Ислам дини » Орозо » Орозонун жана Рамазан айынын пазилети




Орозонун жана Рамазан айынын пазилети


Суроо: Рамазан айынын пазилети эмне? 

ЖООП: Бул маселеде Имам Раббани хазреттери мындай дейт: 

Касиеттүү Рамазан айы өтө кадырлуу. Бул айда окулган нафил намазга, зикирге, садака жана бардык нафил ибадаттарга берилген сооп башка айларда кылынган парздар сыяктуу. Бул айда орундалган бир парз башка айларда орундалган жетимиш парз сыяктуу. Бул айда бир орозолууга ифтар берген адамдын күнөөлөрү кечирилет. Тозоктон азат болот. Ал орозолуунун сообундай ага да өзүнчө сооп берилет. Ал орозолуунун сообу эч кемибейт. 

Бул айда кол астындагылардын иштерин жеңилдеткен, алардын ибадат кылууларына жеңилдик берген башчылар да кечирилет, тозоктон азат болушат. Ыйык Рамазан айында Расулуллах туткундарды азат кылып, суралган ар нерсени берчү. Бул айда ибадат жана жакшы иштерди кыла алгандарга жыл бою бул иштерди кылуу насип болот. Бул айга урматсыздык кылган, күнөө кылган адамдын болсо бүткүл жылы күнөө кылуу менен өтөт. 

Бул айды мүмкүнчүлүк деп билүү керек, колдон келишинче ибадат кылуу керек. Аллаху таала ыраазы болгон иштерди кылуу керек. Бул айды акыретти табуу үчүн мүмкүнчүлүк деп билүү керек.

Курани карим Рамазанда түштү. Кадыр түнү бул айда. Рамазан шарифте ифтарды эртерээк кылуу, соорду кечирээк кылуу сүннөт. Расулуллах бул эки сүннөттү кылууга көп маани берчү. 

Ифтарда шашылуу жана соорду кечиктирүү балким адамдын алсыздыгын, жеп-ичүүгө жана ошентип бардык нерсеге муктаж экенин көрсөтүүдө. Ибадат кылуу дегендик ансыз да ушуну билдирет. 

Хурма менен ифтар кылуу сүннөт. Ифтар кылганда "Захабаз-замаъ вабталлат-ил урук ва сабат-ал-ажр иншааллаху таала” дубасын окуу, таравих окуу жана хатим окуу маанилүү сүннөт. 

Бул айда ар түнү тозокко түшүүсү керек болгон миңдеген мусулмандар кечирилип, азат кылынат. Бул айда Бейиштин эшиктери ачылат. Тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырлар менен байланат. Ырайым эшиктери ачылат. Аллаху таала бул ыйык айда Анын аброюна жарашкан кулчулук кылууну жана Раббибиз ыраазы болгон, жактырган жолдо болуубузду баарыбызга насип кылсын! Оомин. (Мектубат, 1-том, 45-кат) 

Ашкере орозо кармабаган адам бул айды сыйлабаган болот. Намаз окубаган адамдын да орозо кармоосу жана арамдардан сактануусу керек. Алардын орозолору кабыл болот жана ыймандары бар экендиги белгилүү болот. 

Ыйык Рамазан айында орозо кармоо абдан сооптуу. Кечиримдүү себепсиз орозо кармабоо чоң күнөө. Хадиси шарифте: "Кечиримдүү себепсиз бир күн орозо кармабаган адам анын ордуна жыл бою орозо кармаса, Рамазандагы ошол бир күндүк соопко жете албайт”, - деп айтылган. [Тирмизи] (Бирок, орозону казага калтырууну мубах кылган диний бир себеп бар болсо, анда Рамазан орозосун казага калтыруу күнөө болбойт.) 

Рамазанда орозо кармоо тууралуу хадистердин кээ бирлери төмөнкүдөй: 

"Рамазан айы мубарек ай. Аллаху таала силерге Рамазан орозосун парз кылды. Ал айда ырайым эшиктери ачылат, тозоктун эшиктери жабылат, шайтандар байланат. Ал айда ушундай бир түн бар болуп, миң айдан да баалуураак. Ал түндүн [Кадыр түндүн] жакшылыгынан куру калган адам бардык жакшылыктан куру калган болуп саналат.”  [Насаи] 

"Рамазан айында орозо кармоону парз деп билип, сообун да Аллаху тааладан күтүп орозо кармаган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Бухари] 

"Рамазан айы келгенде: "Эй жакшылык ээси, жакшылыкка жүгүр! Жамандык ээси, сен да жамандыктан колуңду тарт”, - деп айтылат.” [Насаи] 

"Рамазан – береке айы. Аллаху таала бул айда күнөөлөрдү кечирип, дубаларды кабыл кылат. Бул айдын акысын сактагыла! Тозокко кире турган адам гана бул айда ырайымдан куру калат.” [Табарани] 

"Ыйык Рамазан айы келгенде Аллаху таала периштелерге момундарга истигфар кылууларын буюрат.” [Дайлами] 

"Парз намазы кийинки намазга чейин, Жума кийинки Жумага чейин, Рамазан айы кийинки Рамазанга чейинки күнөөлөргө каффарат болот.” [Табарани] 

"Катары менен үч күн орозо кармай алган адам Рамазанда орозо кармашы керек.” [Абу Нуайм] 

"Рамазан орозосу парз, таравих сүннөт. Бул айда орозо кармап, түндөрүн да ибадат менен өткөргөн адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Насаи] 

"Бул айдын Рамазан деп аталышынын себеби – күнөөлөрдү күйгүзүп, эритүүсү.” [И. Мансур] 

"Рамазан айында үй-бүлөңөрдүн нафакасын кең кылгыла! Бул айдагы сарптоо Аллах жолунда сарптоо сыяктуу сооптуу.” [Ибни Абиддуния] 

"Рамазан айынын башталышы ырайым, ортосу кечирим, аягы тозоктон кутулуу.” [И. Абиддуния] 

"Ислам – шахадат келимесин айтуу, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан орозосун кармоо жана ажылык кылуу.” [Муслим] 

"Бейиштеги керемет ак сарайлар сөзү жагымдуу, саламы көп, тамак сунган, орозону уланткан жана түнкү намазды окуган адамдарга берилет.” [Ибни Наср] 

"Орозо кармаган момундун унчукпаганы теспе, уйкусу ибадат, дубасы кабыл жана амалынын сообу да көп.” [Дайлеми] 

"Өзгөчө орозо кармап турганда жагымсыз, жаман сөздөрдү айтпагыла! Кимдир бирөө силерге тийишсе, ага "Мен орозомун” деп айткыла!” [Бухари] 

"Чыныгы орозо – жеп-ичүүдөн гана эмес, куру жана уятсыз сөздөрдөн да тыйылуу менен кармалган орозо.” [Хаким] 

"Аллаху тааланын көз көрбөгөн, кулак укпаган, эч ким элестете албаган немат толо дасторконуна орозо кармагандар гана отурушат.” [Табарани] 

"Аллах жолунда бир күн орозо кармаган адамды Аллаху таала тозоктон жетимиш жылдык аралыкка алыстатат.” [Бухари] 

"Тазалык ыймандын жарымы, орозо сабырдын жарымы.” [Муслим] 

"Орозо кармап каза болгон адамга кыяматка чейин орозо кармагандай сооп жазылат.” [Дайлеми] 

"Орозо кармап өлгөн адам Бейишке кирет.” [Беззар] 

"Орозо кармаган, намаз окуган адам сыйлыгын кыяматта акылына жараша алат.” [Хатиб] 

"Орозо кумарды басат.” [И. Ахмед] 

Касиеттүү убактарда күнөөлөрдөн кылдаттык менен сактануу керек, алыс болуп, тааттарды, ибадаттарды жана ар кандай жакшылыктарды көбөйтүү керек. Себеби, Аллаху таала жакшы көргөн адам пазилеттүү убактарда пазилеттүү амалдар менен алек болот. Жаман көргөн пенде болсо пазилеттүү убакыттарда жаман иштер менен алек болот. Жаман иштер менен алек болгон адамдын бул иши азабынын катуураак болушуна жана Аллаху тааланын аны көбүрөөк жек көрүүсүнө себеп болот. Анткени, ал ушундай кылуу менен убакыттын берекесинен куру калган болуп, анын урмат жана кадыр-баркын тебелеген болот. (Мевъиза-и хасана) 

Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын түшү 

"Түшүмдө таң каларлык нерселерди көрдүм. Үммөттөрүмдүн бирин азап периштелери кармап алган эле. Алган даараттары келип, аны кабылган оор абалдан куткарды. Бирөөнү көрдүм, кабыры аны кысып жаткан эле. Окуган намаздары келип, аны кабыр азабынан куткарды. Бирөөнүн башына шайтандар балаа болуп жаткан эле. Чалган зикирлери келип, шайтандан аны куткарды. Бирөөнүн да суусуздуктан тили чыккан эле. Кармаган Рамазан орозосу келип, суусуздугун кетирди. 

Бирөөнү караңгылык курчап алган эле. Кылган ажылыгы келип, аны караңгылыктан алып чыкты. Бирөөгө өлүм периштеси келген эле. Эне-атасына кылган жакшылыктар келип өлүмүнө тоскоол болду, кечиктирди. Бирөөнү мусулмандар менен сүйлөштүрбөй жатышкан эле. Сыла-и рахим келип ага шапаат кылды, алар менен сүйлөштү. Пайгамбарына баргысы келген бирөөгө тоскоол болуп жатышты. Алган гусул аны алып мага алып келди. Оттон сактангысы келген бир адамга берген садака келип отко парда болду. Бир адамды забанийлер алып, тозокко алып баратканда анын кылган амри маруфу менен нахйи мункары келип куткарды. Бирөө тозокко ыргытылган эле. Аллахтан коркуп төккөн көз жаш келип аны ал жерден куткарды. 

Бирөөгө амал дептери сол тарабынан берилип жатканда Аллахтан коркуусу келип дептерин оң жагына алды. Сооптору жеңил баскан бирөөгө өзүнөн мурда каза болгон балдары келип сообун оор кылды. Тозоктун четинде коркконунан титиреп турган адамга Аллаху таала жөнүндө кылган хусни заны келгенде анын титирөөсү токтоду. Сыраттан араң өткөн бирөө Бейишке келди. Бирок, эшиктер жабык болчу. Калима-и шахадаты келип аны Бейишке киргизди.” [Табарани, Хаким-и Тирмизи] 

Суроо: Эгер күнөө кылууга шайтандар себепчи болсо анда Рамазанда байланган шайтандар кантип күнөө кылдырышат? 

ЖООП: Биздин күнөө кылуубузга бир гана шайтандардан эмес, өзүбүздүн напсибиз да себеп болот. Напсинин зыяны шайтандыкынан алда канча чоң. Напсинин ар бир каалоосу өзүнүн зыянына. Рамазанда күнөө кылган биздин напсибиз. Бул айда шайтандар байлангандыктан васваса (жаман ой) салышпайт. Рамазанда эстөө да шайтандан эмес. Нервдик эстөө, чарчоо, уйкусуздук сыяктуу абалдардан пайда болот. (Мектубат-и Раббани) 

Орозолуу абалда каза болуу

 Суроо: Даараттуу абалда көз жумган адам шейит болот. Орозолуу абалда каза болуу да жакшыбы? 

ЖООП: Ооба, абдан жакшы. Бир хадиси шарифте: "Орозо кармап каза болгон адам Бейишке кирет”, - деп айтылган (Беззар) 

Сооп кыйынчылыкка жараша 

Суроо: Рамазан айы жайында жана кышында келиши мүмкүн. Кыштын кыска күндөрү орозо кармоо жеңилирээк, жайдын узак күндөрүндө ысыкта кармоо өтө кыйын. Экөөнүн сообу бирдейби? 

ЖООП: Жок, кыйынчылыкта кылынган ибадаттын сообу көбүрөөк. "Сооп кыйынчылыкка жараша”, - деп айтылат. Имам Раббани хазреттери дагы мындай дейт: 

"Тоскоолдуктардын каршысында ибадат кылуунун машакаты, кыйынчылыгы ошол ибадаттардын аброюн жана кадырын көктөргө көтөрөт. Тоскоолдуксуз, жеңил кылынган ибадаттар төмөндө калат.” (3/35) 

Рамазани шариф кышында келсе да, парз ибадат болгондуктан сообу көп. Эки хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө: 

"Кышында орозо кармоо машакатсыз колго тийген олжо.” [Тирмизи] 

"Кыш момундун жазы. Күндүзү кыска болот, орозо кармайт. Түндөрү да узун болот, туруп ибадат кылат.” [Байхаки] 

Шахр-и Рамазан 

Суроо: Шахр-и Рамазан Рамазан айы дегенди билдиреби? Йа, шахра Рамазан деп айтылат. Эмне үчүн шахр-и Рамазан деп айтылбайт? 

ЖООП: Шахр – ай дегенди билдирет. Биздин тилде шахр-и Рамазан делгенде Рамазан айы түшүнүлөт. "Йа” деп башталганда күчөтмө даража болот, башкача айтканда, "шахра” болот. Мисалы, Абдуллах деген сөз "йа” менен башталганда, "Йа, Абдаллах” деп айтылат. "Йа” менен башталгандар көбүнесе ушундай. Расулуллах деген сөз "йа” менен башталганда, "Йа, Расулаллах” болот. Омар сөзү "йа” менен башталса дагы өзгөрбөйт, дагы эле "Йа, Омар” деп айтылат. Намазда сүрө окуп жатканда мындай ирап (жөндөмө) каталары намазды бузбайт. 

Орозо кармап жатканда 

Суроо: Орозо кармаган адамга шайтан жаман ой салбайт, ага жакындай албайт деген чынбы? 

ЖООП: Ооба, бул чын. Имам Шарани хазреттери айтат: "Орозонун көптөгөн пайдаларынын бири – денебизге шайтан кире турган бардык жолдорду тосуусу.” (Ухуд-ул-кубра) 

Рамазан айынын үстөмдүгү, пазилети 

Суроо: Биз орозо кармаган Рамазан айынын башка айлардан артыкчылыгы, айырмасы жана пазилети эмнеде? 

Жооп: Исламдын беш шартынын төртүнчүсү – ыйык Рамазан айында күн сайын орозо кармоо. Орозо хижраттан 18 ай өткөндөн кийин, Шабан айынын онунчу күнү Бадр казатынан бир ай мурун парз болду. Рамазан – күйүү дегенди билдирет. Анткени, бул айда орозо кармаган жана тообо кылгандардын күнөөлөрү күйүп, жок болот. Салман Фариси хазреттери Расулуллах алейхиссаламдын Шабан айынын акыркы күнүндөгү хутбасында мындай дегенин билдирет: 

"Эй, мусулмандар! Үстүңөргө ушундай улуу бир ай көлөкө түшүргөнү турат, бул айдагы Кадыр түнү миң айдан да пайдалуу. Аллаху таала бул айда күн сайын орозо кармоону буюрду. Бул айда түндө таравих намазын окуу да сүннөт. Бул айда Аллах үчүн кичине бир жакшылык кылуу башка айларда парз кылгандай болот. Бул айда бир парзды кылуу башка айда жетимиш парз кылгандай болот. Бул ай сабырдуулуктун айы. Сабыр кылгандардын бара турган жери Бейиш. Бул ай ынтымактын айы. Бул айда момундардын ырыскысы артат. Эгер бир адам бул айда орозо кармаган бир адамга ифтар берсе, күнөөлөрү кечирилет. Аллаху таала аны тозок отунан азат кылат. Ошол орозо кармаган адамдын сообуна барабар ага сооп берилет.” Кутман сахабалар: 

- Йа, Расулаллах! Ар бирибиз бир орозолууга ифтар бере тургандай, тойгуза тургандай бай эмеспиз, - дешкенде, Расулуллах алейхиссалам: 

"Бир хурма менен ифтар бергенге да, бир гана суу менен ооз ачтырганга да, кичине сүт бергенге да бул сооп берилет. Бул ай ушундай ай, алгачкы күндөрү ырайым, ортосу кечирим, магфират жана акыры тозоктон азат болуу. Бул айда кол астындагылардын милдеттерин жеңилдеткендерди Аллаху таала кечирип, тозок отунан куткарат. Бул айда төрт нерсени көп кылгыла! Мунун экөөсүн Аллаху таала абдан жакшы көрөт. Булар: калима-и шахадат айтуу жана истигфар кылуу. Экөөсүн ансыз да дайыма кылууга тийишсиңер. Булар: Аллаху тааладан Бейишти суроо жана тозок отунан Ага сыйынуу. Бул айда бир орозолууга суу берген адам кыямат күнү суусуз калбайт”, - деди. 

Суроо: Рамазан айына таандык мусулмандар үчүн билдирилген сүйүнчү барбы? 

Жооп: Маселеге байланыштуу Имам Байхаки хазреттери билдирген хадиси шарифте мындай деп айтылат: 

"Аллаху таала менин үммөтүмө Рамазани шарифте бир да пайгамбарга бербеген беш нерсени ихсан кылат: 

1- Рамазандын биринчи түнү Аллаху таала момундарга ырайым кылат. Ырайымы менен караган пендесине эч качан азап кылбайт. 

2- Ифтар убагында орозолуу адамдын оозунун жыты Аллаху таалага ар кандай жыттан жакшыраак. 

3- Периштелер Рамазан айынын ар бир түнү жана күндүзү орозо кармагандардын кечирилүүсү үчүн дуба кылышат. 

4- Аллаху таала орозо кармагандарга акыретте берүү үчүн Рамазани шарифте Бейиштен орун даярдайт. 

5- Рамазани шарифтин акыркы күнү орозо кармаган момундардын баарын кечирет.” 

Момун үчүн мүмкүнчүлүк айы 

Суроо: Рамазан айы мусулмандар үчүн диний жана дүнүйөлүк бакытка жетүү үчүн мүмкүнчүлүк айыбы? 

Жооп: Рамазан сөзү "күйүү” деген маанини билдирет. Анткени, бул айда орозо кармаган жана тообо кылгандардын күнөөлөрү күйүп, жок болот. Бухаридеги хадиси шарифте:

"Эгер бир адам рамазан айында орозо кармоону парз, милдет деп билип, орозонун сообун Аллаху тааладан күтсө, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет”, - деп айтылган. 

Рамазан айында орозо кармоонун Аллаху тааланын буйругу экенине ишенүү керек жана сообун да Андан күтүү керек. Күндөрдүн узун экенине, орозо кармоонун оор экенине нааразы болбоо керек. Күндөрдүн узун болушун, орозо кармабагандардын арасында кыйынчылык менен орозо кармоону мүмкүнчүлүк жана олжо деп билүү керек. Имам Раббани хазрети мындай дейт: 

"Куттуу Рамазан айы абдан кадырлуу. Бул айда орундалган нафил намаз, зикир, садака жана бардык нафил ибадаттарга берилген сооп башка айларда кылынган парздар сыяктуу. Бул айда орундалган бир парз башка айларда орундалган жетимиш парз сыяктуу. Бул айда бир орозолууга ифтар берген адамдын күнөөлөрү кечирилет, тозоктон азат болот. Ал орозолуунун сообуна барабар өзүнчө ага да сооп берилет. Бул айда кол астындагылардын иштерин жеңилдеткен, алардын ибадат кылууларына жеңилдик берген башчылар да кечирилет, тозоктон азат болушат. Рамазан айында Расулуллах алейхиссалам туткундарды азат кылып, суралган ар нерсени берчү. Бул айда ибадат жана жакшы иштерди кыла алгандарга жыл бою бул иштерди кылуу насип болот.

Бул айга урматсыздык кылган, күнөө кылган адамдын бүт жылы күнөө кылуу менен өтөт. Бул айда мүмкүнчүлүк деп билүү керек. Колдон келишинче ибадат кылуу керек. Аллаху таала ыраазы болгон иштерди кылуу керек. Бул айды акыретти табуу үчүн мүмкүнчүлүк деп билүү керек. 

Бул айда бир адам өзүн тартипке келтирсе бүткүл жылы жакшы өтөт. Бул айды жамандык менен өткөрсө бүткүл жылы жаман өтөт. Рамазан айы бир адамга ыраазы болсо, ал адамга сүйүнчүлөр болсун! Бир адамга нааразы болсо, берекеттеринен, жакшылыктарынан үлүш албаса, ал адамга убалдар болсун! Рамазанда Курани каримди хатим кылган адамдын берекелерине жетүүсү, жакшылыгынан насип алуусу үмүт кылынат.” 

Рамазан айында бардык жакшылыктар жана берекелер жыйналган. Рамазандын күндөрү жана түндөрү өзүнчө пазилеттерге жана баалуулукка ээ. Ушул себептен Рамазан айын мүмкүнчүлүк, олжо деп билүү керек. 

Ибадаттар адат эмес, буйрук 

Суроо: Баары окугандыктан намаз окуу, орозо кармоо сыяктуу ибадаттарды кылуу адамды жоопкерчиликтен куткарабы? 

Жооп: Адат катары эле намаз окуп, орозо кармагандар көп. Бирок, дин билдирген чектерди сактаган адам өтө аз. Туура ибадат кылуучуларды адат катары ибадат кылуучулардан айырмалап турган нерсе – Аллаху тааланын буйруктарын аткаруу. Анткени, намаз менен орозонун чыныгысы да, бузугу да сырттан караганда бирдей. Жеп-ичүүдөн гана тыйылып, жалган жана гыйбаттан сактанбай кармалган бир орозонун пайдасыз амал экенин ислам аалымдары билдиришкен. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: 

"Эгер бир адам рамазан айында орозо кармоону парз, милдет деп билип, орозонун сообун Аллаху тааладан күтсө анын өткөн күнөөлөрү кечирилет”, - деп айткан. 

Имам Раббани хазрети мындай дейт: 

"Бул айдын күндөрдүн берекеси өзгөчө болгондой эле, түндөрүнүн да берекеси өзгөчө. Курани карим Рамазан айында түштү. Бакара сүрөсүнүн 185-аятынын маанисинде: 

"Курани карим рамазан айында түшүрүлдү”, - деп айтылган. Кадыр түн да ушул айда.

Рамазани шарифте убакыт киргенде ифтарды эрте кылуу, соорду кеч кылуу сүннөт. Расулуллах алейхиссалам бул эки сүннөттү кылууга чоң маани берчү. Ифтарда шашылуу жана соорду кечиктирүү балким адамдын алсыздыгын, жеп-ичүүгө жана ошентип бардык нерсеге муктаж экенин көрсөтүүдө. Ибадат кылуу дегендик ансыз да ушуну билдирет. Хурма менен ифтар кылуу сүннөт. Ифтар кылганда: 

"Захабаз-замаа вабталлат-ил урук ва сабат-ал-ажр иншааллаху таала” дубасын окуу, таравих намазын окуу жана хатим окуу маанилүү сүннөт. 

Бул айда ар түнү тозокко түшүшү керек болгон миңдеген мусулмандар кечирилет. Бул айда Бейиштин эшиктери ачылат. Тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырлар менен байланат. Ырайым эшиктери ачылат. Хадиси шарифте: 

"Рамазан айы келгенде Бейиштин эшиктери ачылат. Тозоктун эшиктери жабылат жана шайтандар байланат”, - деп айтылган. 

Рамазани шариф айы Курани карим менен байланыштуу болгондуктан, бул ай да бардык жакшылыктарды жана берекелерди өзүнө камтыган. Бир жылдын ичинде кандайдыр бир жолдон кандайдыр бир адамга келген бардык жакшылык менен берекелер ушул кадырлуу айдын берекелери деңизинен бир тамчы сыяктуу.”

Ибадаттарды адат катары, баары кылгандыктан эмес, Аллаху тааланын буйругу болгондуктан жана шарттарына ылайык кылуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш