Ислам дини » Орозо » Сапарда орозо кармоо




Сапарда орозо кармоо


Суроо: Сапардагы адамга да Рамазан орозосу парзбы? 

ЖООП: Ооба. Бирок, казага калтыруусу жаиз. 

Суроо: Сапарда орозо кармоо керек болбосо дагы Рамазан орозосун кармаган адам нафил сообун алабы? 

ЖООП: Сапардагы адам Рамазан орозосун кармаса парз сообун алат. 

Кечиримдүү себепсиз орозону бузбоо керек 

Суроо: Шаарлардын ортосунда тынымсыз машине айдап жүргөн адам орозо кармабаса күнөө болобу? 

ЖООП: Эгер жумушка тоскоол боло турган кыйынчылык болбосо, ыйык Рамазанда орозо кармоо абдан сооптуу. Кечиримдүү себепсиз орозо кармабоо чоң күнөө. Хадиси шарифте мындай деп айтылган: 

"Рамазан айында жүйөөлүү себепсиз бир күн орозо кармабаган адам анын ордуна жыл бою орозо кармаса Рамазандагы ал бир күндүк соопко жете албайт.” [Тирмизи] 

Ошондуктан, жүйөөлүү себепсиз орозону бузбоо керек. Диний бир жүйөөлүү себепке ээ адамдын орозосун казага калтыруусу жаиз болот. Жолчулукта кыйынчылык болсо, жумушу аксай турган болсо же казага себеп боло турган абал болсо казага калтыруу жаиз болот. Хадиси шарифте: "Сапарда [кыйынчылыкта] орозо кармоо такыбаа эмес”, - деп айтылган. (Бухари) [Жолчулук же сапар деп 104 километрден алыс жерге баруу үчүн жолго чыгууну айтат. Мындан кыскараак жерге барган адам сафари болбойт. Бул жерде "такыбаа” көбүрөөк сооп табуу деген маанини билдирет.] 

Суроо: Мен сапарда орозо кармабай коюуга уруксат бар деп орозого ниет кылган жокмун. Саат 11де учакка түшө тургандыктан эртең мененки тамакты жеп жолго чыктым. Сапарда орозо кармабай коюу жаизби? 

ЖООП: Эгер имсак убактысынан мурда жолго чыкканыңызда, орозого ниет кылбай сапарга чыкканда жеп-иче алмаксыз. Ал эми эртең мененки тамакты жеген кезде мукимсиз жана ниет кылбоодосуз, жеп-ичүүдөсүз, ошон үчүн күнөө болууда. Ниет кылып, орозо кармап жолго чыгышыңыз керек эле жана ошол күнү орозону бузбашыңыз керек эле. Башкача айтканда,  ошол күнү орозо кармашыңыз керек эле. Ниет кылбай жеп-ичкениңиз үчүн бир гана казасы керек. 

Сапар учурунда орозо кармоо 

Суроо: Биз имсак убактысынан кийин сапарга чыккандыктан орозого ниет кылган болуудабыз. Башкача айтканда, ал күнү сапарда болсок да орозо кармашыбыз керек. Бирок, мисалы, биз эртең мененки саат 11де АКШга баруу үчүн учакка түшөбүз. Токтоосуз батышка учкандыктан күн Нью-Йоркко баратканда 7 саатка, Лос-Анжелеске баратканда 10 саатка узарат. Бул жагдайда эмне кылуу керек? 

ЖООП: Орозо кармай алса сооп алат, ачкачылыкка жана суусуздукка чыдай албаса күнөө болбойт. Сапарда орозону кечиримдүү себепсиз бузган адамдан каффарат талап кылынбайт. 

Суроо: Эгер бир адам сапарга чыкканда Рамазан орозосун себепсиз бузса каза керекпи же каффаратпы? Муким кезде орозосун ачып, андан кийин сапарга чыкса, каза керекпи же каффаратпы? 

ЖООП: Ниет кылып кармалган орозону сапарга чыкканда ачуу күнөө. Бирок, күнөө кылган болсо да, аны сапарда ачкандыктан каффарат талап кылынбайт. Эгер муким кезде ачып сапарга чыкса каффарат да талап кылынат. 

Суроо: Чыгыштан батышка учакта барган орозолуу адам орозосун чыккан шаарына ылайык ачабы же күн баткан жерге ылайык ачабы? Абдухтун жолун карманган бирөө Кардави, Хамидуллах сыяктуу бүгүнкү күндө бардык мазхабсыздардын көз караштарын, пикирлерин чогултуптур. Андан кийин "Менин ой-пикирим да ушул” деп, Хамидуллахтын көз карашын тандаптыр. Бул маселеде Ислам аалымдары билдирген өкүмдөр жокпу? Эмне үчүн мазхабсыздардан накыл кылынууда? 

ЖООП: Мазхабсыз болуунун шарты – мазхабсыздардан накыл кылуу. Ахли сүннөт болуунун шарты да – Ислам аалымдарынан накыл кылуу. 

Ислам аалымдары билдирбеген бир да маселе жок. Дин кемчиликтүү эмес. Бул маселе бардык фикх китептеринде баяндалган. Алгач мазхабсыздарга жооп берели. Андан кийин бул суроонун жообун китептерден накыл кылып билдирели. 

Бүгүнкү күндөгү мазхабсыздар негизинен Шавкани, Мавдуди, Кардави, Албани сыяктуу мазхабсыздардын жазууларын жазып, "Биз тигил көзкарашты тандайбыз” дешет. Аларга баш ийбей турганын, өздөрүнүн да ой-пикирге ээ экендиктерин билдирүүгө аракет кылышат. Элибиз аларды "мужтахид сөрөйлөр” деп аташат. 

Нажип Фазыл Баидуллах деп атаган Хамидуллах "Исламга Кириш” деген бузуку китебинде фикх илимине карама-каршы келип, мындай дейт: "Селим акыл ээлери бул жагдайда күндүн батышын негиз катары алышпайт, чыккан шаарынын саатын негиз катары алышат”, - дейт. Мунун туура эмес экендиги бүткүл фикх китептеринде баяндалган. 

Египеттик Десуки деген мазхабсыз болсо: "Күндүн батышы негиз катары алынат”, - дейт. Муну ал ишеничтүү китептен алып айтпоодо, жеке көз карашы катары айтууда. Өкүмү туура, башкача айтканда, фикх китептерине ылайык болгону менен, жеке көз-карашынан айтканы үчүн динде ишеничтүү болбойт. 

Мазхабсыз Кардави да: "Насстарга ылайык,  күндүн батышы негиз катары алынат”, - дейт. Ал да Десуки сыяктуу Насстардан өзү түшүнгөн нерсени негиз катары алууда. Бир фикх китебинен накыл кылбоодо. Өкүм туура болгону менен, накылды негиз катары албагандыктан анынкы да динде далил болбойт. 

Азхардык башка мазхабсыз болсо: "Орозо баштаган убакыттан 12 сааттан кийин күн батпаса дагы орозосун ачат”, - дейт. Анын тантырак сөзү да Хамидуллахтыкындай жаңылыш. 

Көңүл бурулса, эч кимиси "Баланча мазхабда ошондой” дебейт. Алардын баары өзүн Имам Азам сыяктуу ойлойт. Көптөгөн өкүмдөр төрт хак мазхабда айырмаланат. Кайсы мазхабга ылайык билдирилгени айтылбоодо. Ислам аалымдары бир чыныгы мазхаб боюнча жооп беришсе, бул мазхабсыздар "Биз исламга ылайык жооп берүүдөбүз” деп төрт мазхабдын туура экенин четке кагып, Төрт Имамдын да  исламга ылайык жооп бербегенине басым жасоого аракет кылышууда. 

Ханафи мазхабындагы фикх китептеринин эң баалууларынан болгон "Дурар ва Гурар” китебинде Молла Хусрев хазреттери мындай дейт: 

"Рамазан айы келгенде орозо кармоо парз болот. Бирок, сафари адамга орозо кармоо парз эмес. Уюлдарга барган мусулман сафари болсо орозо кармабайт. Кайтып келгенде казасын кармайт. Күндүзү 24 сааттан көп болгон жерлерде, мисалы, алты ай күндүз болгон жерлерде орозо саат менен башталып, саат менен ачылат. Күндүзү мындай узун болбогон, убакыттар нормалдуу түзүлгөн, тагыраагы, 24 сааттан азыраак болгон бир шаардагы мусулмандардын убакытына таянып орозо кармалат.” (Дурар ва Гурар)

Сапарда ифтар убактысы 

Суроо: Орозого ниет кылып, андан кийин башка өлкөгө кеткен адам орозосун кайсы жерге карап ачат? Башкача айтканда, соордо ниет кылган жеринин ифтар убактысы негиз катары алынабы же барган жеринин убактысыбы? 

ЖООП: Турган жеринин убактысы негиз катары алынат. Кайда барбасын, турган жеринде күн батканда, башкача айтканда, шам убактысы киргенде орозосун ачат. Автобуста, машинада, кемеде бара жаткан болсо, бара жаткан жеринде ифтар убактысы киргенде орозосун ачат. Бирок, учакта болсо, үстүнөн өткөн шаарды негиз катары ала албайт. Анткени, бир жердин ифтар жана намаз убактыларын эсептөөдө бийиктик да эске алынат. Учакта күндүн батышы бир топ кеч болгондуктан, ифтар убактысы да үстүндө турган шаардан кийин болот. Ушул себептен учактагы адам күндүн батканын, горизонтто жок болгонун көрбөй туруп орозосун ача албайт. 

Көрүнүп тургандай, ифтар убагында орозо ачылган жердин убактысы, башкача айтканда, күндүн батышы негиз катары алынат. Саатка жараша амал кылынбайт. Дүнүйөнүн кайсы шаары болбосун, орозодо жана намазда ар бир адам өзү барган шаардын убактысына жараша амал кылат. Күн бата электе орозо ачылбайт жана шам намазы окулбайт. (Нимат-и Ислам, Дурар) 

Эгерде абдан ылдам учкан бир учак бир да жерге конбой чыгыштан батышка бара жаткан болсо жана ал убакыт 24 сааттан ашык уланган болсо, мисалы 33 саат болсо, анда күндүзү 24 сааттан аз болгон бир шаардын убактысына амал кылынат. Орозо кармалган күн 24 сааттан аз болсо, күн батканга чейин күтүү керектиги бардык фикх китептеринде жазылган. (Нимат-и Ислам, Дурар)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш