Имам Муслим


Хадис аалымдарынын улууларынан болуп, Кутуб-и Ситта деп аталган белгилүү алты хадис китебинин экинчисинин, тактап айтканда, Сахих-и Муслим китебинин автору. Аты Муслим бин Хажжаж бин Муслим ал-Кушайри ан-Нишапури, куниясы Абул-Хусейн. 821 (х.206)-жылы Нишапурда туулган. 875 (х.261)-жылы ошол жерде кайтыш болгон. Сөөгү Нишапурдун бир дубаны болгон Насрабадга коюлган. Улуу хадис имамдарынын бири жана арабдардын Бани Кушайр уруусунан болот.

Имам Муслим доорунун улуу хадис аалымдарынан хадиси шариф угуу жана үйрөнүү үчүн Хижаз, Ирак, Шам жана Мысырды кыдырды. Яхйа бин Яхйа ан-Нишапури, Ахмед бин Ханбал, Кутайба бин Саъид, Абу Бакр бин Аби Шайба, Осман бин Аби Шайба, Имам Шафии хазреттеринин шакирттеринен Хармеле бин Яхйа сыяктуу улуу аалымдардан хадиси шариф угуп, риваят кылган. Андан болсо Абу Иса ат-Тирмизи, Яхйа бин Саид, Мухаммед бин Махлед, Мекки бин Абдан жана башка аалымдар хадиси шариф накыл кылышкан. Багдадга бир нече жолу келген Имам Муслим хазреттеринен Багдаддын аалымдары да хадиси шариф угуп, риваят кылышкан. Акыркы жолу 872-жылы Багдадга келген эле. 

Нишапурда Имам Бухари менен жолугуп, анын илимий мажилисине катышууну улантты. Имам Муслим Имам Бухари менен бир хадиси шарифти талкуулап жатканда Имам Бухари хадиси шарифтин сенединде (далилинде) ал билбеген бир илдетти көрсөткөндө Имам Муслим ордунан туруп, Бухаринин чекесинен өөп мактаган эле. Имам Бухари хазреттери тууралуу: "Сени жек көргөндөр көралбастыктан гана жек көрүшөт. Мен күбөлүк кылам, дүнүйөдө сенин окшошуң жок”, - деген эле.

Хадиси шариф үйрөнүү жана үйрөтүү үчүн өтө көп саякаттарга чыккан Имам Муслим хазреттери өмүрүнүн акыркы жылдарын Нишапурда өткөрүп, ал жерде хадис шариф сабактарын берген жана соода менен алектенген эле. 

Эмгектери 

1 – Сахих-и Муслим:

Кутуб-и Ситтанын экинчиси болуп, Бухаринин Сахихинен кийин турат. Хадис илиминде Муслим "М” тамгасы менен көрсөтүлөт.

Имам Муслимдин бул эмгегине көптөгөн түшүндүрмөлөр жазылган. Абдул Гафур ибни Исмаил ал-Фариси тарабынан жазылган Ал-Мафхум фи Шархи Гариби Муслим деп аталган түшүндүрмө, Абу-Касым Исмаил бин Мухаммеддин Шарху Муслим деп аталган түшүндүрмөсү жана Мухйиддин Абу Закариййа Яхйа ан-Нававинин Ал-Минхаж фи Шархи Сахих-и Муслим деп аталган түшүндүрмөсү сыяктуу дагы көптөгөн түшүндүрмөлөр бар.    

2) Ал-Муснад-ул-Кабир

3) Ал-Жамиъ Алал-Абваб

4) Ал-Асма вал-Кунаа

5) Ал-Афрад вал-Вухдан

6) Тамияту Шуйуху Мали ва Суфян ва Шуъба

7) Китаб ул-Мухадрамин

8) Китабу Авлад-ис-Сахаба

9) Авхам-ул-Мухаддирин

10) Ат-Табакат

11) Афрад-уш-Шамийин

12) Ат-Тамйиз

13) Ал-Илал


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш