Ислам дини » Орозо » Рамазан айы асманда жаңы Айды көрүү менен башталат




Рамазан айы асманда жаңы Айды көрүү менен башталат


Суроо: Орозо кармоону календарга карап баштайбызбы же жаңы айды көрүп баштайбызбы?

Жооп: Орозо календарга карап башталбайт. Негизи, алдын ала жаңы ай чыга турган күндү эсептеп билүүгө болот, бирок, динибиз орозону баштоону жаңы айдын чыгуусу менен эмес көрүлүүсүнө байлаган. Хадиси шарифте: "Жаңы айды көргөндө орозо кармагыла, дагы бир көргөндө орозону токтоткула!” – деп буюрулган. Жаңы ай эсеп менен табылган күнү же бир күндөн кийин көрүнөт. Эч качан эсептеп табылган күндөн мурда чыкпайт, чыкпагандыктан да көрүнбөйт. Анткени, Аллаху таала тарабынан орнотулган тартипте (эрежеде) каталык, өйдө-ылдый болбойт. Күн менен айдын кайсы убакытта чыгып, кайсы убакытта бата тургандыгын алдын ала эсептеп табууга болот. Жаңы ай да эсептелген убакытта чыгат, бирок, абанын булуттуу болуусу сыяктуу себептер менен же айдын дал биздин аймакта эмес, башка аймакта көрүнө турган стадиясына туура келүүсүнө байланыштуу аны көрө албашыбыз мүмкүн. Рамазан айынын башталгандыгын тактоо үчүн жарым айды (жаңы чыккан айды) издеп табуу, көрүү керек. Хижри-камари календарында бир ай 29 күн да болушу мүмкүн болгондуктан жаңы ай көрүнгөндө Шаабан айынын 29у да болушу мүмкүн. Ал эми эгер жарым ай көрүнбөсө Шаабан айын отуз күнгө толтуруп бүтүрүү керек болот. Жаңы айды көрүү аркылуу Рамазандын башталышы эсептелип табылган күндөн бир күн кийин болушу мүмкүн, бирок, бир күн мурун болбойт. Анткени, жаңы айдын эсептеп табылган күндөн мурда чыгуусу же чыкпаган айды көрүү мүмкүн эмес.

Рамазан айын жыл сайын отуз күн болот деп айлоп жүргөндөр да бар. Бирок, камари айлар кээде 29, кээде 30 күн болот. З0 күндөн болгондо хижри календары 360 күн болмок. Орозонун жыл сайын 10 күнгө эрте башталуусу камари айлардын кээде 29 күн болуусунан улам.Технология кылымындабыз

Суроо: Технология өнүккөн кылымда жашап жатабыз. Күндүн качан чыгып, качан бата тургандыгы билингендей эле Айдын дагы качан көрүнө тургандыгын секундасына чейин тактоо мүмкүн эмеспи. Эмне үчүн жыл сайын ушундай түшүнбөстүктөр болууда?

ЖООП

Аллаху таала койгон тартипте кемчилик, жаңылыштык болбойт. Күн менен Айдын кайсы саатта чыга тургандыгын жана бата тургандыгын алдын ала эсептеп билүү мүмкүн. Эсеп менен билдирилген убакыттар бир мүнөт, бир секунд дагы мурда чыкпайт же батпайт. Жаңы ай эсеп менен табылган убакта чыгат, бирок, асмандын булуттуу болуусу сыяктуу себептер менен кээде чыккан күнү көрүнбөөсү мүмкүн. Рамазан айын аныктоо үчүн хилалды, башкача айтканда, асманда жаңы Айды издөө жана Айды көрүү, эгер көрүнбөсө Шабан айын 30 күнгө толуктоо керек болот.

Түшүнбөстүктүн себеби Ай көрүнбөсө дагы баланча өлкөдө көрүнүптүр деп бир күн мурда орозо кармоону баштагандык. Эмне үчүн эч качан эсептен кийин көрдүк дешпейт да эсептен мурда көрдүк дешет? Анын ордуна асман булутту эле, биз көрө албадык дешсе айтыла турчу нерсе калбайт эле. Маалынан мурда Ай көрүндү деп айтуулары жаңылыш, аппачык жалган сөз!

Айды издөө

Суроо: Ай издөөдө диндин өкүмү кандай?

ЖООП

Мустафа Сабри Мырза мындай деген:

«Шабан айынын 29 күн болгондугу эсеп менен так билинсе, чындыгында да 29 күн болсо, Рамазандын кирүүсүн белгилөө үчүн Ай изделсе, Ай чыкканына карабай асмандын булуттуу болуусунан улам көрүнбөсө Шабан отуз күн болуп кабылданат. Дагы ушул сыяктуу эле Рамазан айынын 29 күн экени эсеп менен анык билинсе, чынында эле 29 күн болсо, асман булуттуу болгондуктан Рамазандын 29унда Ай көрүнбөсө Рамазанды отузга толуктоо динибиздин буйругу. Хадиси шарифте: «Айды көргөндө орозо кармагыла, кайра көргөндө орозону таштагыла», - деп буюрулду.» [Маселелер]

Түркиянын Дин Иштери жооптуу кызматкерлери мындай дешкен: «Динибиз руйетти, башкача айтканда, Айдын көрүнүүсү менен орозону баштоону буйрук кылат. Диянат катары Рамазан Айын көзөмөлдөдүк. Ушул күнгө чейин обсерваториянын эсептерине кайчы болгон эч бир натыйжаны көрө алган жокпуз. Сауд Аравия өлкөсү менен арабаздагы айырманын себеби алардын Айды издөөлөрү жана биздин дагы эсептерге карата кыймылдагандыгыбыз эмес. Бул өлкө Айды кароо менен орозону баштап жаткан жок, Америкалык алманахтардын маалыматына карата кыймылдашууда. Бир илимий топ менен Сауд Аравияга бардык. «Келгиле, Айды биргеликте карайлы», - дедик. Рабыта секретары Саффет мырза: «Биз Америкалык деңизчилердин эсептерине карата кыймылдайбыз», - деди. Ошентип, 6 кишилик топ менен Жабал-и Сафага чыктык. Дүрбү колдонсок да Айды көрө алган жокпуз. Ансыз деле, эсептерге кайчы түрдө көрүүбүз мүмкүн эмес болчу. Кеч болгондо Айдын көрүнгөндүгүн, майрам боло тургандыгын жарыялап миллиондогон мусулмандардын орозолорун бузушту. Алардын бул кылган иштеринин жалган же жаңылыш бир маалыматка таянгандыгы анык.»

Бул жазууда дагы эсеп эмес Айдын көрүнүүсү негиз катары алынган. Биз дагы жыл сайын: «Ай көрүнбөстөн орозону баштабагыла, Ай көрүнбөстөн майрамдабагыла», - деп айтуудабыз. «Эсеп менен иш кылгыла» деген жокпуз.

Бидатчыларга ишенүүгө болбойт

Суроо: Саудиялыктар Айды көрдүк дешсе биздин ишенүүбүздүн диний тараптан зыяны барбы?

ЖООП

Биринчиден, эсептен мурда көрүнүүсү мүмкүн болбогондуктан аларга ишенүү илимди, техниканы, б.а., чындыкты четке каккандык болот. Экинчиден, Ваххабилер Ахли сүннөт болбогондуктан алардын сөздөрүнө этибар берүү жаиз болбойт. Ислам аалымдары мындай дешкен:

«Бидат ээси, башкача айтканда, ишенимде Ахли сүннөттөн айрылган 72 фырканын (топтун) бардыгы ар ибадатты орундашканы менен адил (адилеттүү, ишеничтүү) эмес. Себеби, мулхид болуп ыймандарын жоготушкан же Ахли сүннөткө тил узатышууда, бул дагы чоң күнөө.» (Хадика)

Мусулманга тил узатуу жана жамандоо күнөө, адилеттикти жок кылат, күбөлүгү кабыл кылынбайт. (Дурр-ул-мухтар)

Ваххабилер Батынийлик жолундагы зындык экендиктери Нимет-и Ислам китебинин нике тууралуу бөлүмүндө жазылуу. Ошондуктан, Рамазан, майрам жана ажылык убактысынын келгендигин аныктоодо жана бүткүл дин иштеринде ваххабилердин, мазхабсыздардын сөздөрүнө уйуу жаиз эмес.

Фарз кифайа

Суроо: Айды көзөмөлдөө парзбы?

ЖООП

Айды көзөмөлдөө фарз айн эмес фарз кифайа болуп саналат. Ушул эле мааниде важиб кифайа деп да аталган. Кээ бир мусулмандар көзөмөлдөгөндө калгандарынын мойнунан алынат.

Кантип көзөмөлдөнөт?

Суроо: Айды көзөмөлдөө үчүн кандай жолду тандоо керек?

ЖООП

Телескоп жана дүрбү Айдын көз менен көрүнүүсүн жеңилдетет. Алгач жеңил көрө алуу үчүн бул аспаптар менен Ай изделет, табылса жылаңач көз менен каралат. Көрүнсө эртеси күндүн айдын биринчи күнү боло тургандыгы түшүнүлөт. Эсеп иши дагы ушундай пайдалуу. Айдын асманда канча убакыт кала тургандыгы, кайсы мүнөттөрдө, дүйнөнүн кайсы аймактарынан көрүнө тургандыгын көрсөтөт. Эсептин, телескоптун пайдасын четке кагууга болбойт. Бирок, эсепке карап майрам деп жарыялоого болбойт.

Орозодо жана курмандыкта Айды көрүү

Суроо: Орозону баштоодо, Айтты майрамдоодо, ажылыкта жана курмандык сойууда динибиздеги өлчөм Айды көрүү жана буга карата кыймылдоо болуп эсептелеби?

ЖООП

Бул маселеге байланыштуу Ибни Абидинде мындай делген:

«Рамазан шарифтин биринчи күнүн билүүдө календарларга ишенилбөөсү керек делген. Себеби, орозо асманда жаңы Айды көрүү менен парз болот. Пайгамбарыбыз: «Айды көргөндө орозону баштагыла!» - деп буюрду. Бирок, Айдын чыгуусу көрүү менен эмес, эсеп менен. Эсеп сахих болуу менен бирге Ай эсеп билдирген түнү чыгат. Бирок, ал түнү көрүнбөй бир түндөй кийин көрүнүүсү мүмкүн жана орозону Ай чыккан түн эмес көрүнгөн түнү баштоо керек. Себеби, Исламият мына ушундайча буйрук кылган.»

Рамазан шариф Айын издөө ибадат болуп саналат. Көрүнүп тургандай Рамазан шариф башталышын алдын ала кабар берүү Исламиятты билбөөнүн белгиси.

Курман айт майрамынын биринчи күнү дагы Зилхижжа айынын жаңы Айын көрүү менен түшүнүлөт. Зилхижжа айынын тогузунчу Арафа күнү эсеп менен, календар менен түшүнүлгөн күн же мындан бир күн кийин болот. Мындан бир күн мурда Арафатка чыккандардын ажылыктары кабыл болбойт.

Рамазан жана майрам айларынын күбөлөр менен машру (шариятка ылайык) болуп түшүнүлбөгөн жерлерде түрдүү эсептөө усулдары менен Зилхижжа айынын биринчи күнү жана бул жерден да онунчу, башкача айтканда, Курман айт майрамынын биринчи күнү эсептелет. Майрамдын биринчи күнү – бул эсеп менен табылган күн. Же бир күн кийин. Бир күн мурда болуусу мүмкүн эмес. Себеби, асманда Ай бир күн мурда көрүнбөйт. Этияттуу кыймылдоо үчүн курмандыктарды эсеп менен табылган айттын экинчи күнү сойуу керек. Сообу өлүүлөргө жибериле турганы болсо эсеп менен табылган биринчи күнү сойуу керек. Себеби, булар Арафа күнү да союлса болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш