Ислам дини » Пайгамбарлар, аалымдар » Хадис аалымдары » Хадис аалымдары деп кимдерди айтат




Хадис аалымдары деп кимдерди айтат


Хадис аалымдары өтө бийик адамдар. Равилери менен бирге жүз миң хадиси шарифти жатка билген адам "хафыз” деп аталат. Курани каримди жаттаган адам хафыз эмес кары деп аталат. Бүгүнкү күндө хадиси шарифтерди жатка билгендер болбогондуктан кары дегендин ордуна жаңылышып хафыз деп айтышууда.

Эки жүз миң хадиси шарифти жатка билген адам шейх-ул-хадис деп аталат.

Үч жүз миңди жаттаган адам хужжат-ул-ислам деп аталат.

Үч жүз миңден да көп хадиси шарифти равилери менен, сенеддери менен бирге жаттаган адам хадис имамы же хадис мужтахиди деп аталат. Бүгүнкү күндө мындай ислам аалымы дүйнөдө жок. 

Туура экендиктери бардык ислам аалымдары тарабынан тастыкталган хадис китептеринин алтоосу бүткүл дүйнөдө атагы чыккан. Бул алты китеп Кутуб-и Ситта деп аталат. Кутуб-и Ситтаны жазган алты улуу аалым булар:

1- Имам Бухари: Ысымы Мухаммед бин Исмаил. Хадис китептеринде "Х” тамгасы менен көрсөтүлөт. Ар бир хадисти жаза турган болгондо жакшылап даарат алып, эки рекет намаз окуп, истихаре кылчу. Бухари-йи Шарифти 16 жылда жазган. Жүздөгөн шархы (түшүндүрмөсү) жасалган. Булардан Имам Касталанинин, Айнинин жана Ибни Хажардын шархтары таанымал.

2- Имам Муслим: Кыскача "М” тамгасы менен көрсөтүлөт. Жамиус-Сахих аттуу китебинин бир нече шархтары болуу менен бирге алардын эң көрүнүктүүсү имам Нававиники болуп саналат.

3- Имам Малик бин Анас: "Ма” тамгасы менен көрсөтүлөт. Муватта аттуу китеби эң биринчи жазылган хадис китеби болуп саналат. Кээ бир аалымдар Кутуби Ситтаны эсептешкен, ошондой эле, Муваттанын ордуна Ибни Мажанын Сунан аттуу китебин да айтышкан. Кыскача "” тамгалары менен көрсөтүлөт.

4- Имам Тирмизи: Имам Мухаммед бин Иса. "T” менен көрсөтүлөт. Жамиус-Сахих аттуу хадис китеби өтө баалуу.

5- Имам Абу Давуд: "Д” тамгасы менен көрсөтүлөт. Сунан аттуу китебинин бир нече шархы бар.

6- Имам Насаи: Ысымы Абу Абдуррахман Ахмед бин Али. "С” тамгасы менен көрсөтүлөт. Сунан-и Сагир Кутуб-и Ситтадан болуп саналат.

Ибни Эсир кутуби ситтадагы кайталамаларды чыгарып, бардыгын Жами-ул-Усул деген аттын алдында бир эмгекте жыйнаган. Атактуу жана өтө баалуу хадис китептеринен Имам Ахмед бин Ханбалдын "Муснед” аттуу эмгеги "Х”, Абу Йаланын Муснеди "Йала” жана Абдуллах Дариминин Муснеди "ДР”, Ахмед Беззардын Муснеди "З” тамгасы менен көрсөтүлөт. Бул китептер Масанид деп аталат. 

Айрыкча Имам Суйутинин "Жами-ус-Сагир” жана "Кабир”, Байхакинин "Муснед” жана "Далал”, Хакимдин "Мустадрак”, Табаранинин "Мужам-ул-Кабир”, "Сагир” жана "Авсат”, Хайсаминин "Мажма-уз-Заваид” эмгектери белгилүү. Усул-и хадис илимин билдирген Имам Нававинин "Такриб” жана мунун Суйути тарабынан кылынган "Тадриб-ур-Рави Шархы” өтө таанымал. Бүгүнкү күндө хадис китептеринин жаңы жаңы китепкана каталогдору кылынууда.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш