообуна жетет.» (Ибн Хузайма)

Бул алты күн орозону убакыт өткөрбөстөн айттан кийин дароо кармоонун жакшы боло тургандыгы билдирилген. Арасын үзүүгө, башка-башка күндөрдө кармаса да болот. Бул орозолорду казага ниет кылып кармоо керек. Нафил же каза орозолорду Дүйшөмбү же Бейшемби күндөрү кармоо жакшыраак болот. Хадиси шарифтерде мындай делинет:

«Амалдар Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү Аллаху таалага сунулат. Мен орозо кезимде амалымдын сунулуусун каалаймын.» (Тирмизи)

«Дүйшөмбү жана Бейшемби күнөөлөр кечириле турчу күндөр болгондуктан орозо кармаймын.» (Муслим)

Суроо: Шаввал айында кармалган 6 күндүк орозону ошол айдын кайсы күнү кармаса да боло береби?

ЖООП

Ооба, 30 күндүн ичинде 6 күн орозо кармалса болду.

Жыл бою орозо кармаган болуу

Суроо: Эң аз бирге он сооп бериле тургандыктан Рамазан айында бир ай орозо кармаган адам 300 күн, Шаввал айында да 6 күн орозо кармаган адам 60 күн орозо кармаган сыяктуу боло тургандыгы б.а., жыл бою орозо кармаган болуп эсептеле тургандыгы айтылууда. Фарз болгон Рамазан орозосу менен нафил болгон Шаввал айынын орозосу бирдей болмок беле?

Жооп

Ар айда күн орозо кармаган адамдыкы да жыл бою орозо кармаган сыяктуу эсептеле тургандыгы китептерде билдирилүүдө. Бул жерде фарз болгон Рамазан айы орозосу менен нафил орозо салыштырылган жок. Жыл бою орозо кармагандыгы эмес, өкүмү боюнча орозо кармаган сыяктуу эсептеле тургандыгы билдирилүүдө. Антпесе, өмүр бою нафил орозо кармаса да Рамазан айында кармалган бир күндүк орозонун сообуна жетпейт. Эч кандай себепсиз Рамазан айында бир күн орозо кармабаган адам өмүр бою нафил орозо кармаса, Рамазан айындагы бир күндүн сообун таба албайт. Жада калса, орозо айындагы фарз болгон орозосунун казасын орундагандан кийин ар күнү орозо кармаса, Рамазан айында кармалган бир күндүк орозонун сообуна жете албайт. Казасын орундаганда бир гана карызынан кутулган болот. Рамазан айында кармаган сыяктуу сооп таба албайт. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Рамазан айында бир күн орозо кармабаган адам анын ордуна жыл бою орозо кармаса, ал бир күндүк орозонун сообуна жете албайт.” [Тирмизи]

Суроо: Шаввал айында кармала турчу орозонун ордуна өткөн Рамазан айында кармай албаган орозолордун казасына ниет кылып кармаса болобу? Эгер боло турган болсо кантип ниет кылынат?

ЖООП

Албетте, болот. Жада калса, Рамазан орозолорун толук кармай албаган аялдар дал ушундай кылуулары керек. Ар бир орозо кармай турчу күндүн Имсак убактысынан мурда «Ниет кылдым Аллах ыраазылы үчүн Шаввал айынын нафил орозосу менен акыркы казага калган Рамазан орозомдун казасын кармоого» деп ниет кылынып, канча күндүк карызы бар болсо ошончо күн Шаввал айынын ичинде кармалат. Кааласа арасын үзбөстөн, кааласа ыңгайына карап, кыскасы ушул бир айдын ичинде кармаса болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш