Имам Бухари


Курани каримден кийин эң баалуу китеп болгон Сахих-и Бухари аты менен таанымал хадис китебин жазган улуу хадис аалымы. Ысымы Мухаммед бин Исмаил, лакаб аты Абу Абдуллах. Хадис илиминде бийик даражада болуп, 300. 000ден ашык хадиси шарифти сенеддери менен бирге жатка билген аалым болгондуктан "Имам”, Бухаралык болгондугу үчүн "Бухари” деп аталып, Имам Бухари деген ысым менен таанымал болгон. 810-жылы (Х. 194) Бухарада туулган. 870-жылы (Х. 256) Самарканддын Хартенк деген айылында кайтыш болгон.

Кичине кезинде атасынан ажыраган Бухари алгачкы билимин туулган жери болгон Бухарада баштаган. Дубасы кабыл жана салиха болгон апасы анын жана бир тууганынын жетилүүлөрү үчүн көп эмгек жумшаган. Он жашынан баштап хадис аалымдарынын сабактарына катышат. Он беш жашка кире электе 70.000 хадиси шарифти жаттайт.

Хадис илиминде кыска мөөнөт ичинде устаздары менен илимий муназараларга катыша тургандай даражада хадис илиминде илгерилейт. Устазы Дахили кээ бир хадис риваяттарындагы кем жерлерди анын жардамы менен толуктаган. Он алты жашта Абдуллах бин Мубарек жана Ваки бин Жаррахтын китептерин жаттайт. Фыкых илиминде мужтахиддердин билдирген нерселерин үйрөнөт. Кийин апасы жана бир туугандары менен ажыга барат. Ажылык фарзын өтөгөндөн кийин апасы жана бир тууганы Бухарага кайтышат, Имам Бухари болсо Меккеде калып хадиси шариф жыйнай баштайт. Он сегиз жашта Сахаба жана Табиин фатваларын жыйнайт. Абдуллах бин Зубейр эл-Хамидиден Шафии фыкыхын үйрөнөт. Ушул учурда Мединага барып Расулуллахтын "саллаллаху алейхи ва саллам” кабырын зыярат кылып, түнкүсүн кабыр башында Тарих-ул-Кабир китебин жазган. Мекке жана Мединадан башка Багдад, Басра, Куфа, Мысыр, Нишапур, Балх, Марв, Аскалан, Дымашк, Хумс, Рей жана Кайсериййа сыяктуу илим борборлорун кыдырып, хадис аалымдары менен көрүшүп, миңден ашык аалымдан хадис жана башка илимдерди үйрөнүп, накыл кылган.

Кубаттуу зээн жана эске тутуу өзгөчөлүгүнө ээ болгон Имам Бухари уккан хадиси шарифти дароо жаттап алчу. Аны менен хадиси шариф уккан адамдар жазып алса, ал жазып алууга муктаж болгон эмес. Мухаммед бин Салам аль-Бикенди, Ибрахим бин аль-Ашаш, Абу Асым аш-Шайбани, Абдуррахман бин Мухаммед бин Хаммад, Халид бин Махлед, Абу Наср-ил-Фарадиси, Абдан бин Осман аль-Марвази, Али бин аль-Медини, Ахмед бин Ханбал, Яхйа бин Зубайр аль-Хамиди сыяктуу устаздар колунда өстү.

Имам Бухари хазреттери окуусун бүтүргөндөн кийин Мысырдан Маварауннахрга чейин таанылган илим борборлорунда хадис жана түрдүү илимдерди окуткан. Сабактарында миңдеген шакирттер болгон. Өзүнөн 70.000 ашуун шакирт хадис угушкан. Булардын арасында Тирмизи, Насаи, Абу Зура жана Абу Бакр бин Хузайма, Ибни Абу Давуд, Мухаммед бин Наср-ул-Марвази, Муслим бин Хажжаж, Ибни Эбиддунйа сыяктуу улуу жана таанымал хадис аалымдары да болгон.

Миңдеген шакирт өстүргөндөн кийин Нишапурга, ал жактан Бухарага кайтат. Бир канча убакыт Бухарада туруп, хадис жана илим үйрөтүү менен алектенет. Бир риваят боюнча Бухаранын акими балдары үчүн өзүнчө сабак берилүүсүн жана бул жерге келип эч кимдин сабак тыңдабоосун каалайт. Бухари жооп катары: "Мен бир бөлүк адамдарга хадис тыңдоого тыюу салып, бир канча кишиге хадис үйрөтпөйм”, - дейт. Бул абал аким менен арасынын начарлоосуна себеп болот. Бухарадан кетет. Аллаху таалага шикаят жолу менен аким берген кыйынчылыкты арыз кылат. Дубасы кабыл болуп, арадан бир ай өтпөй аким иштен айдалып, зынданга салынат. Бул учурда Самарканддыктар аны өздөрүнө чакырышат. Жолдо бара жатканда Самарканддыктардын бир бөлүгү каалап, бир бөлүгү каалабагандыгы тууралуу кабарды алганда Хартенк деген айылда калат. Иштин ички бетин билгиси келет. Адамдардын бул абалынан көңүлү кысталат. Тахажжуд намазынан кийин колдорун ачып: "Йа, Рабби! Жер жүзү бул кеңдиги менен мага тар болду. Мени өз тарабыңа ал!” – деп дуба кылды. Ошол ай ошол жерде ооруп калат. 870-жылынын Рамазан Айтынын түнү Самарканддан 72 км алыстыктагы Хартенкте көз жумат. Кабыры ошол жерде.

Имам Бухари хазреттери өтө жоомарт болуп, бардык адамдарга жакшылык кылчу. Кедейлерге көп садага берип, шакирттеринин муктаждыктарын жеке өзү камсыз кылчу. Майрам күндөрүнөн тышкары жылды толугу менен орозо кармап өткөрчү. Харам жана шектүү нерселерден дайыма узак туруп, гыйбаттан өтө коркор эле. "Каалаганым - Раббиме жеткенимде эч гыйбат кылбаган болоюн жана мындай нерсе үчүн эч ким мени издебесин”, - деп айтчу. Түндүн алгачкы сааттарында бираз уктап, кийин туруп илим жана ибадат менен алектенер эле. Курани каримди үч күндө бир жолу хатим кылчу.

Хадис илиминин жана хадис аалымдарынын жол башчысы болгон Имам Бухари хазреттери жүз миңдеген хадиси шарифти жаттаган. Хадиси шарифтерди метин жана сенеддери менен жатка билген. Хадиси шарифтердин равилерин өтө кылдат изилдеп, диндин буйруктарына баш ийбеген, адептерин сактабаган, ахлагында бир кемчилик болгон адамдын риваят кылган хадиси шарифтерди алчу эмес. Хадиси шарифтин метинин жаттагандай эле ал хадиси шарифти риваят кылган адамдардын лакаптарын, туулган жана өлгөн күндөрүн, ахлак жана жашоолорун, кимден риваят кылгандыгын, ал равиден дагы кимдердин хадиси шариф алгандыгын билчү жана жаттачу. Бир адам хадис риваятында жана равилердин сенединде катага түшсө дароо Имам Бухари хазреттерин таап сурашчу жана туурасын үйрөнүшчү. Барган жерлеринин бардыгында айланасы хадиси шариф алгысы жана үйрөнгүсү келген адамдарга толуп-ташычу. Имам Бухари хазреттеринин хадис илиминдеги румузу "Х” тамгасы. Ошол эле убакта тафсир жана келам илимдеринде устад болгон Имам Бухари хазреттеринин тафсирге байланыштуу билдирген риваяттар тафсир аалымдарынын эмгектерин кооздогон. Келам илимине байланыштуу эмгектерди дагы жазган.

Эмгектери:

1- Жами-ус-Сахих:

Эң чоң жана эң таанымал эмгек. Сахих-и Бухари деген ат менен да белгилүү. Ислам аалымдары бир ооздон: "Курани каримден кийин эң сахих китеп - Сахих-и Бухари”, - деп билдиришкен. Имам Бухари бул китепти Масжиди Харамда жазган. Ар бир хадиси шарифти китебине жазуудан мурда истихара кылган. Гусул алып, Каабада макамдын артында эки рекет намаз окуп, койгон бекем усулдарына карата сахих экендиги так белгилүү болгон хадиси шарифтерди жазган. Бул китепти бөлүк-бөлүк китепчелерден бириктирип толугу менен жазуу ишин Мадина-и мунавварада Пайгамбарыбыздын ыйык кабыры менен минбарынын ортосунда болгон Равда-и Мутаххарада кылган. Бул эмгектин кандай жазылгандыгын өзү мындайча баяндаган: "Жами-ус-Сахих китебине ар бир хадиси шарифти жазуудан мурда гусул алып, эки рекет намаз окуп, истихара кылдым. Андан кийин хадиси шарифти китепке жаздым. Буларды аткарбастан эч бир хадисти жазбадым. Бул китепти он алты жылда бүтүрдүм.”

Кутуб-и Ситта деген ат берилген алты сахих хадис китебинин эң башкысы Сахих-и Бухаринин Али эл-Йунуни тарабынан кол жазма аркылуу көбөйтүлгөн тексти мутабар болгон. Мунун түп нускасы Каирде Акбога Медресе Китепканасында. Сахих-и Бухаринин бир нече шархы жана басылмалары кылынган. 1894-жылы Османлы Султаны Экинчи Абдулхамид Хан тарабынан Мысырда жасатылган эки том басылмасы көркөмдүү болуп, алтын оймолор менен кооздолгон. Бул басылма Булакта Амириййа Басмаканасында кылынган. Зейнуддин Ахмед Забиди так риваяттарды бириктирип, Бухари-и Шариф Тажрид-и Сарих ысымы менен кыскартылган.

2- Тарих-ул-Кабир

3- Тарих-ул-Авсат

4- Тарих-ус-Сагир (Бул үч эмгек хадис равилеринин өмүр баяндарын жана хадис илиминдеги орундарын өзүнө камтыйт.)

5- Китаб-у Дуафа-ис-Сагира (Зайыф равилердин абалдарынан баяндайт.)

6- Ат-Тарих фи Марифати Руват-ул-Хадис

7- Ат-Таварих-ул-Ансаб

8- Китаб-ул-Куна

9- Аль-Адаб-ул-Муфрад (Ахлакка байланыштуу хадиси шарифтерди жыйнаган эмгек.)

10- Рафул-Йадайн фиссалати

11- Китаб-ул-Кыраати Халф-аль-Имам

12- Китаб-уль-Афал-ил-Ибади вар-Радду алал-Жахмиййа

13- Адь-Акида йахут Ат-Тавхид (Келам илимине байланыштуу)

14- Аль-Жами-ул-Кабир

15- Ат-Тафсир-ул-Кабир

16- Ат-Тафсир-ул-Мабсут

17- Асма-ус-Сахаба

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш