Ислам дини » Кошумча темалар » Ойдон чыгарылган хадис болобу? » Вахий, хадиси кудси жана хадиси шариф




Вахий, хадиси кудси жана хадиси шариф


Аллаху тааланын пайгамбарларына кабар жиберүүсү "вахий” деп аталат. Вахийдин эки түрү бар. Жабраил (алейхиссалам) аттуу периште Аллаху тааладан алган кабарларды пайгамбарларга окуду. "Вахи-ульматлу” деп аталган ушул вахийдин сөздөрү менен маанилери да Аллаху тааладан келген. Мисалы, Курани карим – вахи-ульматлу. Вахийдин экинчи түрү "вахи-ульгайри матлу” деп аталат. Ал Аллаху таала тарабынан пайгамбарлардын жүрөгүнө билдирилет. Пайгамбардын өз сөзү менен башкаларга билдирет. Ушул сөздөр "хадиси кудси” деп аталат. Хадиси кудсилердин сөздөрү пайгамбарлардан, мааниси Аллахтан болот. Ал эми, сөзү да, мааниси да Пайгамбар тарабынан айтылса ал "хадиси шариф” деп аталат.

Хадиси шарифтерди Пайгамбардын өз оозунан уккан асхабы кирам аны өздөрүнөн кийинкилерге накыл кылышып, айтып жеткизген.Хадис аалымдары да хадистерди бир нече топторго бөлүп, аны накыл кылган адамдары менен бирге китептерине жазышкан. Хадиси шарифтер аркылуу Курани карим менен сүннөткө кандай амал кылуу керектиги, Исламдын шарттары, тасаввуф (сопулук) илимдери, муамалат (турмуштагы карым-катнаш) илимдери, исламий ахлак  (кулк-мүнөз), сахабалардын артыкчылыктары, пайгамбарлар менен маанилүү инсандардын өмүр баяндары, кыяматка чейинки маанилүү окуялар, кыямат, хашр, нашр, Бейиш,Тозок, пайгамбардардын өмүр баяндары, Курани каримди окуу жана тафсир кылуу, периштелер, шайтандар жана медицина илимдери тууралуу маалыматтар берилген.

Аллаху тааланын ысымын айткан, уккан, жазган кезде "Субханаллах”, "Табаракаллах”, "Жалла жалалух”, "Азза исмух”, "Жаллат кудратух” же "таала” сыяктуу урмат сый билдирген сөздөрдүн бирөөсүн кошуп айтуу алгачкысында - важиб, кайталанып келгенде айтуу мустахаб болот. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын аты өткөн жерлерде салават айтуу да ошол сыяктуу маанилүү. "Аллаху таала”, "Курани карим” деп урмат сый менен толук айтып жазууну өзүбүзгө адат кылуубуз керек. Пайгамбарыбыздын аты аталганда, жазылганда: "Саллаллаху алейхи васаллам”, -деп, толук айтуу жана жазуу керек. Бул сөздөрдү кыскартып, бир гана баш тамгаларын жазып коюу мусулмандардын адаты эмес. Сахабалардын аты аталганда: "Радыяллаху анх”, Ислам аалымдарынын аттарына: "Рахматуллахи алейх” сөзүн кошуп жазуу жана айтуу туура болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш