Ислам дини » Кошумча темалар » Ойдон чыгарылган хадис болобу? » Имам Азам хазреттеринин хадис илими




Имам Азам хазреттеринин хадис илими


Суроо: Имам Азам хазреттери тууралуу "Абу Ханифанын хадис илими начар” деп айтылууда. Булардын максаты эмне?

Жооп: Хадис илимин билбеген адам фыкх илимин кайдан билсин? Булар бири-бирине байланыштуу илимдер. Фыкх аалымы башка илимдер менен бирге хадиси шарифтерди дагы мыкты билген зат. Мавлана Мухаммад Абдулжалил хазреттери айтат: "Имам Азам Абу Ханифа хазреттери вара жана такыбаа ээси болуп, хадис накыл кыла алуусу үчүн өтө оор шарттарды койгон эле. Ошондуктан, аз хадис риваят кылгандыгы аны мактоого гана себеп. Жүз миңдеген суроого аят-и карималардан жана хадиси шарифтерден далил келтирип жооп бере алуу, бир окшошу, бир мисалы болбогон, жалгыз өзүнө гана таандык жаңы бир мазхаб чыгаруу Имам Азамдын тафсир жана хадис илиминде профессионалдыгын ачык-айкын көрсөтүүдө.

Имам Захаби хазреттери айтат: "Имам Азам хадис аалымы эле. Төрт миң аалымдан хадис үйрөндү. Булардын үч жүзү табиинден хадис аалымы эле.”

Шафии аалымдарынан Имам Шарани хазреттери айтат: "Имам Азамдын муснаддарынын үчүн иликтеп көрдүм. Бардыгы табииндин белгилүү аалымдарынан риваят кылынган экен.”

Дагы шафии аалымдарынан Ибни Хажар-и Макки хазреттери айтат: "Улуу хадис аалымы Амеш Имам Азамдан бир канча маселе тууралуу сурады. Имам Азам суроолордун ар бири үчүн хадиси шарифтерден окуп жооп берди. Амеш Имам Азамдын хадис илиминдеги терең илимин көрүп: "Эй, фыкх аалымдары! Силер профессионал доктур, а биз хадис аалымдары болсо дарыгер сыяктуубуз. Хадистерди жана буларды риваят кылгандарды биз айтабыз. Биздин айткандардын маанилерин силер түшүнөсүңөр,” – деди. Дагы Убайдуллах бин Амр улуу хадис аалымы Амештин жанында эле. Бирөө келип, бир нерсе тууралуу сурады. Амеш мунун жообун ойлой баштады. Ал учурда Имам Азам келип калды. Амеш суроону Имам Азамдан сурады. Имам Азам дароо жооп берди. Амеш жоопко абдан таң калып: "Эй, Имам! Муну кайсыл хадистен чыгардың?” – деп сурады. Имам Азам бир хадиси шарифти окуду. "Муну сенден уккан болчумун”, - деди.”

"Мазхабсыздардын Салаф-и салихинге болгон кастыктары жана мужтахид имамдарга жана айрыкча алардын башчысы болгон Имам Азам хазреттерине болгон көралбастыктары, көңүлдөрүн сокур, ынсаптарын жок кылган. Ошондуктан, алар Ислам аалымдарынын жакшылыктарын, артыкчылыктарын четке кагышууда. Бул жалааларды жалгыз дин душманы болгон чектен чыккан адамдар гана жаба алат. Алардын бул кылыктары Имам Азамдын жогору даражасына күбөлүк кылат. Себеби ушул сыяктуу адамдардын жамандоосу аалымдардын жогору даражасын көрсөтөт.” (Сайф-ул-мукаллидин)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш