Хадиси кудси


Суроо: Хадиси кудси кандай маанини билдирет?

Жооп

Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мааниси да, сөздөрү да өзүнөн болгон сөздөрү хадис деп аталат. Мааниси Аллаху таала тарабынан билдирилип, Пайгамбарыбыздын өз сөздөрү менен билдирген сөздөрү болсо хадиси кудси деп аталат. Ошондуктан, хадиси кудсилер накыл кылынганда "Аллаху таала хадиси кудсиде мындай дейт...”, - деп айтылат. С. Абадиййа жана башка китептерде хадиси кудсилердин айрымдары төмөндөгүдөй:

"Азаметжана кибрийамага гана таандык. Бул эки сыпатта мага орток болгусу келгендерге катуу азап кыламын.”

"Эй, Адам! Мухаммед алейхиссаламдын ысымы менен эмнени кааласаң кабыл кылчумун, Мухаммед болбогондо сени жаратмак эмесмин.”

"Эй, Расулум! Сен болбогондо эч нерсени жаратмак эмесмин.”

"Эй, Расулум! Ибрахим халилим [досумболсо сен Хабибимсин [сүйүктүүмсүң].

"Олуя бир затка душмандык кылган адам мага согуш ачкан болуп саналат.”

"Бир киши фарз ибадатты орундоо аркылуу мага жакындаганы сыяктуу башка эч нерсе менен жакындай албайт.”

"Бир кулум мага жакындаса [сүйүүмө жана ыраазычылыгыма жетсе] ага үндөрдү уктурамын жана жашыруун нерселерди көрсөтөмүн.”

"Досторумду адамдардын арасына жашырамын, аларды эч ким биле албайт.”

"Жерге жана көккө батпаймын, жалгыз момун кулумдун жүрөгүнө батамын.”

"Каза жана тагдырыма ыраазы болбогон, жактырбаган жана жиберген балээлериме сабыр кылбаган адам менден башка Рабб издесин! Жер бетинде кулум катары турбасын!”

"Ырайымым каарымды ашкан. Жада калса, кулумдун күнөөсүн кечирдим!”

"Орозо мен үчүн кармалат. Анын сыйлыгын мен беремин!”

"Кулум мени кандай элестетсе мен аны ошондой тосуп аламын. Андай болсо менден дайыма жакшылык күткүлө!”

"Ла илаха иллаллах” менин чебим болуп саналат. Муну окуган адам чебиме кирген болот. Чебиме кирген адам азабыман кутулат.”

"Эй, Адам баласы! Өмүрүңдү дүнүйөлүк нерселерди топтоо менен короттуң. Бейишти болсо такыр каалабадың.”

"Напсиңди душманың деп бил! Себеби ал мага душман.”

"Эй, кулум! Сени өзүм үчүн жараттым. Башка нерселер менен убара болбо! Ырыскыңа кепилмин, өзүңдү капа кылба!”

"Эй, дүнүйө! Мага кызмат кылгандарга кызматчы бол! Сага кызмат кылгандарга кыйынчылык көрсөт!”

"Мени зикр кылган [эстегенкулум менен биргемин.”

"Эй, Адам баласы! Мени сүйгүң келсе дүнүйө махабатын жүрөгүңөн чыгарып сал, себеби, менин махабатым менен дүнүйө махабатын бир жүрөктө эч качан бирге кылбаймын. Эй, Адам баласы! Менин сүйүүм менен бирге дүнүйө махабатын кантип каалайсың! Андай болсо менин сүйүүмдү жана ыраазычылыгымы дүнүйөдөн [динде тыюу салынган нерселерден] баш тартуудан изде! Эй, Адам баласы! Ар бир ишиңди менин буйруктарыма ылайык жаса, сенин жүрөгүңө махабатымды толтурамын.”

"Бардык диндердин ичинде Исламиятты тандадым. Бул дин жоомарттык жана көркөм мүнөз менен толук болот. Бул динди күндө ушул экөө менен толуктагыла!”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш