Ислам дини » Орозо » Арам иш кылуу орозону бузабы?




Арам иш кылуу орозону бузабы?


Суроо: Орозо кармаганда күнөө кылуу, ушак айтуу орозону бузабы?

ЖООП: Орозону бузбайт, бирок, өзгөчө орозо кармаганда күнөөдөн мүмкүн болушунча көбүрөөк сактануу керек. Ыйык хадисте: "Ушак айтуу, сөз ташуу, жалган жерге ант берүү, намахрамды (чоочун аял же эркекти) кумарланып кароо орозону бузат”, - деп айтылган. (Дайлами)

Имам Азам хазреттери бул ыйык хадисти чечмелеп: "Бул күнөөлөр орозонун сообун бузат, өзүн бузбайт, орозо макрух болот”, - деп билдирген. Башкача айтканда, бул күнөөлөрдү кылган адам орозо карзынан кутулса да, орозого тийиштүү чоң соопторду ала албайт. Ыйык хадисте: "Орозо кармаган көптөгөн кишилер бар; алар ачкалык жана суусуздуктан башка эч нерсеге жете албайт”, - деп айтылды. (Ибни Мажа)

Орозо момундар үчүн бир немат жана аманат. Аманатты сактоо керек. Анын текке кетпеши үчүн шарттарын сактап орундоо керек. Арамды кароодон сактануу керек!"Арамды кароо шайтандын уулуу окторунан бир ок. Аллахтан коркуп, андан баш тарткан адамга Аллаху таала ушундай бир ыйман берет; ыймандын даамын жүрөгүндө табат”, - деп айтылды. (Хаким)

Орозо кармаган адам тилин да тыюуга тийиш! Хадиси шарифте: "Орозо отко каршы калкан. Ушак менен талкаланмайынча коргойт. Орозо кармаган адам жахилдик кылып жаман сөз сүйлөп койбосун! Өзүнө тийишкен адамга "Мен орозо кармаганмын” деп айтсын!” – деп билдирилди. (Бухари)

Көздү жана тилди күнөөлөрдөн коргогонубуздай эле кулагыбызды да коргоого тийишпиз. Айтылуусу арам болгон нерсени угуу да арам. Кол, бут жана башка дене мүчөлөрүн да арамдан коргоо керек! Орозо кармап, дене мүчөлөрү менен күнөө кылган адам дарынын ордуна уу ичкен оорулууга окшош. Анткени, күнөө уу жана соопторду жок кылат. Кандайдыр бир күнөө кылгандан кийин өкүнүп, жакшылык жана ибадат кылууну улантуу керек.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш