Имам Тирмизи


Олуя жана улуу хадис аалымы. Аты Мухаммед бин Али бин Хасан бин Бишр аз-Захид, лакабы Абу Абдуллах. Туулган жылы белгилүү эмес. Хаким Тирмизи Тирмиз шаарында туулду жана көпкө чейин ал жерде калды. Анан Балх шаарына барды. Ал жерде бир канча убакыт калгандан кийин Нишабур шаарына келди. 932 (Х. 320) жылы шейит кылынды.

Хаким Тирмизи атасынан, Кутайба бин Саид, Хасан бин Омар, Салих бин Абдуллах Тирмизи, Салих бин Мухаммед Тирмизи, Али бин Хужр ас-Сади, Яхйа бин Муса, Утба бин Абдуллах аль-Марвази, Аббад бин Якуб ад-Даврак, Суфйан бин Ваки менен Хорасан жана Ирактагы мухаддистерден (хадис аалымдарынан) хадиси шариф үйрөнгөн. Яхйа бин Мансур аль-Кади, Хасан бин Али, Нишабур аалымдары жана дагы көптөгөн аалымдар андан хадиси шариф риваят кылышкан. Өтө көп китеп жазган Хаким Тирмизи Абу Тураб Нахшеби, Ахмед бин Хадравайх жана Ибни Жала сыяктуу олуялардын сухбатында болуп, алар менен бирге болгон жана алардын илиминен пайдаланган. Өтө көп хадиси шариф чогулткан захид жана абид зат болгон Хаким Тирмизинин китептеринин көпчүлүгү басып чыгарылган.

Сүннөттү толук сактаган, илимине ылайык амал кылган жана Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнүн улуктарынан болгон Хаким Тирмизи өз мезгилинин олуясы болуп, адамдардын бардыгы тарабынан макталган. Терең маселелердин маанилерин ачыктоо жана түшүндүрүү жагынан устат (илимде эң жогору даражага жеткен), хадис илиминде болсо сика (мыкты, ишеничтүү) бир аалым. Сөздөрү өтө баалуу болуп, хилм ээси (жумшак), өтө ырайымдуу, көркөм мүнөз ээси болгон. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын ыйык ахлагы анда көрүлчү.

Айтат:

"Акыретте кутулуу ибадат менен амалдын көп болуусу менен эмес, амалдардын ыкыластуу жана шарттарына ылайык орундалышы менен болот.”

"Момундун шаттуулугу жүзүндө, кайгысы жүрөгүндө болот.”

"Сенде напси болгонуна карабастан Аллаху тааланы таанууну каалайсың. Бирок, напсиң али өзүн дагы тааный элек. Раббисин кантип таанысын?”

"Канаат эмне?” - деп суралганда: "Адамдын тагдырында бөлүнүп берилген ырыскысына ыраазы болуусу”, - деп жооп берген эле.

Өзүнөн: "Ыймандын кетүүсүнө эң көп себеп болгон күнөө кайсыл күнөө?” – деп сурашты. Ал мындай деп жооп берди: "Үч күнөө бар: Биринчиси – ыйман ниматына ээ болгондугуна шүгүр кылбоо; экинчиси – ыймандын кетүүсүнөн коркпоо, үчүнчүсү – момундарды таарынтуу жана аларга жапа чектирүү. Билип койгула, эч кандай себепсиз бир мусулманды таарынтуу Кабаны жетмиш жолу талкалап салгандан да өткөн чоң күнөө. Расулуллах алейхиссалам хазреттери ушундай деп айткан.”

Жазган китептери

Хаким Тирмизи бир канча рисалалар жана китептерди жазган. Китептеринен эң белгилүүлөрү:

Китаб-ул-Фарук

Хатм-уль-Вилайа валь-Илал-уш-Шариййа

Навадир-уль-Усул фи Ахадис-ир-Расул

Гарс-уль-Муваххидин

Ар-Рийадату ва Адаб-ун-Нафс

Гавр-уль-Умур

Аль-Манахи

Шарх-ус-Салат

Аль-Масаил-уль-Макнуна

Аль-Акйас валь-Мутаррин

Байан-уль-Фарк Байн-ас-Садр

Аль-Акл валь-Хавадыр

Булардын төртүнөн башкалары басып чыгарылган. Айрым рисалалары дагы жакынкы мезгилдерде Шам шаарында кайра басып чыгарылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш