Ислам дини » Орозо » Үч түрдүү орозо бар




Үч түрдүү орозо бар


Имам Газали (рахматуллахи алейх) "Кимия-и саадат” китебинде, орозо бөлүмүндө мындай деп жазган:

Үч түрдүү орозо бар:

Биринчиси – авамдын, башкача айтканда, ижтихад даражасына көтөрүлбөгөндөрдүн (карапайым элдин, катардагы мусулмандын) орозосу. Азыркы учурдагы бардык молдолордун, имамдардын, карийлердин, муфтийлердин, ваазчылардын орозолору да ушул биринчи даражада. Алардын орозосу денеге бир нерсенин кирүүсү менен, башкача айтканда, азык же дары кабылдоо жана жыныстык катнаш менен бузулат. Ийне менен дары кабылдоо Ханафиде да, Шафииде да орозону бузат. Жахилдердин фатваларына алданбоо керек.

Экинчи даража – хавастын, башкача айтканда, мужтахиддердин (улуу аалымдардын) орозосу. Алардын орозосу каалаган бир дене мүчөсүнүн күнөө кылуусу менен бузулат. Мисалы, ушак, калп айтуу, сөз ташуу, намахрамды (чоочун аялдарды, чоочун эркектерди)  кароо менен бузулат. Кээ бир аалымдар бул иштер авамдын (карапайым элдин) да орозосун буза турганын айтышкан. Деген менен Ханафи мазхабында булар авамга макрух гана болот. Имам Азам Абу Ханифа (рахматуллахи алейх) ошону көрсөткөн ыйык хадисте "Орозонун сообун бузат” деген мааниде алган. Башкача айтканда, булар орозонун өзүн эмес, камилдигин (жетиктигин) бузат... (Имам Азам Абу Ханифа 80-жылы туулуп, 150-жылы кайтыш болгон. Кабыры Багдатта.)

Үчүнчү даража – ахассулхавастын (улуулардын улуусунун) орозосу, алардын орозосу Аллаху тааладан башка нерсени ойлоо менен, жүрөккө Аллахтан башка нерсенин келүүсү менен бузулат...

Ислам аалымдарынын айтымы боюнча тамактануунун жети даражасы бар:

Биринчиси – өмүр сүрүүгө кажеттүү өлчөмдө тамактануу.

Экинчиси – парз намазды окуй тургандай жана парз болгон орозону кармай тургандай өлчөмдө тамактануу. Бул эки  даражада тамактануу - парз.

Үчүнчүсү – напил болгон намазды жана напил орозону кармай ала тургандай өлчөмдө тамактануу. Ушунчалык тамактануу – мустахаб. Имам Газали бул тууралуу: "Акылдуу адамдын максаты – Бейиште Аллаху таалага жетүү. Аллаху таалага жетүү болсо илим-билим жана амал менен мүмкүн. Булар дененин саламаттыгы аркылуу орундалат. Дененин саламаттыгы болсо тамактан алынган азык аркылуу болот. Бирок, азык кажеттүү өлчөмдө алынууга тийиш. Ошондуктан, салаф-и салихинден кээ бир аалымдар дененин муктаждыгы болгон азыктанууну диний амал деп эсептешкен”, - деп билдирген.          

Төртүнчүсү – эмгектенип, акча табууга күч-кубат алуу үчүн тамактануу. Бул динибиз макулдаган токтук.

Бешинчиси – ашказандын үчтөн бирин толтура тургандай тамактануу.

Алтынчысы – ашказандын үчтөн биринен артыгын толтуруп тамактануу. Бул – макрух. Көп тамак жегенде адамда бошоңдук жана уйку пайда болот. Лукман Хаким айтат: "Ашказан толгондо адамдын аң сезими, зээни басаңдайт. Андай адамдан даанышмандык чыкпайт. Дене мүчөлөрү ибадат кылууга жалкоолонот. Адамдардын көпчүлүгү мына ушундай абалда.”   

Жетинчиси -  зыян бере тургандай даражада көп тамактануу, керегинен артык тоюп кетүү. Расулуллах алейхиссалам айтат: "Бардык оорулардын негизи – көп тамак жеш.” Бул – арам.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш