Ислам дини » Сеййид Абдулхаким Арваси




Сеййид Абдулхаким Арваси


Тасаввуф аалымы. Ас-Сеййид Абдулхаким бин Мустафа-аль-Арваси, 1281 (м.1865)-жылы ошол кездеги Осмон Халифатынын Хаккари Санжагына, азыркы Түркиянын Ван областына караштуу Башкале деген жеринде дүнүйөгө келди. 1362 (м.1943)-жылы Анкарада көз жумду. Кабыры Анкаранын четиндеги Баглум деген жерде.

Хазрети Пайгамбардын 43-чү баладан небереси. Имам Али Рызанын тукумунан. Ушул себептен сеййид деп аталат. Ата-теги Ирактын Багдад калаасынан азыркы Вандын Мүкүс (Бахчесарай) деген жерине байланыштуу Арвас (Доганйайла) айылына келип отурукташып калышкандыктан Арваси деген ат менен таанымал. Чоң атасы Сеййид Мухаммед Осмон султаны Султан II. Махмуд заманында илим үйрөтүү себеби менен Арвастан Башкалеге жайгашат. Анын атасы болгон Сеййид Абдуррахман Сеййид Фехим Арвасинин дагы чоң атасы болот. Абдулхаким Эфендинин чоң атасы Сеййид Мухйиддин Башкаленин муфтийи болгон. Атасы Халифа Мустафа Эфенди Сеййид Таха Хаккаринин уулу жана Салих Нехринин орун басар шакирти Сеййид Убайдуллах Шемдининин орун басар шакирти эле. Энесинин аты Айша (Хано) Ханым болгон.

Халифа Мустафа Эфенди эң улуу баласы туулганда XVII. кылымдын Индустан аалымдарынын атактууларынан болгон Абдулхаким Сийалкутинин ысымын ырым кылып ага койгон эле. Ошол эле түнү Сеййид Таханын кичүү иниси Абдулхаким алардыкында конокто эле. Сеййид Мустафа Эфендинин ичиндеги каалоого бул илахи хикмат да кошулганда төрөлгөн уулуна Абдулхаким деген ысымды койду. Сеййид Абдулхаким Эфенди алгачкы билимин атасынын жанынан үйрөндү. Кийин Башкаледе башталгыч жана орто мектептерин бүтүрдү. Ошол доордо илим дана ирфан борбору болгон Ирактын ар кайсы чоң борборлорунда, Мүкүс ооданында улуу аалымдардан Арап жана Фарс тили жана адабиятын, логика, дебат, келам, илахи жана табигый хикмат, табият таануу  жана математика, тафсир, хадис, улул-и фыкх, Шафии, Ханефи жана Малики фыкхы жана тасаввуф сабактарын алган. Нехриде көргөн бир түшүнөн кийин окуусуна андан да чоң маани бере баштаган. Бул түшүн мындайча баяндаган:

Нехри деген жерде дин жана табият таануу илимдерин окуп жаткан элем. Рамазан айын үй-бүлөм менен бирге өткөрүү үчүн өз айылыма кайттым. Али биринчи мектеп китептерин окуп жаткан кездерим эле. Рамазан айынын он бешинчи Салы түнү түшүмдө Аллахтын Расулун көрдүм. Бийик бир тактын үстүндө Рисалат макамында отурушкан эле. Анын айбаты жана сулуулугунун алдында коркуп, жерди карап калганда аркаман бирөө акырын оң тарабыма жакындады. Көзүмдүн учу менен аны карадым. Кыскага жакын орто бойлуу, топ сакалдуу, маңдайы айдың бир зат... Бул зат оң кулагыма угулар-угулбас үн менен фыкых илиминин ичке маселелеринен бир суроо сурады: «Хайз маалында бир аялдын мечитке баруусу орунсуз болуп турса эки эшиктүү бир мечиттин бир эшигинен кирип экинчи эшигинен чыгып кетүүсү шариятта мүмкүнбү?» Аллах Расулунун айбатынан өзүмдү жоготкон элем. Суроону кайрадан сурабоосу үчүн акырын үн менен: «Диндин ээси бул жерде даяр», - деп жооп бердим. Максатым шарият ээсинин алдында эч кимдин дин маселелерине колун алдыга сала албай тургандыгын түшүндүрүү эле. Расулуллах алейхиссалам үн угулбай тургандай аралыкта турса дагы жообумду угушту. Токтоосуз: «Жооп бериңиз!» - деп арты артынан эки жолу буйрук кылышты.

Эртеси күнү бешим намазы маалында атамдын мечитке келе турчу жолуна чыгып турдум. Өзүнө бир нерсе айта тургандыгымды сезип, жаныма келишти. Көргөн түшүмдү айттым. Жүзүндө ушунча чоң кубаныч толкуну чачырап: «Сени сүйүнчүлөйм! Фахрулалемин сени мазун жана дин илимдерин таблиг кылууга кызматчы кылышты. Иншаллах, аалым болосуң! Болгон күчүң менен эмгек кыл!» - деп көргөн түшүмдү жоруду. Атама: «Ааламдын мырзасынын алдында ушунчалык дин маселелери турганда мага хайз маселесинен суроо суралуусунун жана мен тараптан жообунун берилүүсү тууралуу буйруктун хикматы эмне?» - деп сураганымда мына бул жоопту берди: «Хайз фыкых маалыматтарынын эң кыйыны болгондугу үчүн мындай суроо сенин алдыда дин илимдери жагынан бийик көтөрүлө тургандыгыңа белги». Бул түштөн кийин он жыл бою Жума түндөрүнөн башка эч бир түндү жууркан ичинде өткөргөндүгүм эсимде жок. Таң атканга чейин илим менен алек болуп, пенделик уйкуну китеп үстүндө өткөрдүм. Адам баласынын күчүнөн да жогогору делгидей аракет жана берилгендик менен эмгек кылдым.

Сеййид Абдулхаким Арваси 1314 (м.1897) жылы ажылык милдети менен Хижазга барганда алгач Мединага барып Пайгамбарыбыздын ыйык кабырын зыярат кылган. Жанында Хажы Омар Мырзы аттуу ашрафтан болгон бир зат бар эле. Аны менен биргеликте бир түн мубарек Равзада шам намазынан кийин жүзүн саадат тарабына карай буруп, чоң адеп жана урмат менен күтүп турганда оң тарабында отурган Хажы Омар Мырза кулагына ийилип акырын үн менен: «Кызым азыркы тапта үзүрлүү. Пайгамбар Мечитин зыяратка келе албайт. Баб-ус-саламдан кирип Пайгамбар алдында бир салам берип, Баб-ы Жибрилден чыгуусуна шариятта уруксат барбы?» - деди. Сеййид Абдулхаким хазреттери ошондо 25 жыл мурунку түштүн эсине түшүүсү менен коркунуч менен денеси бүрк этти. Хажы Омар Мырзанын жүзүн дагы бир ирет карады. Ооба, 25 жыл мурда түшүндө көргөн ал адам ушул эле. Акырын үн менен: «Бул суроого жооп берүүнү бүтүрүү бул жерде турсун кызматчы ганамын!» - деди. Бирок, түшүндө болгондой Расулуллахтын алдында болгондуктан жооп берүүдө кечирим себебинин бар экендигин билдирди. Баб-ы Рахмадан сыртка чыккандан кийин маселеге жооп берип, түшүн дагы ийне-жибине чейин айтып берди.

1300 (м.1882) жылы захири ижазат алып, мекенине кайткан Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери үйрөнгөн фыкых, тафсир сыяктуу илимдердин жанында өзүн руханий жолдон өстүрө турчу бир жол көрсөтүүчүгө жетсем деген арзуу тилек менен күйүп-жанууда эле. Экинчи тараптан Сеййид Таха Хаккаринин халифасы Сеййид Фехим Арваси түшүндө Пайгамбарыбыз алейхиссаламды көрдү. Пайгамбарыбыз ага: «Абдулхакимдин тарбиясын сага тапшырдым», - деп буюрган эле. Акыры Сеййид Абдулхаким Арваси 1878 (Х. 1295) жылы Сеййид Фехим Арваси хазреттеринин алдына барды. Устазынан алган биринчи буйрук тообо жана истихара болду. Истихарада мындай бир түш көрдү; Сеййид Таха хазреттери мечитте шакирти Сеййид Фехимге мындайча буйрук берип жаткан эле: «Абдулхакимди чечинтип, жавазимат-ы хамс сууларында өз колуң менен толук жуу! Кийин экөөбүзгө тең имам болсун!.» Сеййид Фехим хазреттери аны алып жавазимат-ы хамс сууларында жууп, ал болсо колун анын далысына коюп, оң бутун өзү үчүн жайылган жайнамазга таштап жаткан эле.» Бул түш анын шакирттикке кабыл кылынгандыгын айгинелеген эле. Түштүн жорулуусу керек болгон бөлүгү бир гана жавазимат-ы хамс эле. Жавазим деген сөз жазм сөзүнүн көптүк түрү болуп, анык, так дегенди түшүндүрөт. Хамс болсо, башкача айтканда, беш даанасы алем-и эмирдин, латифанын тасфиясына ишарат экендиги айкын эле. Түштүн башка жорулууга муктаж эмес аныктыгы өзүнчө илахи лутуф жана чексиз ихсан эле.

Сеййид Абдулхаким Арваси көрүлгөн бул түштүн таасири менен чоң сүйүү менен илим үйрөнүп, илимде илгерилегендей эле Сеййид Фехим хазреттеринин сукбат жана таважжухтары менен бийик даражаларга көтөрүлдү. 1300 (м.1882) – жылы захири илимдерде ижазат алгандан кийин 1305 (м.1887) – жылы Накшибанди жолунан ижазат алды да, Сеййид Фехим хазреттеринин халифасы болду. Бир гана Накши жолунда хижри 1000-жылдан кийинкилер алгачкы кылымдагыларга окшой тургандыгына байланыштуу ишараттар бар болгондуктан Накшибандияны бүтүрүп чыккандар Кубравия, Сухравардия, Кадирия жана Чаштия тарикаттарын да бүтүрүп чыккан болуп саналууда эле. Ушундайча Абдулхаким Арваси хазреттери да Накшибанди, Кадири, Сухраварди, Кубрави жана Чашти тарикаттарынан да ижазат алды.

Мындан кийин кичи мекени Арваска кайтып барган Абдулхаким Арваси хазреттеринин бул жерден чоң илимий ишмердиктери болду. Муну өздөрү мындайча баяндашкан: «Кичи мекенибизде бар болгон медреселерден өзүнчө мага мурас калган мал-мүлктөн бир медресе курдурдум. Колубуздагы китептерге кошумча катары бай китепкана курдум. Шакирттердин тамак-ашы, кийим-кечеси, жатканы, бардык шарттары мага тийиштүү болуп, ал медреседе 29 жыл дарт окуттум. Бир канча аалым жана фазыл өстүрдүм. Буларды жиберген жерлер ирфан нуруна бөлөндү. Ал тегеректе медресебиз илим фейизи менен атагы чыкты. Акимдердин, жогорку кызмат ээлеринин, өзгөчө алыс жердеги аалымдардын да мактоо жана суктануу менен сөз кылган илим борбору болду. Медресебизде өсүп чыккан илим адамдарынын окууларына тийиштүү китептерди Стамбулдан алдырып жаттым. Медресеге каттагандар бул китептерди урууларга да жөнөтүп, аларга илим нуру менен жарык чачышчу эле. Бүтүрүүчүлөрүбүздөн кээ бирлери вилаят, санжак жана каза борборлорунда муфтий болуп дайындалышты. Араларында муктаж болгондорун үй-оокатын камдап берип үйлөндүрүп жаттым. Ирандын чек ара боюндагы эл бул кишилердин аракеттери менен Сүннүлүктү улантып, аларды көргөндөр Исламды кандай бекем карманышкандыгын көрүп таң калышчу эле.»

Сеййид Абдулхаким хазреттери 1300/1882-жылдан тарта Ван вилаяты жана айланасында, Ирандын Сүнни бөлүгүндө жана тегеректеги уруулар арасында илим жайылтуу менен бирге иршад милдетин да орундады. Өзү салдырган жана чыгымдарын да өзү берген медресесинде 29 жыл шакирт окутту. Бүтүрүп чыгарган шакирттери тегеректе муфтий, мударис, имам, хатиб сыяктуу кызматтарда иштешти. Кызматтары өкмөт тарабынан да мактоого арзып, медресеге Стамбулдан китеп жана акча жөнөтүлдү. Устазынын уулу Ван муфтийи Сеййид Мухаммед Сыддык Мырзага халифалык берген, бирок, ал 1916-жылы армяндар тарабынан шейит кылынды.

Сеййид Абдулхаким хазреттери 1314 (м.1898) – жылы устазынын уулу жана халифасы Сеййид Мухаммед Амин Мырза менен бирге ажылыкка барды. Амир Мырза бул ажылык саякатында Тур-и Синада кайтыш болду. Бир канча жыл мурда 1897-жылы Сеййид Фехим хазреттери кайтыш болордо төрт халифасын чакырып, аларга осуятын айткандан кийин: «Ордума уулум Мухаммед Амин коюлду. Андан кийин Сеййид Абдулхаким мутлак түрдө ордума коюлду. Өзү Арваста болсун, Башкалада болсун, Стамбулда болсун ага баш ийгиле. Анын ыраазылыгы – менин ыраазылыгым. Ага каршы чыгуу – мага каршы чыккандык», - деп буюрган эле. [Сеййид Абдулхаким хазреттеринин бир канча убакыт өтүп Стамбулга бара тургандыгын ишарат кылуусу керемет катары көрүлдү.]

Абдулхаким Мырза 1327 (м.1909) – жылы экинчи жолу ажылык кылды. Бул учурда Меккеде жашаган улуу аалым Шейх Зия Масумдун илтифатына ээ болду. Бирге коштошуу тавафын орундап жатышканда Шейх Зия Масул ага: [Муршидиң Сеййид Фехим хазреттери тарабынан Накшибанди, Кадири, Сухраварди, Кубрави, Чашти тарикаттарынан бүтүрүп чыгарылгандыгың сыяктуу сага Увайсилик жолунда да ижазат бердим», - деп буюрду.]

1332-жылы Ражаб айынын биринчи күнү, (м.Ноябрь, 1915) Орус армиясынын Башкалага бир сааттык аралыкка жакындоосу менен башталган армяндардын элге карата зулумдук кыргынынан улам хижрат кылып, Равандыз, Эрбил, Мусул, Адана, Эскишехир жана акыры 1337-жылы Шаввал айынын башында (м.Апрель, 1919-ж) Бурсага баруу үчүн Стамбулга келишти. Бул учурда 150 кишилик үй-бүлөсүнөн 20 киши гана калып, калгандары болсо оорудан жана башка машакаттуу жолчулуктан улам көз жумушкан же кайра өз кичи мекендерине кайтышкан же жолдо калышкан. Бурса да басып алынганда Стамбулдан чыгышкан жок. Алгач Дахилия Назараты (Ички Иштер Министрлиги) кеңешчиси болуп, кийин Авкаф Назири болгон Хайри Мырза тарабынан [азыркы тапта ден-соолук борбору катары колдонулган] Аййуб Султан Язылы Медреседе отурукташышты.

Сеййид Абдулхаким Арваси алты айдан кийин Аййуб Гүмүшсуюндагы Кашгари даргейинин шейхтиги, имамдыгы жана ваиздиги менен милдеттендирилди. Бул ортодо 8-Зилкада 1337 (5-Август 1919) – жылы Султан Вахидаддин тарабынан Дарул-Хилафатил-Алиййа Сулаймания Медресесине (кийин Медресетул Мутахассысин деп аталган) тасаввуф мудариси болуп орноштурулду. Ушундайча Кашгари теккесинде жана мечиттерде вааз берип, иршаж ишмердигинде, ошондой эле, Сулаймания Медресесинде окуучуларга сабак берүү менен алек болду. 1931-жылдан кийин 1943-жылы кайтыш болуусуна чейин Стамбул мечиттеринде ардактуу ваиздик кызматтарын орундады. Баязидде көп аалымдар окутуудан тартынган Байдави Тафсиринин Шейхзада хашиясын окутуп бүтүрүү өзүнө насип болду. Айрыкча Абуссууд, Ниматуллах жана Хусейин Ваиз Кашифинин тафсирлеринен башка Ширатул-ислам, Шифа-и Шариф, Китаб-ы Хуласатил Вафа фи Ахбари Дарил Мустафа жана Кимия-и Саадат окутуп вааз берген.

Султан Вахидаддин өзүнө урмат көрсөтчү эле. Абдулхаким Мырза минтип баяндаган эле: «Мамлекетти душман басып алган күндөр эле. Бешикташта Синанпаша Мечитинен вааз берип чыгып бараткан элем. Эшик алдында турган бир сарай арабасынан кичи пейил бир мырза түшүп, «Аль малику йакраукассалам ва йадука илаттаам», б.а., «Султан сага салам айтууда жана сени ифтарга чакырууда», - деди. Араба менен сарайга бардык. Стамбулдун тандалган ваиздери, имамдары чакырылган экен. Тамактан кийин сарай кызматкери келди. Султандын саламы бар. Баарыңардан Анадолуда душман менен согушуп жаткан аскерлерибиздин жеңишке жетүүсү үчүн дуа кылууңарды жана Анадолудагы мужахиддерге акча жана дуа менен жардам көрсөтүүлөрү, колуна курал кармай алгандардын аларга кошулуулары үчүн элди үндөөңүздөрдү өтүнүүдө деди. Бул буйрук менен көп кишини Анадолуга жибердим. Көп жардам кылынуусуна себепчи болдум.»

Бир жолкусунда да Султан Вахидаддин Рамазан шариф айында Хырка-и Саадат зыяратына Сеййид Абдулхаким Мырзаны да чакырды. Ал жерде калган чакырылган алдыңкы адамдар жана дин адамдары да бар эле. Бул окуянын уландысын кызматтарын аркалаган Шакир Мырза мындайча баяндап берген эле: «Султан да Хырка-и Саадат турган бөлмөнүн эшигине келгенде - Абдулхаким Мырза каякта? – деп сурады. Ал жердегилер бири-бирин карашты. Андай аттуу кишини таанышчу эмес эле. Артка тарапка карай кабар беришти. Эфенди хазреттери «»Менин атым Абдулхаким» дегенде Султан сизди чакырып жатат деп, дароо калың эл арасынан жол ачышты. Султан өздөрүн күтүп, жанаша туруп, бири дүнүйө, бири акырет султаны болуп Султанул-анбия Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын саадаттуу чепкени бар бөлмөгө киришти. Бирге зыярат кылышты. Чыкканда Султан берекет деп эсептеп, ошол жерде тургандарга бирден жүзаарчы, ага болсо эки жүзаарчы хадия кылышкан экен. Мен сырткы эшикте Эфендини күтүп жаткан элем. Келип, заяраттарын айтып беришти. «Султан ар кимге бир жүзаарчы берди, мага экини берди. Бирөө сеники», - деп бирөөсүн мага беришти.»

Вефа Лицейинде дин сабагы мугалимдигин өтөдү. Медреселер жаптырылганда Стамбул борбор ваизи болуп кызмат өтөдү. Теккелер жабылганда болсо Кашгари Жами имам хатиблиги кызматында калды. Бул убактан кийин текке кызматтарында болгон жок. Себеби, мыйзамдарды сактоо маселесинде өтө дыкат эле. 1930-жылы жаш чегине келгенине карабастан өкүл комиссиянын чечими менен милдети узартылды. 1931-жылы Менемен окуясынан улам эч тиешеси болбосо да ошол замандын алдыңкы дин адамдары менен бирге Измирге алып барылды. Согуш Сотуна чыгарылды. Ал жерде көз көрүнөрлүк коргонуусун жасады. Акталып, Стамбулга кайтып келди. 1934-жылы фамилия мыйзамы чыкканда Үчышык деген фамилияны алды.

Мечит вааздарынын көп адамдарды ойготкон таасиринен улам чала сопулардын кызганычына дуушар болду. Арыз менен 1943-жылы Сентябрда Измирде турууга мажбурланды. Бир нече убакыттан кийин Месеррет отелинде, кийин бир үйдө полиция көзөмөлүндө турду. Жакындары анын Бурсага которулуусу же Стамбулга кайтарылуусу үчүн бир канча жолу аракет кылышса да буга терс жооп алышты. Акыры Анкарага которулуусуна уруксат чыкты. Бул чечим менен 1943-жылы Ноябрда Анкарада Хажы Байрам Вели кичи районунун тегерегинде бурадарынын уулу Сеййид Фарук Ышыктын үйүнө келди. Бул учурда ооруга чалдыгып, Фарук Ышык Бейдин үйүндө он сегиз күн ооруп жатып, 28-Зилкада 1362 (м.27-Ноябрь 1943) – жылы көз жумду. Көз жумган маалында жеңил жер титирөө болду.

Шакирттеринен Хилми Ышык мындайча баяндаган: «Абдулкаким Эфенди кайтыш болуусуна бир нече күн калганда эч сүйлөгөн жок. Бир күн мурда көздөрү тигилип, күлүмсүрөп гана жатты. Бир маалда жүзүмдү карап: «Арш-ы илахини көрдүм. Кандай сулуу, кандай сулуу! Эс-акылым ордунда. Буларды сага эс-акылым ордунда туруп айтуудамын» - деп буюрду.

Анкара эч жактырбаган жери эле. Бул себептен улам жакындары сөөгүн Стамбулга которууга аракет кылышса да кабыл кылынган жок. Шаардын акимчилик чегарасы ичинде өлгөндөрдүн кылымдык мазарлыкка көмүлүүсү керек деген шарт бар эле. Кечиөренде күйөө баласы Ибрахим Арвас Мырзанын үйүндө жуулуп, кепенделип, намазы окулгандан кийин Анкаранын түндүгүндө 24 км аралыкта жайгашкан Баглумга алынып келип, асырдан кийин жерге берилди. Телкинин ким бере тургандыгы уулу Мекки Мырзага суралганда: «Атам Хилмини абдан жакшы көрчү эле. Анын үнүн тааныйт. Телкинин Хилми берсин», - деп буюрду. Ушундайча жерге берүү учурунда кабырына түшүү жана жерге бергенден кийин телкинин берүү милдеттери шакирти Хусейин Хилми Ышыкка насип болду. Буглум чөлкөмү илгертен бери сел, жамгыр, мөндүр сыяктуу табият кырсыктары кетпеген жер эле. Бирок, Баглумдун эли Сеййид Абдулхаким Арваси бул жерге коюлгандан кийин эч табият кырсыктарын көрүшпөгөндүктөрүн айтышат.

Сеййид Абдулхаким Эфендинин Рабыта-и Шарифа жана ар-Риядут-Тасаввуфия аттуу эки эмгеги бар. Биринчиси экинчи жолу 1342, экинчиси болсо 1341-жылы басылган. Булардан сырткары Саванихул-афкар жана Савамихул-анзар (Кашкул), Асхабы Кирам, Аждад-ы Пайгамбари, Намаз Рисаласы, Имам Хусейиндин Шахадаты, Мавлид Окуунун Машруияты, Куфр-у Кебаир Рисаласы, Асма-йи Хусна Шархы, Нававинин Хадис-и Арбаин Шархы, Ислам Укугунда Жаза, Сафар-и Ахират аттуу басылбаган рисалалары жана шакирттерине жазылган рисала көлөмүндө каттары (мактубдары) бар. Арапча, Фарсча жана Түркчө ырларды жазган.

Абдулхаким Эфендинин Ахмед Мекки, Ахмед Анвар жана Ахмед Мунир атуу үч уулу менен Шафиа жана Махида аттуу эки кызы болгон. Улуу баласы Ахмед Мекки Үчышык билимди атасынан бүтүрүп, Үскүдар жана Кадыкөй муфтийлигинде болгон. Абдулхаким Эфендинин атасы эрте кайтыш болгондуктан бир туугандары жана үй-бүлө мүчөлөрүнө кол канат болуп, баарын окуткан. Касым, Юсуф, Таха, Абдулкадир, Шамсаддин жана Зияаддин атуу бир туугандары өзүнөн илим окуп бүтүрүшкөн. Ибрахим накибулашраф акимчилик кызматын, Зияаддин Башкала муфтийлик кызматын, Юсуф сот кызматын, Абдулкадир имамдык кызматын өтөшкөн. Таха Эфенди болсо 1908 мажилисинде эл өкүлү болуп шайлангандан кийин жаңы доордо дин иштери жогорку кеңешинин башчылыгын орундап, 1928-жылы кайтыш болгон.

Абдулхаким Эфенди динге каршы басылма жана пропаганданын өтө күчтүү болуп турган бир убакта сабактары, вааздары жана жазуулары менен Ахли сүннөт итикадынын корголуусуна жана интеллектуалдуу Мусулман жаштардын өсүп чыгуусу үчүн көп кызмат өтөп, бул жаатта өтө катуу кыйынчылыктарга чыдаган. Саясатка эч аралашкан эмес, саясый агымдарга кошулган эмес.

Абдулхаким Арваси өз доорундагы кээ бир тарикаттардын максаттарынан алыстап кетишкендиктерине жана дин мекемелеринин бузулгандыгына назар буруп, шариятка туура келбеген тарикатты кабыл кылган эмес. Жада калса, халифа боло турчу кишинин бир гана тасаввуфтук тарбия алуусун жетиштүү дебей, сөзсүз фыкых илимин билүүсүн шарт деп кабылдаган. Шакирттери андан медреселердин жабылуусу тууралуу сураганда: «Өкмөт бош мекемелерди жапты. Алар өздөрүн өздөрү алда качан эле жабышкан», - деген.

Анын пикиринде тасаввуфтун максаты - Хазрети Пайгамбардын руханий мурасына ээ боло турчу ар деминде жаратуучусун зикир кыла ала турчу «камил инсандарды» жетилдирүү эле. Бирок, ал дагы акыркы убактарда бир канча тарикаттын жана медресенин негизги максаттарын жоготкондуктарын көрүп, камил инсандардын азайгандыгын айткан. Медреселердин жана тарикаттардын негизги өзгөчөлүктөрүн жоготкондугу жана медреселердин жабылып, тарикаттарга тыюу салынган убакта Абдулхаким Арваси сыяктуу шариятка туура келбеген бардык нерсени четке каккан бир аалымдын бар болуусу Исламияттын таптаза бойдон бүгүнкү күнгө чейин жетип келүүсүндө маанилүү роль ойногон.

Абдулхаким Эфендинин жеп-ичүүсү, жатуусу, туруусу, сүйлөөсү, унчукпоосу, күлүүсү, ыйлоосу толук Исламиятка жана Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын ал-ахыбалына төп келчү эле. Анын тамактангандыгын көргөн киши анын бул адат ордун тапсын деп тамактанууда деп ойлоор эле. Аз жеп, тамакты аз аздан, жай жечү эле. Жакындары аны отуз жыл бою кайлула кылганда же жатканда бир да жолу чалкалап же сол тарапка бурулуп жатпагандыгын айтышкан. Дайым оң тарабы менен жатып, оң алаканын оң бетине жазданып жатар эле. Ар бир кыймылы, ал-абалы истикаматка шай эле. «Истикамат, б.а., Аллаху таала жактырган туура жолдо болуу кереметтин үстүндө» деген сөзүн көп кайталачу эле.

Абдан карапайым эле. Мен деп айтканы угулган эмес. «Улуулардын, б.а., чыныгы Ислам аалымдарынын жанында биз турсак эсепке кошулбайбыз, жоголуп кетсек изделбейбиз. Алар – алар болчу», - дечү эле. «Аттиң, Бейоглунда бир кичи дүкөнүм болгондо, мени эч ким тааныбаганда кана», - дечү эле. Вааздарында жана сабактарында динге каршы пропогандаларга да, чала молдо деп аталган жахил молдолор жана шейхтер берген зыяндар менен күрөшчү эле. Сөз казынасы өтө бай эле. Бир эле маанини туюнткан бир канча сөздү биринин артынан бирин айтып, адамдардын түшүнүүсүн жеңилдетчү эле. Ыйман жана итикад тууралуу, амалий маселелерде көбүрөөк басым жасачу эле. Ваазга жана дарс берүүгө чыгардан мурда көптөгөн китептерди карап даярданып, «Аалым - өз оюнан чыгарбай китептен алып айткан адам», - дечү эле.

Кайтыш болуусуна чейин кыймылсыз шакирт окутту. Мажилисинде бир диний маселенин сүйлөшүлүп түшүнүлбөй калган бир да учур болчу эмес эле. «Азыр ар кимге керек болгон фыкыхта Шафии үчүн Ибни Хажар [Тухфатул-Мухтаж], Ханафи үчүн Ибни Абидин [Раддул-Мухтар], тасаввуфта Мактубат-ы Имам Раббани», - деп айтар эле. Булардан сырткары Түркчө Биргиви Васиятнамасы, Кадызаданын Аманту шархы, Хафыз Асад Мырзанын Дурр-у Йакта, Мухаммед бин Кутбуддин Изникинин Мифтахул-Жанна [Мызраклы Илмихал], Нишанжызаданын Мират-ы Каинат, Ахмед Жавдат Пашанын Малумат-ы Нафиа, Рашахат жана Баракат китептерин мактачу эле. «Фыкых окуу нафил ибадаттан абзал», - деп айтар эле. Ар апта сайын Мавлана Халид Багдади жазган Жалиятул-Акдар китебин окучу эле. Мавлана Халид Диванын абдан жакшы көрүп, көп окучу эле.

Ар жолку сукбаттарында намаз тууралуу айтар эле. «Намаз, деги намаз, каерде жана кандай шартта болбосун сөзсүз намаз окугула», - деп буюрчу эле. «Бир убакыт намаз үстүмөн өтүп кеткенден көрө Аллах миң жолу жанымды алсын!» - дечү эле. «Намаз окуу бул – Аллаху таалага таважжух кылуу. Дүнүйөдө шариятка ылайык намаз окугандарга акыйкаттар ачылат. Илми ладунни ихсан кылынат. Бул илимдин жетимиш эки даражасы бар. Эң төмөнү – жалбырактардын санын билүү жана саид менен шакини ажырата билүү. Булар кабырда намаз окушат. Ал намаз кыям жана руку эмес. Аллаху таалага таважжух кылуу», - деп айтаар эле.

Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери Капалычаршыдан өтүп бара жатканда тааныш бир дүкөнчү чыкты. Ал киши ал-ахыбал сурагандан кийин: «Устаз, дуа кылсаңыз, Аллаху таала Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө жардам кылсын», - дегенде ага жооп катары: «Сиз мага ал үммөттү көрсөтүңүз. Мен болсо кутулгандыгын кабар берейин. Кана, каерде ал үммөт?», - деп буюрду. Вааздарында жана жеке сукбаттарында: «Таза жана жаңы кийим кийгиле! Даражалуу, абыройлуу адамдар сыяктуу кийингиле! Адал болгон кийимдерди жана тамактарды жана шербеттерди керек болгончолук колдонгула! Барган жерлериңерде ахлагыңар менен, сөздөрүңөр менен Исламдын айбатын, баасын көрсөткөнүңөрдөй эле кийинүүңөр менен да урмат жана жакшы мамиле жыйнагыла! Түркүн, даамдуу тамактар менен жана таттуу, муздак шербеттер менен денеңерди, напсилериңерди рахат жана жагымдуу кармагыла!» - деп көп айтаар эле.

Абдулхаким Арваси хазреттери ар мүмкүн болгон сайын чет элдин тилин билүүнүн маанилүүлүгүн айтаар эле. Арапча менен фарсчаны өтө мыкты билсе да: «Бир чет тилин билгенимде өтө пайдалуу болот элем», - деп айтчу эле.

Шакирттеринен Хафыз Хусейин Мырза мындайча эскерет: «Стамбулда Табакхане шейхи элем. Арапча жана Фарсчаны жакшы билчү элем. Ар жамиятта сөзүм өтчү эле. Абдулхаким Арваси хазреттерин угуп, зыярат кылууга бардым. Максатым – ал жерде да сөзүмдү өткөрүү эле. Өзүнө өтө жакын бир отургучта отурдум. Сукбат кыла баштады. Көп өтпөй эле ал отургучта отуруудан уялып, жерге отурдум. Сукбатта мен эч билбеген, укпаган нерселерди түшүндүрүп жатты. Жакынында жерге отуруудан да уялып, бираз артка карай жылдым. Улам-улам жылып отуруп акыры өзүмдү эшиктин жанында таптым. Мен жылдар бою шейхтик мартабасында отурган, шакирттери бар адам элем. Сеййид Абдулхаким Мырзаны көргөндө ага бир гана шакирт боло тургандыгымды түшүндүм да, айланамдагыларга: «Сеййид АБдулхаким Мырзаны көргөндө, тааныганда шейхтик эмне экенин түшүндүм, этегине жармашуудан башка ишим калган жок» - дедим. Ал улуу затка шакирт болуу менен абырой таптым.

Көп жылдар кызматын орундаган Шакир Мырза мындай деп эскерет: «Измирде Хисар мечитинде элек. Алдына он эки жаштагы бир баланы алып келишти. Бала дудук эле. Эне-ата баласын ала салып бул Аллахтын сүйүктүү олуя кулунун алдына дуа кылуусу үчүн алып келишкен эле. Бала басып келди. Колдорун өптү. Абдулхаким Эфенди хазреттери балага кыска бир назар салды да: «Балам, атык ким?» - деп сурады. Бала дароо жооп берди: «Ахмед!» Энеси менен атасы баласынын сүйлөгөнүн көрүп таң калып, сүйүнгөндөр көз жашын төгүштү. Кийин жакындары андан кандай дуа окугандыгын сурашты. «Эмне окумак элем? Баланы кучагыма алганда устазым Сеййид Фехим хазреттерине тапшырдым», - деп буюрду.»

Шакирттеринен Ниязи Мырза минтип баяндайт: «Бир күнү улгайган бир аял устаканама келип: «Бир бөлмөлүү үйүм бар. Экинчи бөлмө жасатып жатам. Ижарага тапшырып, ошону менен күн көрмөкчүмүн. Акысын ошол ижарадан түшчү акчадан берейин, мага бир эшик менен терезе жасап бере аласыңбы?» - деп сурады. «Эртең кел, сүйлөшөбүз», - дедим. Максатым – Сеййид Абдулхаким Эфендиге барып кеңешүү эле. Асыр маалында даргейине бардым. Ал-ахыбалымды сурашты. «Кардар келип жатабы?» - деп сурашты. «Келип жатат», - дедим. Бирок, суроо үчүн барган аял тууралуу унутуп калыптырмын. «Буйрутма бергендер болуудабы?» - деп сурашты. «Бүгүн жок», - дедим. «Аял кардарлар келип жатабы?» - деп сурашты. Анда да эстей албадым. Ошондо: «Бүгүн келе турчу аялдын ишин бүтүрүп бер!» - деп буюрушту. Ошондо гана эсиме келди.

Бир күнү Баязыд мечитинде вааз берип жатканда маселеге эч тиешеси жок болсо да: «Силерден бирөөңөр үйүнө барып, баланын чатырга чыгып алып көгүчкөн кубалап жатканын көрсө кыйкырбастан, жакшылып «карачы балам, сага эмнелерди алып келдим, момпосуй алдым» деп аны кармап үйгө киргизгенден кийин урушсун! – деп бурду. Вазды уккан Салихтик бир киши ичинен «эми мунун буга эмне байланышы бар» деп ичинен ойлонуп койду. Вааздан кийин үйүнө барып караса баласы үйдүн чатырына чыгып алып, көгүчкөн кармамакчы болуп, тамдын кырында жыгылып кетчүдөй болуп турган эле. Бала үч-төрт жаштарда эле. Дароо Абдулхаким Эфендинин насааттарын эстеп, дал ошондой кылды. Бала чатырдан кулап түшүүдөн кутулду.»

Сеййид Абдулхаким Арвасинин көп жылдар бою кызматында болгон Кайсерилик пахта соодагери Абдулкадир Бей мындайча баяндайт: «Жай күнү эле. Абдулхаким Эфенди менен Аййуб мечитинде бешим намазын окудук. Кийин Аййуб Султан хазреттеринин күмбөзүнө кирдик. Башка эч ким жок эле. Кабыр сандыгынын баш учунда жанаша тизелеп отурдук. «Жаныма кел, көздөрүңдү жум», - деп буюрду. Көздөрүмдү жапканда Хазрети Абу Аййуб Ансари хазреттерин өйдө турган абалда көрдүм. Жаныбызга келди. Узун бойлуу, кең далылуу, сейрек сакалдуу эле. Колун өптүм. Экөө жай үн менен сүйлөшүштү. Мен уккан жокмун. Адеп менен карап турдум. «Көзүңдү ач», - деди. Ачтым. Экөөбүз сандыктын жанында отурган экенбиз. Сыртка чыктык. Асыр окулуп жаткан эле. «Эмне көрдүң?» - деди. Айтып бердим. «Менин көзүм тирүү кезде эч кимге айтпа», - деди. Муну ал кайтыш болгондон жыйырма төрт жыл өтүп айтып жатам.»

Халид Турхан Бей мындайча эскерет: «Бир күнү зыярат кылууга барган элем. Китепканаларынан китеп чыгарып, бир жерин ачып мага беришти да: «Кана, окуңуз!» - деп буюрушту. Арапча эле. Окуганга аракет кылдым. Жаңылыш окусам оңдоп жатышты. Дагы бир окутушту, ошентип дагы каталарымды оңдошту. Кийин: «Түркчөгө которуңуз!» - деп буюрушту. Такалып калган жерлерим көп болду. Жардам беришти, жада калса, өздөрү которушту. Дагы бир окутуп, дагы бир котортушту. Жакшылап түшүнүп алган элем. Кайтыш болууларынан жыйырма жылдан кийин китепкана башчылыгы үчүн Анкарада сынакка кирдим. Китепкана мүдүрү болдум. Бирок, сынактан чыкканда Эфендинин бул чоң жана аппачык кереметин көргөндө өңгүрөп ыйладым.»

Нежип Фазыл Кысакүрек баяндайт: «1941-жыл эле. Немистер чек арабызда келишкен эле. Мен бир гезитте чыккан жазууларымда баса белгилегенимдей Экинчи Дүйнөлүк Согушка кирүүбүз бир көз ачып-жумум маселеси экенине ишенчү элем. Бул маселени алардын алдында да айттым. Унчукпай угушту. Жандарында жакындарынан бир канча киши жана сүйгөндөрүнөн Махмуд Бей бар эле. Согушка тартылуу мажбурлуулугубузду математикалык эсеп сыяктуу көрсөтүп, айтып берип жаткан элем. Акырына чейин уккандан кийин мындай дешти: «Согушка кирүүгө болбойт. Биринчи Дүйнөлүк Согушта болгондой кымбатчылык жана каатчылык чыкпаса эле!» Айткандарындай эле болду. Согушка кирген жокпуз. Бирок, кымбатчылык, каатчылык элди кыйнады. Махмуд Бей мага бул кереметти көп кайталып: «Укмуш! Укмуш! Ар ким согушту күтүп турганда жана эч ким каатчылык болорун күтпөгөн кезде минтип айтуулары чоң керемет» - деп айтар эле.»

Жээни Фарук Ышык баяндайт: «Мындан бир нече жыл мурда уулум Невзад ошол кезде биз турган көп кабаттуу үйдүн балконунан төмөнгө, бетон болгон жерге жыгылды. Баланы эстен танган абалда бир ооруканага жеткирдик. Эсине келди. Бирок, акыл мүмкүнчүлүктөрүн жоготкон абалда эле. Стамбулга алып бардык. Бардык, невролог жана психолог адистерге көрсөттүк. Баары тең үмүтү жок экендиктерин айтышты. Бир грек доктор эрте акыл жетишпестиги деген анализ койду да, мунун шыпаасы жок деген өкүмүн чыгарды. Балагат чагындагы баламды чоң авасы Абдулхаким Эфендинин колдоруна тапшырдым. Бала теккеде кырк күн калды. Бул мөөнөт ичинде аны назарларынан айырышпады. Бир гана «Капалуумун, капалуумун!» деп ишти Аллаху таалага тапшырышты. Кырк күндөн кийин Невзад болуп көрбөгөндөй материалдык жана руханий саламаттыкка жетти. Юридикалык факултетти бүтүрдү. Көп жылдар бою ДСИде адвокаттык кызмат өтөп, ошол жерде эмгек эргүүсүнө чыкты.»

Шакирттеринен Тахир Мырза баяндайт: «Бир күнү Абдулхаким Эфендиге бара жаткан элем. Жолдо өз-өзүмө Абдулхаким Эфендиге айтайын, олуялыкта жогорулоо чоң иш, биздин мындай аз аракетибиз менен колго тийбейт, химмат жана таважжух кылып ошол бийик макамдарга мени жеткиришсе деп ойлонуп бараттым. Бардым. Бакчада жалгыз отурушкан эле. Салам берип, колдорун өптүм. Жүзүмө кара: «Тахир, мына бул бак эмне бак?»  - дешти. «Магнолия» - дедим. «Мына бул эмне?» - дешти. «Роза» - дедим. «Ээ, Тахир! Булардын суусу бир, абасы бир, топурактары бир, бирок, эмне үчүн булар ар башкача? Мисалы, мына бул чымга эмне кылынса роза боло алат, роза болсо магнолиядан чоңоёбу?» - деп буюрду. «Жок эфендим» - дедим. «Демек, айырмачылык жаратылыштарындагы кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн келүүдө. Демек, чым, чөп розадай, роза дагы магнолиядай болбойт!» - деп кайра мени карашты. «Кемчилигимди кечириңиз эфендим», - дедим.

Битлис жолунда бир жаш жигит кардуу бороонго кабылып жолунан адашып калат. Өлдүм окшойт деп турганда: «Йа, Рабби! Заманыбыздын кутубун жардамыма жетиштир!» - деп жалбарат. Дароо кара сакалдуу бирөө пайда болуп, аттын тизгиндерин кармап, жол көрсөтүп: «Мындайынан кет, шаарга барасың!» - дейт. Жаш жигит ошол кайыптан келип, өзүнө жол көрсөткөн заттын келбетине көңүл бөлөт. Отуз жылдан кийин Баязыд мечитинде ваазына туш келет. Мен бул шейхти каяктан көрдүм эле деп ойлонот. Вааздан кийин чыгып баратышканда Абдулхаким Эфендинин жанына жакындайт. Сүйлөй электе эле Абдулхаким Эфенди: «Битлистеги кар бороонун эстедиңби?» - деп кулагына жай шыбырайт. Көз жаштарын кармана албай колуна бекем кармап кайта-кайта өптү.

Шакирттеринен аскерий тиш табыбы Сабри Гөккая мындайча баяндайт: «Абдулхаким Эфенди кээде мага таяммум кантип алынат деп көрсөтүп, мага үйрөтөр эле. Өз-өзүмө: «Азыр суу болбогон жер жок, кызык, эмне үчүн мынчалык таяммумга токтолуп жатат болду экен», - дечү элем. Кайтыш болгонунан 30 жыл өткөндө менин колдорума жара чыкты. Жада калса, бир баш бармагымды кесишти. Доктурлар колдоруңа суу тийгизбешиң керек дешти. Үч жыл бою таяммум менен, б.а., алар көрсөткөн түрдө таяммум алып намаз окууга мажбур болдум.»

Нежип Фасыл Кысакүрек айтат: «Ремзи Эфенди аттуу бир Мусави шейхин тааныган элем. Өтө жагымдуу мамилеси бар киши эле. Бир күнү кезигишип калганыбызда мага Эфенди хаззреттерине байланыштуу мына бул окуяны айтып берди: «Илахият факультетинде тасаввуф сынагы бар эле. Сабактын мугалими мен элем. Абдулхаким Эфенди хазреттери өзгөчө  тандалып жөнөтүлгөн эле. Алардын алдында сынак башталды. Окуучунун биринен суроо сурадым. Суроом мындай эле: «Тарикаттардын арасында айырма жана өзгөчөлүктөр эмнелер?». Бала: «Харика жана кереметте Кадирилик, ашыктык жана махабатта Мевлевилик, зухд жана такваада Накшилик», - деп жооп берди. «Сен булардан бирөөнү тандооң керек болуп калса кайсынысын тандамаксың?» - деп сурадым. Окуучу балким мугалиминин мевлеви экендигин ойлогон болушу мүмкүн, айтор, бираз тынып кийин: «Мевлевиликти тандамакмын мырзам», - деп жооп берди. Сурап, муну тандоодо окуучунун эмнеге таянгандыгын бышыкташ керек эле. «Эмне үчүн Мевлевиликти тандамаксың балам?» - деп сурадым. Дароо жооп берди: «Ашыктык жана махабатка баары кирет», - деди. Бул сөздү укканда Эфенди хазреттери балага: «Азаматсың!» - дешти. Сынак бүттү. Чыктык, Эфенди хазреттери менен жанаша басып бара жатып андан: «Эфендим, бала мугалиминин тарикаты болгон Мевлевиликти тандады, өз пикирин айтты жана сиз аны азаматсың деп мактадыңыз. Бирок, сиз Накшисиз. Себебин сурасам болобу?» - дедим. Мына ошондо Эфенди хазреттери мага адам баласынын ой-акылы жете албай турчу өтө назик маанини түшүндүрүп: «Бала туура айтты. Ашыктык менен махабатка баар кирет. Накшилердин зухд жана такыбаасы бул ашыктык менен махабатты жабууга парда болууда. Бала туура айтты. Зухд жана такыбаа менен жабылган ашыктык жана махабатты айырмалай ала турчу тереңдикке чумкуй алмак эмес», - деп буюрду.»

Нежиб Фазыл Кысакүрек айтат: «Барлыктын таажы тууралуу Зонгулдакта жазган жазуум Йа Мухаммед! деп башталган эле. Эфенди хазреттери: «Аны чыгар ал жерден, Аллаху тааланын Расулу төл аты аталып чакырылбайт» - деп буюрушту. «Эмне үчүн эфендим?» - деп сурадым. «Уяттуулук маселеси! Жада калса, Аллаху таала да Кураны каримде сүйүктүүсүн төл атын атап чакырган жок», - деп буюрду.»

Сеййид Абдулхаким Эфенди мындай деп буюрган:

«Бир нерсе менен алек болуу нимат. Киши бир нерсе менен алек болбосо шайтан васваса берет.»

«Тасаввуф бул – маанилүү нерсге андан да маанилүү нерсени тандоо».

«Жүззам эң жугуштуу оору. Ошону менен бирге бир жүззамдуу адам менен кырк жыл бир бөлмөдө турган кишиге, бир буюмду колдонгон кишиге бул оорунун жукпоо ыктымалдыгы бар. Бирок, эшиги менен босоголору башка-башка болсо да, кезигишпесе дагы бир фасык (ачыктан күнөө кылган киши) менен бир чатыр астында жашаганда зулумдуктун жукпоо ыктымалы жок.»

«Текебер адам мурдуна чүлүк салынган киши сыяктуу. Адам теберленген сайын периштелер ал чүлүктү жердин түбүнө батырышат. Карапайымдык көрсөткөн сайын ал чүлүктү асманга тартышат.»

«Адамдардын арасында өзүн айыптоо же тебердиктен улам болот же макталууну жакшы көргөндүктөн улам болот.»

«Исламият илим үстүнө курулган. Илим болбогон кезде, чыныгы дин адамы калбаганда Исламият бузулат. Булут болбосо жамгырды күтүү мужиза сурагандыкка окшойт. Аллаху таала муну кыла алат. Бирок, адаты мындай эмес. Ислам аалымы өсүп чыгуусу үчүн Ислам илимдери ортого чыгып, жайылып, ушинтип жүз жыл өтүүсү керек.»

«Адеп – чегин билүү, ага маани берип сыртына чыгып кетпөө дегендик. Эң чоң адеп болсо илахий чекти сактоо, ага көңүл бөлүү.»

«Аллаху таалага ынанган жана ишенген адам эмнеден куру. Аллахтан куру калган болсо эмнеге ээ.»

«Курани карим шыпаа. Бирок, шыпаа суу келген түтүккө жарашат. Ыплас түтүктөн шыпаа келбейт.»

«Чыныгы керемет – кереметтин жашырылуусу. Мындан сырткары көрүнгөндөр олуянын ирадасы жана ыктыяры менен эмес. Демек, илахий хикмат ошондой болтурууда.»

«Аллаху таала сырын ишенгенине берет. Билген адам айтпайт, айткан адам билбейт.»

«Акмактык – катаны кайталай берүү.»

«Хактан жана Хак жолунан башка эмне ойго келсе баары айрылуу жана ойрон болуу жолу. Дин билимдери дүнүйөдө жана акыретте тынчтыкка жана саадатка ээ кылчу билимдер.»

«Бардык үстөмдүктөр, пайдалуу нерселер Исламияттын ичинде.»

«Хакты сүймөйүнчө, Хак тааланы хаким деп билип, ага кулдук кылмайынча адамдар бири-бири менен сүйүшө алышпайт. Ар немат - дайым Хакка ыймандын пайда кылган натыйжасы жана Аллаху тааланын ихсаны. Ар кайгы-дарт жана жамандык  - ачуулануунун, зулумдук жана адилетсиздиктин жазасы.»

«Инсаният канчалык аракет кылбасын сүйүп-сүйүлмөйүнчө ыздырап жана жамандыктан кутула албайт. Аллаху таала дегенин кылат. Себептүү дагы, себепсиз дагы каалаганындай азап кылат же лутуф (мээридүүлүк) кылат. Жакшы жана туура - анын тилеген нерсеси.»

«Аллаху таала бизге фадл жана ихсаны менен тажалли кылсын, фадлы менен коргосун! Адилдиги менен тажалли кылчу болсо күйөбүз.»

«Рия болбосун деп жамааттан качкандар өзгөчө бир риянын ичинде.»

«Улуулардын сөздөрү – сөздөрдүн улуусу.»

«Илим жахилдикти кетирет, акмактыкты эмес.»

«Жамияттагы рух ооруларынын себеби – ыйман кемчилиги.»

 

Адабияттар;

Там Илмихал Саадат-и Абадиййа, 1023-бет.

Ислам Атактууларынын Энциклопедиясы, 1-том, 34-73-беттер.

Башбуг Олуялардан, 336-351-беттер.

Ал жана Мен, Стамбул 1974.

Асхабы Кирам, 164-166, 287-293-беттер.

Соңку Доордун Дин Мазлумдары, 319-336-беттер.

Шарият Жолунда Жүргөндөр жана Кыйналгандар, 160-164-беттер.

Жаңы Рахбар Энциклопедиясы, 1-том, 25-бет.

Сафинатуль-Авлия, 2-том, 59-бет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш