Суроо: Орозону эмне менен ачуу керек?
Жооп
Хурма менен, суу же сүт менен ачуу сүннөт. Булар
жок болсо мөмө-жемиш же жашылчалар менен ачууга болот. Мисалы, зайтун менен
ачылат. Отто бышкан нерсе менен, мисалы, нан, чай, шорпо менен ачпоо керек. Бир
хадиси шарифтин мааниси:
"Ифтарды хурма менен ачкыла, анткени,
ал - береке. Эгер хурма табылбаса суу менен ифтар кылгыла, анткени, ал -
тазалоочу.” [И.
Маже]
Бул темага байланыштуу башка хадиси шарифтер
төмөндөгүдөй:
"Пайгамбарыбыз алейхиссалам жаңы
бышкан хурма менен ифтар кылчу. Жаңы хурма жок болсо кургатылган хурма менен,
ал да жок болсо суу менен ифтар кылчу.” [Тирмизи]
"Пайгамбарыбыз алейхиссалам ифтарын сүт
менен дагы аччу.” [Даре
Кутни]
"Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч хурма
менен же от тийбеген бир нерсе менен ифтар кылчу.” [Абу Йа’ла]
Ифтар дубалары
Суроо: Орозобузду ачып жатканда же ачкандан кийин кандай
дуба кылышыбыз керек?
Жооп
Орозо кармаган адамдын өзгөчө ифтарга жакын кылган
дубасы кабыл болот. Үч хадиси шариф:
"Орозо кармаган адамдын ифтар
убактысында кайтарылбай турган бир дубасы бар.” [Ибни Маже]
"Орозо кармаган адамдын дубасы
кайтарылбайт.” [Тирмизи]
"Орозо кармаган адамдын ифтар
убактысында кылган дубасын Аллаху таала артка кайтарбайт.” [Бейхеки]
Ифтардан мурда Аузу жана Бисмиллах окуп "Аллахумма
йа васи’ал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал
муминат йавма йакумулхисаб” деп окулат. Мааниси:
"Эй, кечирими кенен болгон Аллахым!
Кыямат күнү суракка тартылып жатканда мени, эне-атамды, устазымды, эркек-аял
бардык момундарды кечире көр!”
Бираз жеп-ичкенден кийин: "Захабаззама’
вабталлатил урук ва саба-тал-ажр иншааллаху таала” – деп окулат жана
тамак башталат. Кыскача мааниси: "Ачкалык, суусоо бүттү. Иншааллах сообуна
да жеттик.” [Ибни Маже]
Пайгамбарыбыз алейхиссалам да төмөндөгүдөй дуба
кылчу:
"Аллахумма лака сумту ва бика аманту
ва алайка таваккалту ва ала рызкыка афтарту, фа такаббал минна. Иннака
антас-самиул алим.” [Мааниси: "Эй, Рабби, ыраазылыгың үчүн орозо кармадым. Сага ыйман
келтирдим, сага ишенип, таяндым. Ырыскың менен ифтар кылдым, ибадатымы кабыл
кыл! Албетте,сен бардык нерсени Угуучу жан Билүүчү затсың.”] (Абу Давуд)
Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир жамааттын ичинде
ифтар кылганда да мындай дуба кылчу:
"Дасторконуңарда орозо кармагандар
ифтар кылсын, тамагыңарды такыбаа ээлери жесин жана периштелер силер үчүн
истигфар кылсын!” [И.
Ахмед]