Ислам дини » Орозо » Рамазанда ибадат жана жакшылыктын сообу




Рамазанда ибадат жана жакшылыктын сообу


Суроо: Рамазан айында ибадат жана жакшылык кылуунун сообу көбүрөөк болобу?

ЖООП: Бул маселеде Имам Раббани хазреттери айтат: 

Касиеттүү Рамазан айы өтө кадырлуу. Бул айда окулган нафил намазга, зикирге, садака жана бардык нафил ибадаттарга берилген сооп башка айларда кылынган парздар сыяктуу. Бул айда орундалган бир парз башка айларда орундалган жетимиш парз сыяктуу. Бул айда бир орозолууга ифтар берген адамдын күнөөлөрү кечирилет. Тозоктон азат кылынат. Ал орозолуунун сообундай ага да өзүнчө сооп берилет. Ал орозолуунун сообу эч кемибейт. 

Бул айда кол астындагылардын иштерин жеңилдеткен, алардын ибадат кылууларына жеңилдик берген башчылар да кечирилет, тозоктон азат болушат. Ыйык Рамазан айында Расулуллах туткундарды азат кылып, суралган ар нерсени берчү. Бул айда ибадат жана жакшы иштерди кыла алгандарга жыл бою бул иштерди кылуу насип болот. 

Бул айга урматсыздык кылган, күнөө кылган адамдын болсо бүт жылы күнөө кылуу менен өтөт. 

Бул айды мүмкүнчүлүк деп билүү керек, колдон келишинче ибадат кылуу керек. Аллаху таала ыраазы болгон иштерди кылуу керек. Бул айды акыретти табуу үчүн мүмкүнчүлүк деп билүү керек.

 Орозо кармаганда күнөөдөн сактануу керек. Көздү, тилди күнөөдөн сактагандай эле, кулагыбызды да сакташыбыз керек. Сүйлөө арам болгон нерсени угуу да арам. Кол, бут жана башка дене мүчөлөрдү да арамдан сактоо керек! Орозо кармап, бирок, дене мүчөлөрү менен күнөө кылган адам дарынын ордуна уу ичкен оорулууга окшош. Анткени, күнөө уу. Ибадаттарыбыздын сообун жок кылат. 

Жамандык же кандайдыр бир күнөө кылгандан кийин өкүнүп, жакшылык жана ибадат кылууну улантуу керек. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат: 

"Кандайдыр бир күнөө кылганыңдан кийин артынан дароо бир жакшылык, бир сооптуу иш кыл, ал күнөөнү жок кылсын!” [Бейхеки]

 "Кайда жана кандай абалда болсоң да Аллахтан корк жана жамандыктын артынан бир жакшылык кыл, аны жок кылсын!” [Тирмизи] 

Курани каримде дагы мындай деп айтылат:

 "Албетте, хасанат сеййиатты жок кылат.” [Худ, 114]

[Хасанат – ар кандай жакшылыктар, сеййиат – бардык жамандыктар.] 

Жаманды-жакшыны ажыратпай баарына жакшылык кылуу керек! Алсыздарга, карыларга, муктаждарга жардам берүү динибиздин буйруктарынан. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган: 

"Бир мусулман боордошуна икрам кылган адам Аллаху таалага икрам кылгандай болот.” [Таберани]

 "Эгер бир жаш бир кары адамды жашынан улам урматтаса, ал жаш карыганда Аллаху таала ага кызмат кыла турган жаштарды жаратат.” [Тирмизи] 

Адамдарга жакшылык кылуу абдан сооптуу. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат: 

"Бардык адамдар Аллахтын иялы [үй-бүлөсү] сыяктуу. Аллаху таала эң көп жакшы көргөн адам – Анын иялына [адамдарга] эң пайдалуу болгон адам. Аллаху таала эң жаман көргөн адам болсо – Анын иялына жакшылык кылбаган адам.” [Беззар] 

"Бул эки нерседен жакшыраак нерсе жок: Аллахка ыйман жана Анын пенделерине жакшылык кылуу. Бул эки нерседен да жаманы жок: Ширк жана адамдарга жамандык кылуу.” [Дайлеми] 

"Эң жакшы адам – ар дайым жакшылык күтүлгөн адам.” [Тирмизи] 

"Жакшылык кылуу өмүрдү узартат.” [Таберани] 

"Кимге жакшылык кылынса, ал жакшылыкты эстесин! Жакшылыкты эстөө – шүгүр, жакшылыкты жашыруу – шүгүрсүздүк.” [Абу Давуд] 

Рамазан айында аткарылган нафилдер 

Суроо: Рамазан айында кылынган жакшылыктарга, берилген садакаларга, кылынган зикирлерге көбүрөөк сооп берилеби? 

ЖООП: Маселеге байланыштуу Имам Раббани хазреттери "Мектубат” китебинин 1-томунун 45-катында мындай дейт: 

"Касиеттүү Рамазан айында окулган нафил намаз, зикир, садака жана бардык нафил ибадаттарга берилген сооп башка айларда кылынган парздар сыяктуу. Бул айда орундалган бир парз башка айларда орундалган жетимиш парз сыяктуу. Бул айда бир орозолууга ифтар берген адамдын күнөөлөрү кечирилет. Тозоктон азат болот. Ал орозолуунун сообундай ага да сооп берилет. Ал орозолуунун сообу эч кемибейт. Бул айда кол астындагылардын иштерин жеңилдеткен, алардын ибадат кылууларына жеңилдик берген башчылар да кечирилет, тозоктон азат болушат. Расулуллах алейхиссалам бул айда туткундарды азат кылып, суралган ар нерсени берчү. Бул айда ибадат жана жакшы иштерди кыла алгандарга жыл бою бул иштерди кылуу насип болот. Бул айга урматсыздык кылган, күнөө кылган адамдын болсо бүткүл жылы күнөө кылуу менен өтөт. Бул айды мүмкүнчүлүк деп билүү керек. Колдон келишинче ибадат кылуу керек. Аллаху таала ыраазы болгон иштерди кылуу керек. Бул айды акыретти табуу үчүн мүмкүнчүлүк деп билүү керек. Курани карим Рамазан айында түштү. Кадыр түнү бул айда. Ыйык Рамазанда хурма менен ооз ачуу сүннөт. Ооз ачканда "Заха-баззамаа вабталлатил урук ва саба-тал-ажр иншааллаху таала” деп окуунун сүннөт экендиги Табйинин Шалби хашиясында жазылган. Таравих окуу жана хатим окуу маанилүү сүннөт.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш