Ислам дини » Орозо » Орозодогу пайдаларга жетүү үчүн




Орозодогу пайдаларга жетүү үчүн


Орозо кармаган кезде динибиздин башка  буйруктарына дагы маани берүүбүз керек. Аларга маани  берилбесе кармалган орозонун сообу азаят же жок болот. Орозонун жана башка буйруктардын максаты – туура адам болуу. Орозо кармаган адам жаман иштерди  кыла турган болсо орозодон күтүлгөн пайдага жетүү өтө  кыйын.  

Хадиси шарифте мындай делген: «Канчалаган  орозо кармаган адамдар бар, алар ачка болуу менен  суусоодон башка эч нерсе ала албайт». 

Орозодон күтүлгөн чоң пайдаларга жете алуу үчүн: Көздү пайдасыз нерселерди, арамды кароодон, жүрөктү жакшы нерселерден тыйган абалдардан сактоо  керек. Тилин жалган, ушак сөздөрдөн сактоо керек. Орозонун сообун сактоо үчүн тилди түрдүү жамандыктардан коргоо керек. Хадиси шарифте мындай  делген: «Орозо – бардык жамандыктарга каршы калкан. Орозо кармаган адам наадандык кылып  жаман сөз айтпасын. Эгер бирөө аны менен урушса  «Мен орозомун» деп жооп берсин.» 

Ушактаган адам менен аны уккан адам күнөөгө орток боло тургандыктан арам нерселерди угуудан кулакты сактоо керек.  

Көздү, тилди, кулакты жамандыктардан коргоо сыяктуу кол, бут жана башка мүчөлөрдү дагы арамдар менен күмөндүү нерселерден коргоо керек. Арам нерсе  жегенден сактануу керек. 

Соорлукта ар түркүн жана күчтүү тамактарды  жегенге болгону менен чегинен артык көп жеп, ашказанга оорчулук келтирүү туура эмес. Оор жумуш кылбаган адам аша көп тамак жеп орозодон күтүлгөн пайдадан куру калбоосу керек.  

Ооз ачарда «Кармаган орозобуз кабыл болду бекен?» деп ойлонуп, коркуу керек жана орозонун кабыл болуусу үчүн Аллаху таалага жалбаруу керек. Рамазанда Аллахтан көп кечирим сурап, Курани карим окуу керек жана динин туура жазылган илмихал  китептеринен үйрөнүү керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш