Ислам дини » Орозо » Ифтарды (ооз ачарды) кечиктирүү жаизби?




Ифтарды (ооз ачарды) кечиктирүү жаизби?


Суроо: Кандайдыр бир иш себеби менен ифтарды канчага кечиктирүү жаиз болот?

ЖООП: Эгер шамдын убагы киргени анык билинсе алгач хурма, суу сыяктуу нерсе менен орозо ачылып, андан соң намаз окулат. Тамакты тез жеп алып, анан намаз окуса да жаиз болот. Бирок, ифтар дасторконунда түрдүү тамактар болгондуктан шам намазы кечиктирилиши мүмкүн. Намаз макрух убакытка калып кетиши мүмкүн. Бул жагынан алгач намазды окуп алып, анан тамакты шайпай жеген орундуу. Эгер убакыт киргени так белгилүү болбосо алгач намазды окуу керек. Эгер убакыт кире электиги кийин түшүнүлсө намазды кайра окуса болот. Бирок, убакыт кире электе орозо ачылса орозо бузулган болот. Ордуна келтирүү да мүмкүн болбойт. Эгер убакыт киргендиги анык билинсе адегенде орозосун ачып, намазды окугандан кийин тамак жеш керек.

Хадиси шарифте: "Ифтарда шашылгыла”, - деп айтылган. (Хаким) Шашылуунун (тездетүүнүн) акыркы убактысынын ишенимдүү китептерде жылдыздар көрүнгөнгө чейин экени айтылат. Бул болсо болжол менен шамдын убактысы киргенден кийин жарым сааттан кийин. Хадиси шарифте: "Жылдыздар көрүнө электе ооз ачкан адам менин сүннөтүм менен амал кылган болот”, -  деп айтылган. (Ибни Хиббан) 

Ифтар дубалары

Суроо: Ооз ачып жатканда кайсы дуба окулат?

ЖООП: Ифтардан мурда Аузу жана Бисмиллах окуп, "Аллахумма йа васи’ал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумулхисаб” деп окулат. Мааниси: "Эй, кечирими өтө кең болгон Аллахым! Кыямат күнү суракка тартылып жатканда мени, эне-атамды, устазымды, эркек-аял бардык момундарды кечире көр!”

Бираз жеп-ичкенден кийин: "Захабаззама’ вабталлатил урук ва саба-тал-ажр иншааллаху таала” деп окулуп тамак башталат. Бул ифтар дубасынын мааниси - "Ачкалык бүттү. Тамырларыбыздын сууга жетүү убагы келди.  Иншаллах, сооп пайда болду.” [Ибни Мажа]

Рамазанда мындай дуба да кылынат:

Эй, Раббим! Ыйык Рамазандын шапаатына жеткире көр! Ыйык Рамазанда кечирип, магфират кылган жана Жаханнамдан азат кылган пенделериңдин арасына бизди да кошо көр! 

Шам намазын кечиктирбөө керек 

Суроо: Маанилүү бир ооз ачарга чакырылып барылганда шамдын парзын же сүннөтүн тамактан кийин окуса жаиз болобу?

ЖООП: Эгер убакыт киргени анык белинсе алгач орозону ачып, андан кийин шам намазын окуу керек. Андан кийин тамактануу керек. Намазды макрух убакытка калтырбоо керек. Шам намазын жылдыздар көрүнгүчө [болжол менен жарым саат] кечиктирбөө керек. Акыркы сүннөтү болгон намаздарда парздан кийин акыркы сүннөттү дароо окубоо да макрух. Ифтарды шылтоо кылып кандайдыр бир зарылдык болбой туруп шамдын сүннөтүн таштоо жаиз эмес. 

Суроо: Ифтарда шашылуу керек делүүдө. Бул шашылуунун максаты эмне? Эмне кылуу керек, эмне кылганда шашылган болот?

ЖООП: Ифтарды тездетүү жана соорду таң атуудан мурун болуу шарты менен кечиктирүү сүннөт. Расулуллах алейхиссалам бул эки сүннөттү аткарууга өтө кылдат мамиле кылчу. "Дурер”де мындай деп айтылат:

"Саар убагында желген тамак "сахур" деп аталат. Саар убагы – түндүн акыркы алтыдан бири.”

Сахурду кечиктирүү жана ифтарды тездетүү адамдын алсыздыгын көрсөткөндүктөн сүннөт болгон. Ибадат алсыздыкты жана муктаждыкты көрсөтүү дегенди билдирет. "Нур-ул-Изах” китебинде;

"Булутсуз түндөрдө ифтарды тездетүү мустахаб”, - делүүдө. Бул китептин түшүндүрмөсүндө да:

"Булуттуу түндөрдө орозонун бузулуусунан сактануу үчүн этият болуу керек, башкача айтканда, ифтарды бираз кечиктирүү керек. Жылдыздар чыга электе ооз ачкан адам шашылган (тездеткен) болот”, - делүүдө.

"Тахтави”де болсо:

"Орозону намаздан мурун ачуу мустахаб. "Бахр” китебинде жана "Ибни Абидин”де айтылгандай, ифтарда шашылуу – жылдыздар чыга электе ооз ачуу дегенди билдирет”, - делүүдө. Шам намазын да бул убакытта, тагыраагы, эрте окуу мустахаб. Күн баткандыгы так билингенде, алгач Аузу менен Бисмиллахты окуп:

"Аллахумма йа васи’ал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумулхисаб” деп окулат. Бир-эки тиштем ифтардык жеп:

"Захабаззамаа вабталлатил-урук ва саба-тал-ажр иншааллаху таала” делет жана тамак башталат. Хурма же суу, зейтун же туз менен ооз ачылат. Андан кийин мечитте же үйдө жамаат менен шам намазы окулат. Андан кийин кечки тамак желет. Дасторкондо тамактарды жеш өзгөчө Рамазанда көпкө созулгандыктан шам намаздын эртерээк окулуусу жана тамакты шашпай, жайлуу жеш үчүн аз бир нерсе менен ооз ачып, тамакты дубадан жана намаздан кийин жеш керек. Ошентип, орозо эрте ачылып, намаз да эрте окулган болот. Жогорудагы ифтар дубасынын мааниси:

"Ачкалык бүттү. Тамырларыбыздын сууга жетүү убагы келди.  Иншаллах, сооп пайда болду” дегендик. 

Намаздан кийин ооз ачуу 

Суроо: Орозону сактап калуу үчүн алгач шам намазын окуп, анан ооз ачуунун зыяны жокпу?

ЖООП: Ифтарды шам намазынан мурун кылуу мустахаб экенине карабастан, бир ибадатты бузуу шегинен сактануу үчүн мустахаб ташталууга тийиш. Алгач шам намазын окуп алуу керек, андан кийин ооз очуу керек. Ошентип, ифтар дагы жылдыздар чыга электе болот. Башкача айтканда, тездетилген болот жана орозо бузулуу коркунучунан сакталган болот. Шам намазын убактысы чыга электе кайра окуу мүмкүн. Календар, саат, мунарадагы чырак, замбирек жана азан жаңылыш болгондо орозо сактап калынбайт. Ибни Абидин намаздын убакыттарын түшүндүрүп мындай дейт:

"Ооз ачуу үчүн күн батканын эки адил (ишенимдүү) мусулмандын билдирүүсү зарыл. Эгер кабарлаган бир киши болсо дагы зыяны жок.”

Белгилүү болуп жаткандай, календарды даярдаган, ифтар замбирегин аткан, азан окуган адамдардын адил болуулары зарыл. Адил деп чоң күнөө кылбаган жана майда күнөөлөргө көнбөгөн адамды айтат. Ушул себептен Рамазан айттын жана ажылыктын убактысынын келгенин, ифтар жана намаз убакыттарын түшүнүүдө, бардык диний иштерде акыйдасы жана амалы бузулган адамдардын сөзүнө уйуу жаиз эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш